Drop us a line
We are always open for new collaborations
Дүйнө жүзү боюнча шаарлар COVID-19ду кантип жөнгө салып жатышат жана алардын мындай кырдаалга канчалык түрдө даяр экендигин баалоонун бизге эмне кереги бар?
Сүрөт: Ала-Тоо аянты, карантин учурунда. Kloop сайтына тиешелүү.
  • Пандемиянын өрчүшүнө алып келе турган, тобокелдиктери бар, эл аралык ишкердик жана мобилдүүлүк күч болгон шаар жергесинде, дүйнө калкынын жарымынан көбү жашайт;
  • Теңчилик бар, аз калктуу, жана ресурстары көбүрөөк шаарларга караганда, жакыр шаар тургундары жана адилетсиздик терең орногон шаарлар мындай кризистик абалдардын алдында алсыз болуп саналат;
  • Шаардык жана мамлекеттик башкаруу органдары пандэмияга карата даярдыктарды көрүүдө көптөгөн пайда табышат. Бирок азыркы учурда дүйнө жүзүндөгү пандэмияга карата даярдыгы бар шаарлардын саны жана картасы жок.
Жугуштуу оорулардын келип чыгышында шаарлар, албетте көйгөйдүн чоң бөлүгү. Алар оорулардын тарашына жана кишиден кишиге жугушуна, кишилер арасындагы байланыш аркылуу чоң түрткү болушат. Бүгүнкү күндө, 4 миллиардка жакын, б.а. Жер шарынын калкынын жарымынан көбү шаар жергесинде жашашат. Кээ бир серепчилерге караганда, 600дөй шаар глобалдык ички дүң өндүрүштүн 3/2 бөлүгүн түзөт. Так ошол, эл аралык соода-сатык жана кыймылдын борбору, калың катмарлуу калкы бар, жана бири бири менен гипер-байланышта болгон шаарлар пандэмиянын өрчүшүнө өбөлгө түзөт.

COVID-19 сыяктуу оорулардын таркашына "глобалдык шаарлар" гана эмес, башка орто жана кичи шаарчалар дагы себепкер болушат. Окумуштуулар, жугуштуу оорулар көп учурда шаар четинде келип чыгаарын аныкташкан. Вирустук инфекциялардын очоктору көпчүлү учурда шаар четинде пайда болуп жана шаар четиндеги коомдоштуктар жана транспорттук коридорлор аркылуу шаарлардын борбордук бөлүктөрүнө тарайт. Жуктуруунун очогу болуп бир гана шаарларга эмес, ал шаарлардын жергиликтүү жана эл аралык соода чынжырлары, саякат түйүндөрү, аэробекеттер жана конкреттүү аймактар дагы саналат
Дүйнө жүзү боюнча шаар жергесинде жашаган калктын көрсөткүчү.
Сүрөт: Our World in Data
Шаарлар маселени чечүүнүн бир бөлүгү
Шаарлар пандэмия кырдаалына даярдык көрүүдө, абалды жеңилдетүүдө жана түзүлгөн жагдайга ыңгайлашууда негизги ролду ойношот. Чынгыдыгында, шаарлар жугуштуу ооруларды алдын алууда колдонулуучу нормалар жана эрежелер 1851-жылы өткөн глобалдык санитария конференциясында талкууланган. Бүгүнкү күндө, дүйнө жүзү боюнча, шаарлардын мындай кырдаалдарга даярдыгы бири биринен айырмаланат. Шаарлардын өнүгүү деңгээли жана калкынын социо-экономикалык аныктагычы (детерминанты) чоң ролду ойнойт.

Ачык-айкын, кызматташууга ачык жана комплекстүү түрдө кырдаалга реакция кылуу үчүн чаралары бар шаарлар пандэмияга каршы туруштук берүүгө алы жетет. Азырынча толугу менен ийгиликтүү деп айтууга болбосо дагы, COVID-19га каршы эрте даярдык көргөн Тайвань жана Сингапурдун мисалы өзгөчөлөнүп турат. Сингапур жана Тайпей мурда башынан өткөргөн пандэмия сабактарын эске алып, талдоо жүргүзүү жөндөмү, саламаттыкты сактоо системасы жана эң маанилүүсү, жеринде тез арада чечим кабыл алууга багытталган туура башкаруу бар эле. Пандэмиянын өсүү сызыгын ооруну эрте аныктоо аркылуу түздөөгө жетишип, саматтыкты сактоо системасына бат эле жүктөлгөн жүктү кармап турууга алы жетти.

Ишеничтүү башкарууга жана саламаттыкты сактоо тармагында өнүккөн система/инфраструктурага ээ шаарлар, пандэмияга каршы турууда абалы жакшыраак экени, өлүмгө алып келген жана ашыкча өлүм учурларынын саны аз болуусу таң калыштуу көрүнүш эмес. Проактивдүү көзөмөл жүргүзүү, көнүмүш коммуникация, тез арада обочолоо жана жеке кишини жана коомду коргоо (мисалы социалдык дистанцияны коргоо) сыяктуу комплекстүү чараларды кабыл алуу чечүүчү мааниге ээ. Ошондой эле, ооруканалардын, ооруканалардагы орундардын жана вена ичине куючу эритмелердин жана респираторлордун саны, сапаты, жетиштүүлүгү дагы пандэмия менен шаар канчалык деңгээлде таасирдүү күрөшүп жатканын аныктайт.

Пандэмияга каршы турууда, саламаттыкты сактоо системасынын иштеши, медициналык кызматты көрсөтүүчү жактар жана инфраструктуранын болушу жетишсиз, ошондой эле тийиштүү билимге ээ болгон медкызмат көрсөтүү, квалификациялуу врачтар, мед.кызматкерлер жана башка өкмөттүк түзүмдөрдүн ортосундагы тыгыз кызматташтык керек.
Даярдыкты баалоо- бул саламаттыкка болгон коркунучту табуу, токтотуу жана алдын алуу боюнча өлкөнүн жөндөмүнүн көрсөткүчү. Жашыл түс өлкө мыкты даярдыкта, сары түс дагы жасала турган иш керек, кызыл даяр эмес дегенди билдирет.
Сүрөт: Пандэмияларды алдын алуу
Шаардын даярдыгын баалоо
Улуттук, мамлекеттик жана шаардык өкмөт пандэмияга карата даярдыктарды көрүүдөн жана пландарды иштеп чыгуудан көптөгөн пайда табышат. Даярдык боюнча көрсөткүчтөрдү иштеп чыгууда Nuclear Threat Initative, , the Johns Hopkins Center for Health Security, жана the Economist Intelligence Unit сыяктуу уюмдар иштеп чыккан глобалдык саламаттык индексин мисал кылып алса болот. Коомчулукка жана дүйнөгө оорунун жайылышын төмөндөтүү жана шаар борборлорун коопсуздаштырууга, пандэмияны башкаруу үчүн шаардын мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган, жаңыланып туруучу аспаптар панели (dashboard) жардам бере алат. Шаар пландоодогу боштуктарды жана калктын саламаттыгынын социо-экономикалык аныктагычтарын аныктоо дагы аярлуу аймактарга ресурстарды эффективдүү бөлүштүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Шаардын даярдык деңгээли анын пандэмияны алдын алуу, очокторду табуу, андан коргоо жана оорулуулардын саламаттыгын чыңдоого байланыштуу болот. Бул ыкчам аракет кылуу жеринде ишмердүүлүк планына, кадрларга жана бюджетке ээ болуу дегенди билдирет. Ошондой эле, жугуштуу оорулар үчүн лаботарторяларга болгон жеткиликтүүлүк, реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүү жана жугуштуу кластерлер пайда болгон сайын маалымат берип турууну талап кылат. Ооруканалардын, медициналык жайлардын жана керектүү жабдыктардын бар болушу сыяктуу эле, байланыш куруу жана мерчемделген ыкчам аракеттерди ишке ашыруу дагы маанилүү болуп эсептелет.

Мындай максат менен, Джорджтаун университетинин саламаттыкты сактоо жана коопсуздук илими боюнча глобалдык борбору баалоо аспаптарын иштеп чыгышкан. Ал the Rapid Urban Health Security Assessment (RUHSA) – шаардык саламаттыкты сактоо коопсуздугун экспресс баалоо деп аталат. Бул аспап, жергиликтүү коомдук саламаттыкты сактоонун даярдыгы жана ыкчам аракеттенүү жөндөмүн баалоо үчүн ресурс болуп саналат. Бул ресурс бир канча колдонмо жана баалоо аспаптарынан жана ошондой эле, атайын шаардык чечим кабыл алуучуларга шаардык саламаттыкты сактоонун коопсуздугун алдыга жылдыруудагы колдонулуучу стратегияларды түзүүгө, күчтөндүрүүгө жана артыкчылык берүүгө колдоо көрсөтүү үчүн иштелип чыккан. Мындай платформалар тез арада көбөйүшү керек.