Drop us a line
We are always open for new collaborations
Салам,

Учурда сайтыбыздагы кыргыз тилиндеги төмөнкү материалдар менен таанышып, кызыктуу жана пайдалуу шилтемелерди карап чыгууңузду сунуштайбыз. Мындан ары дагы кыргыз тилинде шаар таануу боюнча жана биздин ишмердүүлүгүбүз тууралуу маалыматтарды байма бай жарыялап турганга жигердүү аракетибизди жумшайбыз.
Биз - биргеликте жашаган, шаарларыбызды куттуу жайга айлантуунун үстүндө иштеген, кайдыгер эмес жарандарбыз.

Биз шаарманбыз.
Шаарман сөзүн 2016-жылы биздин команда ойлоп тапкан.
Шаарман – «шаардык» жана «каарман»
деген эки кыргыз сөзүнөн турган туунду сөз.
Шаарман – өз шаарын жакшы билген, сүйгөн жана анын өнүгүп, өркүндөшүнө салым кошкон адам.
Жашылдандыруу, көрктөндүрүү, шаардагы коомдук талкууларга активдүү катышуу, шаар тургундары туш болгон көйгөйлөрдү чечүү максатында бизнес идеяларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жана жалпысынан эле жардам кылуу максаты бар. Шаарманды өз шаарынын тагдыры катуу ойлондурат. Ошондуктан ал убактысын, энергиясын, күч-кубатын жана башка ресурстарын шаарын өзгөртүүгө жана башка тургундарга эргүү/кубат берүүгө жумшайт.
Биздин миссия – Бирге куттуу шаарларды куруу.
Максатыбыз - Кыргыз шаарларынын өнүгүшүнө жарандардын катышуу демилгелерин алдыга жылдыруу;
Жаш адистердин шаар таануу (урбанистика) тармагында
билим алуусуна шарт түзүү.
"Шаар демилгелери" коомдук фонду 2014-жылы кайдыгер эмес жарандар тарабынан бей-өкмөт уюм катары уюшулган.

Эгер сиз шаар таануу/урбанистика жөнүндө кененирээк маалымат алгыңыз келсе, биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбызга жазылып, ар жума сайын кыргыз тилинде чыгарган урбан сөздүктү карап турсаңыз болот.
URBANсөздүк
джентрификация
gentrification
Жентрификация
Жентрификация - Gentrification — [ˌjen-trə-fə-ˈkā-shən] — англис тилинен келген термин. Strelka институтунун котормосуна караганда "жакшыртуу" деп которсо болот. Бул термин 1960-жылдардан баштап колдонула баштаган жана негизинен кедей же ишчилердин кварталдарына карата колдонулган.

Жентрификация: мурда инвестиция кылынбаган райондо экономикалык жактан өзгөрүүлөрду өзүнө камтыган процесс болуп саналат. Мындай өзгөрүүлөр кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу жана ошол районго кирешеси жогорураак кишилерди көчүрүп келүү, жана ошондой эле демографиялык, бир гана киреше жактан эмес, билим деңгээли жана этностук курамы жагынан дагы өзгөрүүлөр дегенди билдирет.

Бул саясатта жана шаар курууда кеңири жайылган жана талаштуу тема. Районду жакшыртуу көпчүлүк учурда райондун экономикалык наркын көтөрөт, бирок жыйынтыгында демографиялык өзгөрүүлөр талаш жаратат. Районду жакшыртуу көп учурда ал жердин этностук курамын, ошол райондо жашаган үй-бүлөлөрдүн кирешесин өзгөртөт. Себеби, жакшыртылган архитектуралык стиль жана бай ресурстар турак-жайлардын жана бизнестин баасы көтөрөт.

Жентрификация процесси, адатта, башка райондордон, шаарчалардан же коңшу шаарлардан жогорку кирешеге ээ кишилердин жакшыртылган районго агылуусунун жыйынтыгы болуп саналат. Кийинки кадамдар болуп, ошол райондогу коомдоштукка жана ага байланыштуу инфраструктурага девелопердик компаниялар, жергиликтүү башкаруу органдары же коомдук жигердүү жарандар тарабынан инвестицияларды көбөйтүү болуп эсептелет. Натыйжада экономикалык өнүгүү, ишкердүүлүктүн жагымдуулугун жогорулатуу жана кылмыштуулукту азайтуу дагы ишке ашырылат. Мындай потенциалдуу пайдага кошумча жентрификация миграцияга жана калктын орун которуусуна алып келиши мүмкүн. Бирок, кээ бир ой-пикирлерге караганда, жентрификация тууралуу такууларда негизги тема болуп келген калктын жер которуусунан болгон коркуу, шаарларды реконструкциялоо стратегияларынын пайданы бөлүштүрүүгө болгон чыныгы прогрессивдүү ыкмаларды талкуулаганга тоскоолдук жаратат.

Жентрификациянын жайылышынын аркасындагы себептерди жана тамырларды түшүндүрүүнүн бир канча аракетине байланыштуу бир канча пикир бар. Пален жана Лондон (1984) 5 түшүндүрмө чогултушкан:

Демографиялык-экологиялык: мындай ыкмада жентрификацияны демография (калктын саны, коомдук уюшкандыгы, айлана-чөйрө жана технология) аркылуу түшүндүргөнгө аракет кылынат. Бул теория көпчүлүк учурда 1970-жылдардагы 25-35 жаштагы калктын катмарынын өсүшүнө шилтеме кылат. Себеби, жашай турган жай издеген кишилердин саны көбөйгөндө, турак-жайга дагы талап көбөйөт. Мындай талапка болгон жооп тез арада ишке ашкан жок, ошондо шаарлар мындай талаптарды канааттандыруу үчүн өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. "Baby boomers" деп аталган муундун өкүлдөрүнүн турак-жайга болгон мамилесин алардан мурдагы муунга караганда кыйла айырмаланган. Алар кечирээк үйлөнүшүп, азыраак балалуу болушкан. Балдары дагы кечирээк төрөлгөн. Аялдар, үй-бүлө кургандары дагы, жалгыз бойлору дагы, тез ылдамдык менен иш күчүнө аралашкандыктан, уй-бүлөлөрдүн дагы кирешеси толукталып баштаган. Мындай үй-бүлөлөр адатта жаш жана камсыздалган, баласыз жаштардан турчу. Ал үй-бүлөлөр балалуу болууну каалабагандыктан, алар үчүн жашаган районундагы балдар бакчасы, мектеп же балдар аянтчасы сыяктуу мекеме жана жайлардын бар же жок экени кызыктырчу эмес. Алар шаардын ички бөлүктөрүндө, жумуштарына жакын жерлерде жашоону тандашкан. Анүстүнө көпчүлүгү ак жакалар болгондуктан дагы, ак жакалар иштеген райондордогу турак-жайларды дагы тез арада эле алып кетишчү. Ошондуктан административдик ишмердүүлүк менен андай райондорду толтуруунун позитидвүү байланышы бар.

Коомдук-маданий: жентрификациянын коомдук-маданий түшүндүрмөсү. Бул теорияга ылайык адамзаттын жүрүш-турушун демографияга эмес, сезимдерге, мамилеге, пикирлерге, ишенимдерге жана тандоолорго, же "анализдин структуралык бирдигине" (калктын мүнөзүнө) таянып түшүндүрүү керек. Мындай анализ 1970-жылдардагы орто жана жогорку-орто таптын (класстын) баалуулуктары, жашоо мүнөзү жана мамилесин өзгөртүүгө багытталган. Алар шаар жашоосуна жакын болуп, мурдагыга салыштырмалуу, айыл жергесинде же шаар четинде жашоону каалашкан эмес. Мындай шаар жашоосун жактырган баалуулуктар даана көрүнүп баштаган жана көп киши шаардын борбордук бөлүгүнө карай агыла баштаган. Авторлор (London жана Palen) шаарларды басып кире баштаган алгачки кишилерди "урбан пионерлер" деп аташат. Ошол урбан пионерлер, шаардын ичи жашоого "ылайыктуу" жана "ийкемдүү" экенин көрсөтө алышты. Мындай абал бүгүн "ички шаардык шаан-шөкөт" деп аталга нерсеге алып келди. Бул аргументтин карама-каршы жагы, мурда белигленгендей өзгөрүп жаткан баалуулуктар эмес, басымдуулук кылган же кайталанган америкалык баалуулуктар, кишилердин кайсы жерде жашай турганын аныктайт. Бул кишилер жакшыртылган райондо, районду өзгөртүү үчүн эмес, ал районду кайрадан куруу үчүн жашашат, себеби, мындай ыкма "эски баалуулуктарды ишке ашыруунун жаңы жолу" болуп эсептелет.

Cаясый-экономикалык: бул түшүндүрмө салттык жана Марксисттик деп экиге бөлүнөт. Салттык ыкма шаардын ички бөлүктөрүнө жашоону каалагандардын санынын өсүшүнө экономикалык жана саясый факторлор таасир этти деп эсептейт. 1950-1960-жылдардагы саясый жана укук жаатындагы өзгөрүүлөр (жарандык укуктар тууралуу жаңы мыйзамдар, турак-жай жана жумуштуулук боюнча дискриминацияга каршы мыйзамдар, десегрегация) райондордун жакшыртылышына күтүлбөгөн ролду ойноп кетти. Адатка айланган жалган ишенимдерди коомчулукта моюнга алуу азайып, кара терилүү кишилердин шаар четине көчүүсүнө, ал эми ак терилүүлөр болсо шаардын борборуна көчүп келүү пикирин колдошкон. Шаар четиндеги аймактарга ээ болуу мүмкүндүгүнүн азайышы жана шаар сыртындагы турак-жайлардын наркындагы инфляция дагы шаардын борбордук бөлүктөрүн басып кирүүгө түрткү болду. Ал эми Марксисттик ыкма болсо райондорду жакшыртууга саясый жана экономикалык таасирлердин көрүнбөгөнүн, бирок ниетте бар болгонуна байланыштуу пикирди колдобойт. Бул теория, кызыкчылыктардын таасирдүү топтору, саясаттагы өзгөрүүлөр чоң пайда алып келишине ишенгенге чейин, ички шаарга көңүл бурбоо саясатын алып барышаарын айтып келишет. Ички шаар киреше табуунун булагы болоор замат, алсыз жашоочулар күчтүүрөөктөр тарабынан сүрүлүп чыгарылат.

Коомдоштук уюму ыкмасы коомдоштукту интерактивдүү коомдук топ катары карайт. Эки негизги перспективасы бар: жоготулган коомдоштук жана сакталган коомдоштук. Жоготулган коомдоштук перспективасы райондун ролу транспорт жана байланыш технологиялык өнүгүүсүнөн улам чектелип бара жатканын айтат. Бул кичине масштабтагы коомдоштуктун оордун чоң масштабдагы саясый жана коомдук уюмдар ээлеп калат дегенди билдирет. Буга карама-каршы, сакталган коомдоштук, райондор жакшыртылгандан райондун ичи жандуу болуп, коомчулуктун жигердүүлүгү артып баратканын айтат.

Коомдук кыймылдар: бул ыкма идеологияга негизделген жана адатта лидер жана анын аркасынан ээрчигендер арасындагы мамилелердин анализине багытталган. Жентрификацияны колдогондор, ички шаарды жандандырууда лидерлерден (ийгиликке жеткен урбан пионерлер, саясый-экономикалык элиталар, аймак девелоперлери, кредиттик уюмдар, керек болсо борбордук өкмөт) кубаттоо табышат. Ал эми аларга каршы чыккандар болсо, талкаланган райондордун тургундары. Алар элитанын кыймыланын коргонуу максатында бийликке келүү үчүн контркыймылдарды түзүшөт.

Оң жактары

  • Кылмыштуулуктун азайышы
  • Жергиликтүү инфраструктурага жана кызматтарга болгон жүктүн азайышы
  • Жергиликтүү ишканалардан соода кылуу мүмкүнчүлүгүнүн жогорулашы
  • Бош орундардын деңгээлинин түшүшү
  • Кыскарып бараткан аймактардын стабилдүүлүгү
  • Коомдук курамдын жакшырышы
  • Жергиликтүү салык төлөмдөрүнүн көбөйүшү
  • Мүлктүн баасынын жогорулашы
  • Андан ары өнүгүүнүн жашоо жөндөмдүүлүгүн көтөрүү жана демилге берүү
  • Турак-жай шарттарын жакшыртуу/көбөйтүү боюнча кыймылсыз мүлктүн ээлерин кубаттандыруу
  • Жеке менчикти өкмөттүн жана башкалардын колдоосу аркылуу жандандыруун

Терс жактары

  • Жергиликтүү кызматтарга болгон чыгыша жана жыйымдын көтөрүлүшү
  • Коомдук нааразычыктар жана конфликттер
  • Үйсүзлүк
  • Жеткиликтүү турак-жайды жоголушу
  • Ижара акысынын жогорулашы менен ижара төлөй албагандардын сүрүлүп чыгарылышы
  • Саясатка катышуу деңгээлинин төмөндөшү
  • Коммерциялык/өнөр-жайдык орун которуу
  • Мүлктүн баасынын туруксуздугу
  • Калктын орун которуусу жана турак-жайга болгон суроо-талабы аймактын тегерегиндеги жакыр райондоруна басым көрсөтөт
  • Жер которуунун экинчи жолку психологиялык коромжулары
  • Коомдук көп түрдүүлүктүн жоголушу ()
  • Loss of social diversity (коомдук чачырандыдан тартып бай геттого)
  • Жентрификация болгон аймактын отурукташпагандыгы жана калкынын кетиши
городской остров тепла
urban heat island
Шаардын ысык аралдары
Шаар аймагы өнүгүп-өскөн сайын, ландшафтты дагы өзгөрөт. Талаа-түздү, бак-дарак жана өсүмдүктүн ордуна имараттар, жол жана башка инфраструктуралар ээлеп баштайт. Мурда нымдуу жана өткөргүч (аба, ным, шамал ж.б.)келген аймактар, бара бара катуу, кургак болуп калат жана өткөргүчтүгү жоголот. Мына ушундай өзгөрүүлөр шаардын ысык аралдары аттуу феноменге алып келет. Мындай метеорологиялык көрүнүш, шаардын чет жакаларындагы аймактарга салыштырмалуу абанын температурасынын кыйла жогору болушун билдирет.

Шаардын ысык аралдарынын катмардык жана атмосфералык типтери болот.

Жайдын ысык күнүндө, күн тротуарлар, аянттар, жолдор жана чатырлар сыяктуу шаардын ачык жана кургак катмарларын абадан дагы ысык боло тургандай, 27ден 50 градуска чейин ысытып жибериши мүмкүн. Ошол эле учурда көлөкөлүү жана нымдуу катмарлар – көбүнчө мындай аймактар айыл аймактарында же шаар четиндеги аймактарда болот- абанын температурасына жакын жылуулукта болушат. Катмардык шаардын ысык аралчалары, адатта, күнү-түнү тура берет. Бирок күндүзгүсүн күчтүүрөөк болот. Катмардык шаардын ысык аралчаларынын көлөмү жыл мезгилине карап өзгөрөт, күндүн тийишинин интенсивдүүлүгү жана ошондой эле жер кыртышынын катмары жана аба ырайына жараша болот. Ушундай факторлордун негизинде ысык аралчалардын бул түрү жай айларында абдан таасирдүү болот.

Атмосфералык шаардын ысык аралчаларын, шаардын райондорундагы ысык абанын шаардын чет жакаларындагы муздак абага болгон салыштырмалуулугу аныктайт. Көпчүлүк учурда түшкө жакын жана күн бою анча билинбегени менен күн батаарда абдан жакшы билинет, себеби ошол учурда шаардын инфраструктурасынын күндөн сиңип калган ысык чыга баштайт. Бирок мындай ысыктын туу чокусу шаар жана шаар четиндеги аймактардын жер катмарына, мезгилге жана басымдуулук кылган аба ырайына байланыштуу болот.

Шаардын ысык аралдары шаар инфраструктурасынын радиациялык жана жылуулук өзгөчөлүктөрүнүн өзгөрүүсү жана өнүгүүсүнүн айынан келип чыгат. Ошондой эле имараттардын жергиликтүү микроклиматка тийгизген таасиринен дагы болот– мисалы узун имараттар шаардын түн ичинде муздоосун жайлатышы мүмкүн. Ысык аралдар шаардын географиялык жайгашуусуна, жергиликтүү аба ырайына дагы көз каранды болуп, анын интенсивдүүлүгү кунугө жана мезгилине жараша өзгөрүп турат.

Шаардын ысык аралдарынын айынан шаар аймагында келип чыккан ысык/жылуулук жергиликтүү климаттын өзгөрүүсүнүн мисалы болуп саналат. Мындай жергиликтиүү климаттык өзгөрүүлөр глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдөн айырмаланып, кичине масштабда болот жана себебин таап, ал себепти жок кылганда, жергиликтүү климаттык өзгөрүүнү таасирлери азаят. Климаттык өзгөрүүнүн бир канча себеби бар:

  • Табигый факторлор- күндүн тийишинин интенсивдүүлүгү же Жер шарынын күндү айлануусундагы өзгөрүүлөр

  • Климаттык системадагы табигый процесстер, мисалы океандардин айланышындагы өзгөрүүлөр

  • Атмосферанын түзүлүшүнүн (табигый отундарды пайдалануу) жана жер кыртышынын өзгөрүүсүнө (токойду кыюу, шаардашуу) алып келген адамзаттын жашоо тартиби
Шаардын ысык аралдары кантип пайда болот?

Айыл жергесинин ландшафттын өсүмдүктөр жана талаа-түздөр түзөт. Бак-дарактар жана өсүмдүктөр көлөкө менен камсыз кылат жана мындай кубулуш жердин кыртышынын температурасын төмөнкү деңгээлде кармап турууга жардам берет. Ошондой эле бак-дарак, өсүмдүктөр, абага суу бөлүп чыгарып, абадагы ысыкты жоюуга алып келе турган эвапотранспирация деген процесс аркылуу абадагы температураны азайтып турууга көмөктөшөт. Ал эми шаар аймактарында чатырлар, тротуарлар, жолдор, автоунаа токтотуучу жайлар басымдуулук кылган, кургак жана аба, нымдуулук, шамал сыяктууларды өткөрбөй турган абал бар. Шаар өскөн сайын бак-дарактар жана өсүмдүктөр азайып, ордуна имараттар курулат. Жер кыртышындагы өзгөрүүлөр шаар аймактарында салкындыкты кармап турган көлөкө жана нымдуулуктун азайышына алып келет. Имараттарга толгон аймактар жер кыртышынын жана абанын температурасынын жогорулашына алып келет.

Шаардын материалдарынын өзгөчөлүктөрү, негизинен кундун чагылышы, жылуулукту бөлүп чыгаруу жөндөмү жана жылуулуктун сыйымдуулугу, шаардын ысык аралдарынын келип чыгышына чоң таасирин тийгизет. Себеби, мындай факторлор күн энергиясынын кандайча чагылдырылып, сыйдылрылып жана сиңирилип жатканын аныктайт.

Шаардын ысык аралдарынын, өзгөчө түн ичинде келип чыгышына себеп болгон дагы бир кошумча фактор катары, шаар ичиндеги имараттардын көлөмү жана алардын арасындагы аралыкка байланыштуу болгон шаардык геометрия эсептелет. Шаардык геометрия шамалдын агымына, энергиянын сиңирилишине жана мындай катмардын узун толкундуу нурданууну кайрадан космоско чагылдыруу жөндөмдүүлүгүнө чоң таасирин тийгизет. Өнүккөн аймактарда үстүнкү катмарлар жана түзүмдөр көпчүлүк учурда, комшу имарат сыяктуу объектилер менен тосулган. Ошондуктан мындай аймактар чоң жылуулук массаларына айланып, ошол жерде топтолгон жылуулукту/ысыктыкты имараттар менен тосулгандыгына байланыштуу сыртка чыгара алышпайт. Өзгөчө түн ичинде шаардын борбордук аймактарында аба чет жакалардагы аймактарга караганды ысыгыраак болот. Түнкү атмосфералык ысык аралдар ысык толкундардын учурунда шаар тургундарынын саламаттыгына тескери таасирин тийгизиши ыктымал.

Атропогендик жылуулук дагы себеп болуп саналат. Мындай себеп, адамзаттын иш-аракеттеринин негизинде келип чыккан жылуулук болуп саналат. Бул жылуулуктун булагы ар кандай болушу мумкун жана от жагуу, муздаткычтарды колдонуу, шаймандарды колдонуу, транспорт жана өндүрүш процесстерине тиешелүү иш-аракеттерден келип чыгат.

Булак:
"Urban Heat Island Basics." In: Reducing Urban Heat Islands: Compendium of Strategies
https://www.epa.gov/heat-islands/
heat-island-compendium


компактный город
compact city
Жыйнактуу шаар же кыска аралыктуу шаарлар
Жыйнактуу шаар же кыска аралыктуу шаарлар – шаар пландоо жана шаар дизайнына тиешелүү, аралаш жерди пайдалануу тартиби менен салыштырмалуу түрдө жогору курулуш тыгыздыгына маани берген түшүнүк. Бул концепция таасирдүү коомдук транспорт системасына негизделген жана жөө, велосипед менен жүрүүнү, энергияны колдонууну жана ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү азайтууну негиз алат. Калктын тыгыз жайгашуусу шаарда социалдык жактан өз ара аракеттенүүсүн жана аймакты көрүп турууга мүмкүн болушунун себебинен улам коопсуздук сезимдерин камсыздайт. Андан сырткары, мындай концепция шаардын жөн эле өсүшүнө караганда алгылыктуу болуп саналат, себеби автоунааларга болгон көз карандуулук азаят, инфраструктура аз талап кылынат жана киши башына арзан дагы болот.

Жыйнактуу шаарга жетүү деген жөн гана шаардын тыгыздыгын көбөйтүү дегенге жатпайт; бул жакшы/туура пландоо аркылуу жалпы жолунан жыйнактуу шаар формасын түзүү дегенди билдирет.

Жыйнактуу шаардын модели, негизинде, заманбап шаардык жашоого тарта турган пайдаларды жаратат. Каалоолор: кыска аралыктар, коомдун айлана-чөйрөгө келтирген зыянынын азаюусу, жана ошондой эле табигый отундарды жана энергияны түгөтүүнү азайтууу камтыйт. Бирок, ошол эле учурда, дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыйнактуу шаар концепциясы жогорудагы пайдаларды алып келишине кепилдик жок.

Жыйнактуу шаар концепциясына тиешелүү түшүнүктөр:

Шаардын тыгыздыгы – жердин чарчы метрде канча киши жашай турганын билдирет. Шаардын дизайны канчалык деңгээлде жашоого мүмкүнчүлүк түзөөрүн билдирген өзгөрмө болуп саналат. Жыйнактуу шаар үчүн эң оптималдуу шаардын тыгыздыгы болуп тургундардын коомдук ыңгайлуулуктарга жакын болуусу үчүн жетиштүү түрдө жогору, бирок ошол эле учурда жашыл жана жеке мейкиндиктерге ээ болуусу үчүн жетиштүү түрдө төмөн болуусу керек.

Өзүн өзү камсыз кылуу – бул шаар тургундардын баардык керектөөлөрүн коомдоштук ичинде камсыз кыла билүү мүмкүндүгү дегенди билдирет. Мындайга дүкөндөр, жумуш берүүчүлөр, почта, кызмат көрсөтүүчүлөр, энергия иштеп чыгуу, таштанды-калдыктарды тазалоо жана иштетүү, жана кичи көлөмдөгү айыл-чарба өндүрүшү (коомдоштуктун бакчасы, вертикалдуу жашылдандыруу) кирет.

Жөө жүргүндөр үчүн дизайн – бул шаардын түзүлүшү жөө жүргөн тургундар үчүн түзүлгөн дегенди билдирет. Бул жыйнактуу шаардын дизайнынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет, себеби коомдоштук аркылуу жөө жана велосипед менен жүргөндөрдүн агымына өбөлгө түзөт. Жөө жүргүндөрдүн дизайны негизинен тротуар жана чыйыр жолдорго басым жасаса дагы жашыл аймактардын дагы мааниси чоң.

Жашыл аймакка – чөп баскан чакан жер участоктору, клумбалар, бак-дарактар, таш бакчалары, жана суу бар аймактар сыяктуу коомдоштуктун ландшафттык дизайнында табыла турган жаратылыш аймактары кирет. Мындай аймактар коомдоштуктагы кооздук жана ошондой эле айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыккан уулуу заттарды тазалоо үчүн маанилүү.

Жакындык – шаар тургундары жашаган жерге коомдоштуктун ыңгайлуулуктары/тургундарга ыракат тартуулоочу нерселер же жерлер канчалык жакын экенин билдирет. Идеалдуу түрдө мындай нерселер/жерлер жөө басып барууга мүмкүн болгон аралыкта жайгашуусу керек.
пешая доступность
walkability
Жөө жүрүү мүмкүндүгү
Жөө жүрүү мүмкүндүгү деген аймактын кишилердин жөө басып жүрүүсү үчүн канчалык ыңгайлуу экенинин билдирген ченеми же өлчөмү.

Жөө жүрүү мүмкүнчүлүгү туруктуу шаардын дизайны үчүн маанилүү концепт болуп эсептелет.

Жөө жүрүү мүмкүндүгүнө таасир тийгизген көптөгөн факторлорго төмөндөгүлөр сыяктуулар кирет:
  • Көчөлөрдүн өз ара байланышы
  • Аймактарды колдонуунун түзүмдөрү
  • Калктын жайгашуу тыгыздыгы
  • Бак-дарак жана өсүмдүктөрдүн бар болушу
  • Имараттардын жыштыгы жана ар түрдүүлүгү
  • Көчө фасаддарынын боюндагы кириштер жана башка туюмдар
  • Тунуктук - терезе жана эшиктердеги айнектин санын, көчөнү карап турууга мүмкүн кылгандай турак-жайлардын жана имараттардын жакындыгын жана багытын камтыйт
  • Эс алуу, көңүл ачуу, муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн бара турган жайлардын жашаган жерге жакын жайгашкандыгы
  • Жай куруу, мисалы көчөлөрдүн бир гана автоунаалар үчүн эмес, кишилер үчүн дагы иштелип чыгышы
Негизги инфраструктуралык факторлор болсо: коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, жалгыз аяк жолдордун бар болушу жана сапаты, жол кымылы үчүн буфферлер (плантатор тилекелери, веложолдор, унаа токтотуучу жайлар), жана зебралар, кооздук, абанын сапаты, мезгилине жараша көлөкө жана күн, көчө эмеректери, кыймылдын көлөмү жана ылдамдыгы, шамалдын шарттары.

Жөө жүрүү мүмкүндүгү курчап турган, адамзаттын колу менен курулган айлана-чөйрөгө жараша дагы бааланат. Reid Ewing жана Robert Cervero нун адамзаттын колу менен курулган айлана-чөрөнүн 5D'си – density- жыштык, diversity – көп түрдүүлүк, design- дизайн, destination accessibility – баруучу жердин жеткиликтүүлүгү, distance to transit – коомдук транспортко чеийнки аралыкты камтыйт. Мына ушул факторлор дагы жөө жүрүү мүмкүндүгүнө абдан чоң таасирин тийгизет.

Жогорудагы факторлордун баардыгы шаар тургундарынын жөө жүрүү чечимине таасир этет.
городское планирование
urban planning
Шаардык пландоо
Шаардык пландоо - бул транспорт, байланыш жана бөлүштүрүү тармактары сыяктуу шаардык аймактарга кирип, чыккан инфраструктура, суу жана абаны камтыган, адам колу менен куралган чөйрө жана жер тилкелеринин колдонулушунун дизайнын жана жакшыртылуусун камтыган саясый жана техникалык процесс болуп саналат.

Шаардык пландоо калктуу конуштардын физикалык түзүлүшү менен иш алып барат.

Шаардык пландоонун негизги иши - айлана-чөйрөнү колдонуу, коргоо, санитардык шарттарынын жакшыртылуусу жана эффективдүүлүгү, ошондой эле социалдык жана экономикалык ишмердүүлүккө тийгизген таасири сыяктуу тармактарды камтыган коомдун жыргалчылыгын камсыздоо болуп эсептелет.

Шаардык пландоо коомдук илимдерди, архитектураны, коомдук-экономикалык географияны, саясатты, инженерияны жана дизайнды камтыган дисциплиналар аралык тармак.

Шаардык пландоо шаардык дизайнга жакын тармак болгондуктан, кээде шаар пландоочулар көчөлөрдүн, парктардын, имараттардын жана башка шаар аймактарынын дизайнын түзүүгө катыша алышат.

Шаардык пландоону шаардык жана аймактык пландоо, аймактык пландоо, шаардык өнүктүрүү, физикалык пландоо, шаардык башкаруу деген сыяктуу түшүнүктөргө байланыштырышат.

Шаардык пландоо элеттеги, шаар айланасындагы жана шаар аймактарынын ирээттүү жакшыртууга багытталат. Конуштарды жана коомчулуктарды пландоо менен алек болсо дагы, шаардык пландоо сууну колдонууну жана ресурстарды, элеттик жана айыл-чарба жерлерин, парктарды жана жаратылыш чөйрөсүнүн маанилүү аймактарын коргоону жакшыртууга дагы жоопкер.

Шаар пландоочулар изилдөө жана талдоо, стратегиялык ой-жүгүртүү, архитектура, шаардык дизайн, коомдук кеңешме, программалык сунуштар, ишке ашыруу жана башкаруу менен дагы алек болушат.

Шаар пландоочулар стратегиялык, саясый жана туруктуу максаттарга жетүү үчүн архитектура, ландшафттык архитектура, коомдук инженерия жана мамлекеттик башкаруу сыяктуу тармактар менен иш алып барат. Эң башта, шаардык пландоочулар көп учурда ошол тармактарда иштеп келишкен. Бүгүнкү күндө шаардык пландоо өзүнчө, көз карандысыз кесиптик тармак. Бул тармак жерди пайдалануу тартиби, тилкелендирүү, экономикалык өнүгүү, айлана-чөйрө жана транспорттук пландоо сыяктуу бөлүмдөргө ээ.

Булактар:

"What is Urban Planning". School of Urban Planning, McGill University.
Taylor, Nigel (1998). Urban Planning Theory Since 1945. Los Angeles.
Caves, R. W. (2004). Encyclopedia of the City. Routledge.
"What Is Planning?". American Planning Association
городская устойчивость
urban resilience
Шаарлардын туруктуулугу
Дүйнө жалпысынан шаардашып бара жаткандыктан, шаарлар туруктуу өнүгүүнүн негизги маселелери чечилиши керек болгон жерлерге айланууда.

Шаарлардын туруктуулугу – бул шаар, тургундары менен чогу стресс жана курч абал учурунда үзгүлтүксүздүктү камсыз кылуу аркылуу туруктуулукка багытталган позитивдүү ыңгайлашуу жана өзгөрүүсүндө ар бир шаар системасынын өлчөнүүчү жөндөмү.

Туруктуу шаар деген эмне?

Туруктуу шаар деген ар кандай – күтүлгөн жана күтүүсүз, капысынан пайда болгон жана көп убакыттан бери кооптуулук жараткан- коркунучтарга жооп кайтаруу жана даярдануу үчүн баалоо/талдоо жүргүзөт, план иштеп чыгат жана ошого жараша аракеттенет.

Туруктуу шаарларды куруу өмүрлөрдү, ресурстарды жана жаратылышты сактап калат, башкача айткандай биздин келечегибиз ага байланыштуу болот.

Шаарлар комплекстүү, өз ара көз каранды жана интеграцияланган коомдук жана экологиялык системалар катары иштей турганын түшүнүү бул туруктуулукка негизделген мерчемдөө (пландоо), өнүктүрүү жана башкаруунун мүмкүн болгон шок же стресс абалында өмүрлөрдү, мүлктөрдү сактап калууда жана функциялардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздай алаарын түшүнүү үчүн абдан маанилүү. Эгерде туруктуу саламаттыкты сактоо, туруктуу суу менен камсыз кылуу, туруктуу ишканалар же климаттын өзгөрүүсүнө туруштук көрсөтүү сыяктуу секторлор өз-өзүнчө ишке ашырылса, шаардын жалпы туруктуулугун жогорулатпайт. Бир гана системаны бирдиктүү, чектердин ичи жана сырты менен байланыштырып караганда, шаарлар экономикалык, коомдук, саясый же жаратылыш көйгөйлөрүнө туруштук берип, калкты жеринен которуу, теңсиздик, нормасынан ашыкча жүк арткан шаар кызматтары, же шаарды татыктуу башкаруу жөндөмүнүн төмөндөшү сыяктуу көйгөйлөрдүн таасирин ийгиликтүү ооздуктай алат.

Булак:
1. Urban Resilience Hub
2. CITY RESILIENCE INDEX UNDERSTANDING AND MEASURING CITY RESILIENCE
3. Trends in Urban Resilience 2017
городская мобильность
urban mobility
Шаардык мобилдүүлүк
Шаардын ар кайсы райондору арасында каттоонун милдеттүү шарты болуп саналат. Бүгүнкү күндө жеке автоунаалар жана коомдук транспорт шаардык мобилдүүлүктүн кеңири колдонулган түрү болуп калды.

Бирок, автоунаалар шаардык мобилдүүлүктүн сапатына чоң маселени жаратышат. Туура шаардык пландоо жана автоунаа жолдорун колдонууда альтернативаларга инвестиция жок болгондугуна байланыштуу шаарлар автоунаалардын көбөйүшүнө алып келет дагы, өз кезегинде мындай абал калктын жашоо сапатын начарлатып, жолдордун тыгынынын көбөйүшүнө алып келет.

Шаардык жашоонун сапаты дегенде бир гана экономикалык өнүгүүнү эмес, ошондой эле ыңгайлуу жана эстетикалык жактан жакшынакай шаардык айлана-чөйрөнү түшүнүү керек.
Шаардык жашоонун сапаты көптөгөн шарттардан түзүлөт, алардын арасында шаардын баардык райондоруна жана шаардык инфраструктура объектилерине транспорттук каттамдардын жеткиликтүүлүгү дагы бар. Транспорттук система бул шаардын келечеги болуп эсептелет, себеби учурдагы калктын мобилдүүлүгү үчүн гана эмес, шаардык курулуштун дагы туура/ керектүү нукка бурууга дагы багытталган. Шаардын архитектуралык кел бетин гана толуктабастан, шаар аймагынын өсүшүн жана колдонулушун көзөмөлдөйт. Адистер белгилеп кеткендей, шаардык жашоонун сапатынын 3/1 бөлүгү шаарык мобилдүүлүктүн абалынан, туруктуулугунан жана тургундар менен айлана-чөйрөнүн коопсуздуганан көз каранды. Мобилдүүлүктүн абалы көптөгөн өлкөлөрдө Конституция тарабынан кепилденген мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги катары саналат. Жашоого ыңгайлуу болгон шаар татынакай, жайлуу жана фунционалдуу болуусу шарт. Шаарда мындай шарттарды орнотууга түздөн түз жашоочулар катышуусу зарыл, себеби шаар тургундары жеткиликтүү коомдук транспорт, коопсуз жөө жүргүнчүлөр өтчү жол кесилиштери, велосипед жолдору, ыңгайлуу унаа токтотуучу жайлар жана жайлуу коомдук мейкиндиктердин болуусуна кызыкдар тараптар.

Ийгиликтүү шаарларды мобилдүүлүк шаар тургундарынын баардыгына жумушка, билим алууга, саламаттыгын чыңдоого жана социалдык кызматтарга болгон мүмкүнчүлүктү адилеттүү камсыз кылууда, шаардын коомдук жашоосунда тургундардын катышуусун кеңейтүүдө жигердүү колдонулат. Өз кезегинде экологиялык жактан таза, жогорку деңгээлдеги транспорттук каттамдары бар коопсуз шаар, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Дүйнөлүк тажрыйбада туруктуу шаардык мобилдүүлүккө жетүүнүн үч ченеми бар:
  • Экологиялык- транспорттун шаарга зыяндуу таасирин, ызы-чуунун жана зыяндуу заттардын тарашын, автоунаалар ээлеп алган коомдук жайларды азайтуу. Ошону менен транспорттук система канчалык деңгээлде "жашыл" болуп калганы аныкталат.
  • Социалдык ченемде- шаардык транспорттук системаны ыңгайлуу жана адилеттүү жол менен колдонгон шаар тургундарынын санынын көбөйүшүн чагылдырган көрсөткүчтөр катышат.
  • Экономикалык ченемде- транспорттук инфраструктура объектилеринин жана шаардын транспорттук карскасында пайдалуу жерлерди ээлеген аймактардын экономикалык кайтарымынын инвестиция тартуу деңгээлинин көтөрүлүшү белгиленет.
городское озеленение
urban landscaping
Шаарды жашылдандыруу
Аймакты жашылдандыруу - бул аймакты жакшыртууну максат коюп, өзүнө аймакты, сейил бактарын, бакчаларды, короо-жай участокторун гүлдөтүү жана кооздоону камтыйт.

Жашылдандыруу, ошондой эле, ар кандай типтеги үйлөр жана коомдук жайлар үчүн актуалдуу болуп саналат. Аймактарды жашылдандыруу иш-чараларын жүргүзүү экологиялык абалды алда канча жакшыртууга алып келет.

Шаарды жашылдандыруу жана коомдук ландшафтты түзүү шаар тургундары менен айлана-чөйрөнүн ортосунда өз ара пайдалуу мамиле (эки тарап тең пайда ала алган) кура турган долбоорлор болуп саналат. Кыскача шаардык мейкиндикти/аймакты жашылдандыруу! Эң эле кеңири тараган шаарларды жашылдандыруунун түрлөрү бул жаңы курулган шаардын аймактарында бак-дарак тигүү, сейил бактарын жана жашыл ландшафттуу аймак куруу болуп саналат.

Шаарларды жашылдандыруу абанын булганышын жана шаар ичиндеги ызы-чууну азайтууга, селге алып келе турган катуу жамгырдын суусун сиңирип алууга, ошол жердеги жандыктарга жашоо шартын түзүүгө, жана ошондой эле шаар тургундарынын маанайын көтөрүп, жол кыймылын басаңдатууга, шаардагы криминалдык жоруктарды азайтууга (шаарды жашылдандыруу жана кылмыштуулук боюнча ушул шилтемеден кеңири маалымат алсаңыз болот: https://depts.washington.edu/hhwb/Thm_Crime.html) чоң шарт түзөт.

Климаттын өзгөрүүсү акыркы убакта абдан чоң маселе болуп калды. Жашылдандырылган дубал (living wall/живая стена) же бак-дарак отургузулган жолдор айлана-чөйрөгө позитивдүү таасирин тийгизет. Мындай жашылдандыруу тегерегиндеги чөйрөгө кычкылтекти көп бөлүп чыгарат дагы, адамдарга зыян болгон көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип алат.

Жашылдандыруу боз шаар аймактарына бир гана кооздукту тартуулабастан, ызы-чуу толгон шаар чөйрөсүндө тынчтыкты дагы орнотууга салымын кошот. Ошондой эле шаар тургундарынын физикалык жана менталдык саламаттыгына жардам берип, климаттын өзгөрүшүнө алып келген уулуу, зыяндуу газдардын санын азайтат.

Бак-дарактар, бадалдар, чырмооктор, гүлзарлар жана тикелей жашылдандыруу бул шаардык жашылдандыруунун түрлөрү.
партисипаторное планирование
participatory planning
Чогулуп пландаштыруу
Долбоордун башынан жана долбоорду ишке ашыруу убагында, тургундардын байкоолорун, ойлорун жана каалоо-тилектерин эске алуу менен баардык долбоордун катышуучулары баары менен биргелешип жамааттын/ошол аймакта жашаган тургундардын чыныгы муктаждыктарына чечим таба алышат. ⠀
Бир гана кеңеш алуу эмес, ошондой эле, чогулуп пландаштырууда ачык диалог жана аймакты жана иштелип жаткан долбоордун чыныгы колдонуучулары, адистер жана чечим кабыл алуучу жактар ортосунда дайыма өз ара байланыш болот.
⠀⠀
Шаар тургундарынын катышуусу төмөндөгү нерселерди кыла алат:

• Күндөлүк турмушта долбоору иштелип жаткан аймактын кандай колдонулаарына тиешелүү маалматтар менен шаар дизайны боюнча адистердин техникалык маалыматына салым кошот ⠀⠀
• Муктаждыктарга артыкчылык берет жана атайын аймактарды максат кылып жатат⠀
• Чыныгы муктаждыктарды чагылдыра турган анализ жана сунуштарды жакшыртат • Жергиликтүү тургундардын жамаатардын/коомдоштуктардын лидерлери менен биригишет⠀
• Долбоордун алгылыктуулугун көрсөтөт жана жергиликтүү жамаат/коомдоштук кийин ошол долбоорду өздөрү иштетип, багып кете ала тургандай болуусуна өбөлгө түзөт ⠀
• Демократиялык башкарууну жана жигердүү тургундарды колдойт ⠀
• Жергиликтүү жигердүү тургундадын жана жергиликтүү уюмдардын катышуусу аркылуу долбоор узак мөөнөткө созулуп жана колдоого алынаарын камсыздайт.
успокоение трафика
traffic calming
Кыймылды басаңдатуу
Сызыктарды чийүү, түстөр менен боё, жылдырууга оңой болгон буюмдарды орнотуу, мисалы тумбаларды, унаа токтотуучу жайларды азайтуу же кошуу, тротуарларды кеңейтип, улоо сыяктуу убактылуу материалдар менен иштесе болот.

Кыймылды басаңдатуу кичине масштабдагы өркүндөтүү менен бирге, көчөлөрдү жана тегерегиндеги жайларды дароо жакшырта алат, себеби сыноо учурунда узак мөөнөттүү муктажыдктарды дагы камсыздоого мүмкүндүк берет.
Кыймылды басаңдатууга байланыштуу кандай гана иш-аракеттер болбосун, анын коомчулук үчүн эң чоң пайдасы техникалык жакшыртуулар визуалдык жактан бак-дарактар, гүлдөр же башка жагымдуу нерселер менен өркүндөтүлсө дагы да жакшы болот.

Эң жакшы тажрыйбалар:

Кыймылды басаңдатуу боюнча ресурстарды жана план стандарттарын жакшы билген адистерди камтыйт;

Пландоочулар кыймылды басаңдатуунун ар кандай түрлөрүн колдонушу керек;

Кыймылдын ылдамдыгын көзөмөлдөө, көчөнүн эстетикалык көрүнүшүн жана жөө жүргүнчүлөрдүн, лесепетчендердин ыңгайын жакшыртууга багытталган көп багытуу максаттарды иштеп чыгуу;

Коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу
тактический урбанизм
tactical urbanism
Тактикалык урбанизм
Тактикалык урбанизм шаарларда короо же көчөлөрдү жакшыртуу сыяктуу иш-чараларга багытталган, анча көп каражатты талап кылбаган жана убактылуу өзгөрүүлөрдү өзүнө камтыйт.

Биз жашап жаткан шаарыбызды жакшыртуу - жалпысынан короодон же көчөдөн башталат. Чоң масштабтагы аракеттердин өз оорду бар, бирок кичине масштабтагы жакшыртуулар маанилүү инвестиция кылуу үчүн жакшы жол катары каралууда. Мындай ыкма жергиликтүү шаармандарга маанилүү саясый жана каражат жаатында милдеттенме алуудан мурда ар кандай пландарды, долбоорлорду текшерүүгө мүмкүндүк берет. Кээ бир учурда тыюу салынган, кээде уруксаат берилген мындай иш-аракеттер "партизандык урбанизм", "күтүлбөгөн жерден жаралган урбанизм", "шаарды калыбына келтирүү" же "D.I.Y урбанизм" деген аттар менен белгилүү.

Бир бирине окшоп кеткен бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон "тактикалык урбанизм" бул шаарды өзгөртүүгө багыталган ыкма. Анын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар:
  • Атайын ойлонулган, фазалардан турган, шаарды өзгөртүүгө түртү болгон ыкма
  • Жеригиликтүү пландоодо келип чыккан кыйынчылыктарды чечүүгө жергиликтүү идеяларды сунуштайт
  • Кыска мөөнөттүү милдеттенме жана реалдуу үмүттөр
  • Кылган иш-аракеттердин өзүн өзү актоо ыктымалдуулугу жогору болгон төмөн деңгээлдеги тобокелдиктер
  • Шаар тургундарынын ортосундагы социалдык капиталды топтоо жана жеке/коомдук жана бейөкмөт уюмдар сыяктуу институттардын ортосунда уюштуруучулук капиталын куруу
плэйсмейкинг
placemaking
Жай/мейкиндик жасоо/куруу
Кишилерди жамаат менен бирге ар бир коомдоштуктун/топтун жүрөгүндө коомдук мейкиндиктерди/жайларды кайрадан кыялданууга жана иштеп чыгууга/ойлоп табууга шыктандырат.

Кишилер менен алар колдонгон жайлардын байланышын чыңдоо аркылуу, плейсмейкинг/ жай/мейкиндик жасоо/куруу биз өзүбүздүн коомдук чөйрөбүздү түзүүдөгү жалпы баалуулуктарга терең маани берүү үчүн шериктештик процесстерине таянат.

Жакшыраак шаардык жасалга/дизайнды көрсөтүү үчүн гана эмес, плэйсмейкинг/жай /мейкиндик жасоо/куруу коомдук жайларды колдонуунун жаратмандык үлгүсүн түзүүгө көмөктөшөт, жайды/мейкиндикти чагылдырган физикалык, маданий жана социалдык өз таанымдарга/иденттүүлүктөргө көңүлдү бурат жана анда болуп жаткан өзгөрүүлөргө колдоо көрсөтөт.

Placemaking/жай/мейкиндик жасоо/куруу бул:
  • Коом тарабынан жасалган/жүргүзүлгөн
  • Кыялга шайкеш келген
  • Калыптан/формадан мурда функциясы маанилүү болгон
  • Тез ылайыкташуучу
  • Инклюзивдүү ▫️Багыттарды жаратууга фокусташкан
  • Конкреттүү шарттарга байланыштуу
  • Динамикалуу
  • Транс-дисциплинардык
  • Өзгөрүүгө ачык
  • Ийкемдүү
  • Биргелешип жасалган
  • Коомдук
сообщество
community
Коомдоштук/топ
Киши/инсан – социалдык жандык. Ар бирибиз бир нече коомдоштуктардын/топтордун мүчөсүбүз. Коомдоштуктар/топтор жашаган жерге (үй, короо, район), иштеген же окуган жерге (коллектив, бүтүрүүчүлөр бирикмелери), жалпы кесиптик кызыкчылыктарга, жашоо мүнөзүнө же хоббисине (спорттук бирикмелер, кол өнөрчүлөрдүн бирикмеси) жана жалпы баалуулуктарга (ыктыярчылар, жаратылыш коргоочулар) таянып түзүлөт.

Коом таануучулардын (социологдордун) ою боюнча коомдоштуктар/топтор – бул төрт негизги белгиге ээ кишилердин тобу болуп эсептелет. Ал төрт белги төмөндөгүчө:

  • Коомдук мамилелер- бул каражат, маалымат, жардам же дарек сыяктуу ар кандай ресурстар менен бөлүшүү. Бири бириңиздерге бир нерсе тууралуу даттанып, анан колдоо күтүп жатсаңыз, бул дагы ресурс алмашуу болуп эсептелет; мындай абалда бул эмоционалдык ресурс болуп саналат. Же болбосо коллективде боло турган иш-чарага даярдык көрүүдө маалымат алмашуу, же жаңы эле жарыяланган сынак тууралуу бөлүшүү мисал боло алат.
  • Социалдык нормалар – коомдоштуктардын/топтордун ичинде өз ара нормалар жана эрежелер болот. Мисалы, тазалыкчылар жумуш аткарып жатканда уюлдук телефонду колдонбойбуз деп же ыктыярчылар иш-чарага кечикпейбиз деп сүйлөшүп алышты.
  • Жалпы маданият. Топтун/коомдуктун мүчөлөрүнүн өз ара мамилесинин негизинде өздүк маданияты жана баарлашуу ыкмасы пайда болот. Мисалы, IT тармагында иштегендердин өз терминдерди колдонушат; бир короодо (двор) жашагандар жаз келгенде айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүүнү ар айдын алтынчы күнүнүдө чогулуп аткарышат сыяктуу
  • Үзгүлтүксүө карым-катыш. Топтун/коомдоштуктун өздүк маданият жана баарлашуу ыкмасы топтун/коомдоштуктун мүчөлөрү үзгүлтүксүз катышып турганда гана түзүлөт. Бир гана жолу жолугушуу сыяктуу иш-чаралар шаардык топтордун/коомдоштуктардын түзүлүүсүнө себеп боло албайт.
Шаар коомдоштуктары/топтору биздин түшүнүгүбүздө жогорудагы өзгөчөлүктөргө ээ болуп, өз шаарынын маселелеринин тегерегинде курулган шаар тургундарынын коомдоштугу/тобу болуп саналат.
общественное пространство
public space
Коомдук мейкиндик/жай
Коомдук мейкиндик/жай - коомго тиешелүү же коомдун баардык мүчөлөрү бекер колдоно алган жана ачык жерлерди өзүнө камтыйт. Көчөлөр (анын ичинде тротуарлар), коомдук аянттар, көлдүн жээктери жана парктар негизинен коомдук мейкиндиктер/жайлар деп саналат. Ошондой эле коомдук мейкиндиктер/жайлар жабык дагы болушу мүмкүн, мисалы: автобекеттердин имараты же соода борборлорунун залдары (соода борборлорунун аймагында, залында убакыт өткөрүү үчүн акча төлөнбөйт). Кайсы бир деңгээлде мамлекеттик мекемелер дагы коомдук жайлардын катарына кирет, мисалы белгилүү гана кишилердин кирүүсү менен чектелсе дагы коомдук китепканалар ошондой мейкиндиктердин бири болуп эсептелет.

Коомдук мейкиндик/жай түшүнүгү мындай жайлар/мейкиндиктерди кишилер кандай колдонушат жана кандай факторлор ага себеп болот деген маселени изилдеген батыштык коом таануучулары жана архитекторлордун лексиконунан келген.
Социалдык тармакта достошолу
Биздин инстаграм баракчабызга жазылып, сөздүгүңүздү байыртып туруңуз!;)
Эгер сиз биз аткарган иштер тууралуу окугуңуз келсе, төмөнкү шилтемеден биздин отчеттерду окуп чыксаңыз болот:
Кыргызстандын кээ бир шаарлары жөнүндө:
Кээ бир кыргыз шаармандары тууралуу макалалар:
Көптөн бери шаарыңызды өзгөртүүнү ойлоп жүрсөңүз, бирок кантип баштоону билбей атсаңыз, ушул шилтемелер аркылуу сизди эргүү таба алат деп ишенебиз:
Кызматташуу үчүн тилектеш шаар тургундарын табууну Шааркана уюштуруудан баштасаңыз болот.
Биз менен кабарлашыңыз - [email protected]
Кандай жардам керек?
• Иш-чараны жөнгө салып, ортомчу боло турган модераторбу?
• Шаар темасы боюнча семинар/воркшоп өткөзүүбү?
• Адистерден кеңешпи?
• Шаарыңызды изилдөөбү?