Drop us a line
We are always open for new collaborations

БИРИМДИК ШААРДЫ ЖАНДАНДЫРАТ

Майрам Мамбеталиева жана балыкчылык шаармандар
Шаарманбул туундуу сөз жана "шаардык каарман" деген эки сөздөн куралган. Биздин түшүнүгүбүздө шаарман - бул өз шаарын мыкты билген жана жакшы көргөн адам. Ал көчөт отургузабы, же талаш-тартыштарды жөнгө салабы, шаардыктардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн бизнес баштайбы, же муктаждарга жардам кылабы – айтор шаардын өнүгүүсүнө салым кошууга жан үрөп келет. Шаарман өз шаары тууралуу ойлонуп, убактысы, күчү, деми менен бөлүшүүгө даяр адам. шаарман – бул чоң тамга менен жазылган шаардык, ал башкалар үчүн үлгү.
Шаармандар – бул жигердүү, ишмер, шаардын жана анын жашоочуларынын көйгөйлөрүн түшүнгөн, кайдыгер эмес, жашоону жакшы жагына өзгөртүүгө аракет кылган шаардыктардын жаңы катмары. Бул адамдар "уйкусуроо" этабы аяктап, болгон күчүн кичи Мекенине жумшаш керектигин баамдай алышты. Мындай адамдар өзгөчө Балыкчыда көп.
Качандыр бир кездери Балыкчыда жашоо буркан-шаркан түшүп турган эле – ал бир топ эле ири өнөр жайлуу шаар, республикалык маанидеги транспорттук түйүн катары эсептелчү. Бишкекти кошпогондо Балыкчыда транспорттун автомобиль да, темир жол да түрлөрү бар болчу. Советтер Союзу урагандан кийин баары өзгөрдү – жашоочулары жакшы турмушка умтулуп, туш-тарапка чачырап кетишти. Балыкчы эч ким сапар тартпаган жана бул жерде жашагысы келбеген "жансыз" шаарга айланган. Адамдардын көчүп кеткенинен гана эмес, ошону менен бирге ири өнөр жай ишканаларынын жана башка шаардык объекттердин ээнсиреп калганынан улам да ушундай маанай түзүлгөн. Анткен менен узакка созулуп кеткен стагнация мезгили соңуна чыгып, көпкө күткөн калыбына келтирүү мезгили башталды. Мындан улам Балыкчыны ушудай жаңы жагынан ачып, ал тууралуу көптөгөн калыптанып калган жаңылыш пикирлерди четке кагуу өзгөчө жагымдуу болуп турат.
Постсоветтик Балыкчыда төрөлүп-өскөн жаштар ата-энеси жумушсуз калып, чет өлкөгө иш издеп кетип, же жаңы базар шарттарына ыңгайлашуу менен үй-бүлөсүн багууга аракеттенгенине күбө болду. Көптөгөн балдар ата-энесине акча табууга жардамчы болуп, бул үчүн атүгүл мектептеги окуусун да курмандыкка чалышкан. Кылмыштуулук күчөп, район-районго бөлүнгөн кылмыштуу топтор пайда болуп жаткан. Ар бир бейформал райондо жаштардын өз топтору бар болчу. Алар өз ара бөлүшүп алган аймактарды "кармап", маал-маалы менен "кагышып" турушчу. Балыкчыда баары болуп 13 бейформал район болсо, ал жакта жашаган жаштар тирештен башы чыкчу эмес.
Мындай райондор аралык тирешүү жаштар уюмдарга биригип, өз районунда түрдүү иш-чараларды демилгелеп чыкканган чейин уланып келди. Адегенде бир жылы төрөлгөн курдаштар чогулчу. Андан кийин алар башкаларды чакырып, бара-бара райондун бардык тургундары тартыла баштаган. Өзгөчө ийгиликтүү жана жигердүү балдар лидер болушту. Мындай бирикмелер ынтымак деп аталып калды.
Ар бир райондук ынтымак расмий түрдө өзүнүн бейформал топторун коомдук уюм жана фонд катары каттайт. Бул болсо бирикменин бардык иш-чаралары жана ишмердүүлүгү район үчүн конкреттүү жыйынтыктарды алып келиши үчүн жасалууда. Мисалы, жолдордун абалы, жарыктандыруу, балдардын оюн аянттарын же сейил бактарды көрктөндүрүү өңдүү маселелерди чечишет. Ар бир ынтымактын иши бейформал рай ондордун чегинде болот, ар бир уюм болжол менен 100 жана андан ашык адамдан, негизинен эркектерден турат. Иш-чаралардын басымдуу бөлүгү –спорттук мүнөздө. Ай сайын түрдүү муундун өкүлдөрүнөн куралган командалар ортосунда байгелүү футбол жана волейбол турнирлери өтүп турат. Мисалы, февралда 1993-жылы туулган балдардын командалары гана футбол ойнот. Балыкчылыктардын мындай бирикмелеринин дагы бир өзгөчөлүгү – уюмдардын мүчөлөрү бири-бирине оор мезгилде көрсөткөн колдоосу. Ошол эле материалдык колдоо үчүн мүчөлүк төгүмдөр да, ыктыярдуу акчалай салымдар да кошулат.
Учурда Балыкчыда ондон ашуун жаштар уюму бар жана алар барган сайын жигердүү иш алып барууда. 2016-жылдын октябрь айында алардын баары бирдиктүү уюмга – Балыкчы Жаштар Ордосуна биригишкен. Уюм мэрия, активисттер жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду өңдүү башка уюмдар менен да жигердүү кызматташып келүүдө. Алардын башкы максаты – шаар жаштарын бириктирүү жана жалпы күч-аракетти Балы кчынын өнүгүүсүнө багыттоо.
Ар бир уюмдун же демилгелүү топтун аталышы "Ынтымак" сөзүн жана шаардын аталышын камтыйт. Мисалы, "Ак-Жол Балыкчы" ынтымагы, "Алгалай бер, Балыкчым" ынтымагы, "Өркүндөп-өссүн Балыкчым" ынтымагы ж.б. Ар бир катышуучу өзүнүн негизги мыкты сапаты катары патриоттуулукту жөн жеринен атабайт. Анткени дал ушул Мекенине болгон сүйүү жаш балыкчылыктарды өз шаарынын турмушуна жигердүү катышууга түртүп турат.
2016-жылдын жайында өткөн панкратион боюнча таймаш «ынтымакчылардын» ири иш-чарасы болуп калды. Бул таймашка башка аймактардан да өкүлдөр чакырылган. Бирок биригүү пландарында иштин башка чөйрөлөрү да бар. Алар: жаштар менен иштөө, жигердүү ишкерчилик, ыктыярчылык жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрү аркылуу шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө катышуу. Ошентсе да биригүү менен алар эң негизги салымды кошо алганын белгилей кетүү зарыл.
Юдахиндин кыргыз-орус сөздүгүнө ылайык, ынтымак сөзүнүн үч мааниси бар:
1) ынтымак, бир пикирдүүлүк, биримдик;
2) туугандарга жана досторго жардам;
3) туугандардын жана достордун кеңешүүсү.
Балыкчы шаары.
Жаштар ынтымактарынын өкүлдөрү шаар картасын изилдеп жатышат
"Дээрлик ачка отурган мезгил дале эсимде. Ал маалда мен кайда гана иштеген жокмун. Бала чагымда өзүм деле Балыкчыдан балык сатып алып, аны Тамчыга барып сатып келчүмүн" Б., 25 жашта, ынтымак мүчөсү.

"Союз кулаганда адамдар абдан кыйналып, көптөрдүн үйү талкаланып эле калган. Баары кароосуз, ээнсиреп кала берди. Биз Балыкчыда эле жашачубуз, ошол жерде өсүп-чоңойдук. Баары эле жумуш издеп туш тарапка чачырапкетишти. Бирок кайра кайтып келишти..." Ж., 32 жашта, ынтымак мүчөсү.

"Балыкчыда негизи эле бейбаштар көп. Дайыма райондорго бөлүнө беришчү. Акыры жадашты окшойт, көпкө барып бириге башташты..." Р., 29 жашта, ынтымак мүчөсү
Жаштар өз шаарынын тарыхында калуу үчүн өз жолун табуу аракетинде жана бул чоң мак- сатка карай алгачкы кадамдар шилтенди. Жаш шаармандар күч-аракеттерди бириктирүү менен алек болуп жаткан чакта, алардын улуу санаалаштары да шаардын өнүгүүсү үчүн иш алып барышууда. Булардын катарында Майрам Мамбеталиева да бар: «Балыкчы шаарынын тургунумун. Мен ушул жерде төрөлүп, ушул жерде өсүп, бул шаарда ата-энем жашап, ушул жерде билим алып, эмгек жолумду баштагам. Өмүр бою салым кошууга аракет жасап келдим. Ишиме байланыштуу балким экономикалык болбосо да, социалдык салым коштум деп эсептейм».
Ал Балыкчы шаарындагы No22 кварталдык башчысы. Жергиликтүү тургун катары ал шаардын өткөн чагын жана азыркы учурун абдан жакшы билет, ал шаардын жаркын келечеги үчүн жан үрөп иштейт. Эгерде мурда ал негизинен жаштар менен баарлашып келсе, азыр калктын бардык топтору менен иш алып барууда. Мамлекеттик тармактагы жана коомдук уюмдардагы иш тажрыйбасы Майрам эжеге кварталдын күнүмдүк маселелерин чечип, келечекте анын өнүгүүсүн кепилдөөгө жардам берет.
Аскер кызматкери же юрист болууну кыялданган Майрам Мамбеталиева байланышчынын билимин алып, бирок эмгек жолунун башында эле жаштар менен иш жүргүзүп келген. Жаштар кайда бараарын билбей, шаарда көңүл ачуу үчүн эч кандай шарттар түзүлбөй, кылмыштуулук күчөп турган мезгил болгон. Майрам Мамбеталиева шаар бийлигинин атынан дискотекаларды уюштуруп, ал жерде жаңжалдарды болтурбоо чарасын көрүп келген. «Мен жашоомдун дээрлик 30 жылын жаштар менен иш алып барууга арнадым. Адегенде мэрияда, андан кийин коомдук уюмдарда иштедим. Ал учурда шаарда жаштар үчүн иш-чараларды такыр эле өткөрбөй калышкан болчу. Атүгүл мектептерде да эч иш-чаралар өткөрүлбөй калган. Бирок жаштар бош убактысын бир жерде өткөрүп, баарлашып туруш керек да. Ошондо мен мэрияда кечки саат бешке чейин иштеп, үйүмө келип, тамактанып, кийимимди которуп алып, шаар бийлигинин атынан дискотекаларды өткөрүүгө жөнөп кетчүмүн. Милиция менен жаштар ортосунда тирешүүлөр болбошуна көз салым турчумун. Ал убакта кылмыштуулук күчөп турган, "Ягуар", "Жолборс", "Шок" өңдүү кылмыштуу топтор бар болчу. Мен болсо үйгө түнкү саат 12де кайтып келээр элем».

Майрам жаштар менен жакшы мамиле түзө алды. Мэриядагы ишинен кеткенден кийин да жаңы муун менен ишти коомдук уюмдарда улантты.
Майрам учурда кварталчы болуп иштейт. Ал жашаган жери боюнча аныктама каттарды гана жазып бербестен, жергиликтүү кеңеште өз кварталынын тургундарынын кызыкчылыктарын коргоп келет. Ал жашоочулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка түзүмдөр менен тыгыз байланышты түзүп турат. Майрам эже бул кызматка кокусунан келип калган. Өзү айтып бергендей, мындай чечимди кабыл алууга аны мурдагы кварталчынын жашоочуларга богон адилетсиз мамилеси түрткөн. Акыйкат жана теңдик үчүн күрөшкөн Майрам Мамбеталиева мурдагы кварталчы аймактык маалымкат бербей жатканын, аны алыш үчүн башка дагы ондогон документтерди чогултуу зарыл экенин айтып даттанган кошуналарына алгач ишенген эмес.
«Бизде баласы ДЦП менен ооруган аял бар. Ошол мага келип, аныктама катты алыш үчүн кандай инстанцияларды кыдырып чыгыш керектигин өз көзүм менен көрүүмдү өтүндү. Мени болсо кварталчы "эмне гана кылбагыла, баары бир колуңардан эч нерсе келбейт" деп эшиктен ары түртүп чыгарып койду. Ошондо мен өзүмө "укуктарыбызды сактай албасам, анда атым өчсүн!" деп сөз бердим».
Ошол окуядан кийин Майрам жергиликтүү кеңештин депутаттары жана Балыкчынын тургундары менен чогулуш өткөрүп, анда депутаттар менен квартал башчыларынын иши тууралуу маселени кабыргасынан койду. Балыкчынын көпчүлүк тургундары кырдаалды өзгөртүп, көөп кеткен кварталчыны кызматынан алуу мүмкүн экенине ишенишкен эмес:
«Шаар тургундары мага «сиз эч нерсе кыла албайсыз, анткени ал "тигилердин" адамы» деп айтышкан. Мен болсо «А силер анда эмнеге турасыңар? Бул депутаттарды өзүңөр шайлабадыңар беле! Силерди эл деп коет! Колуңарда көп нерсе бар! Эмне эле бурч-бурчта жашынып жатасыңар?! Келгиле, чогулуш өткөрөбүз!» деп айттым. Акыр аягында эл да жарылды. Алар өткөн чакырылыштагы шаардык кеңештин депутаттары менен өтө катуу сүйлөштү. Мен болсо өзүм кварталчы болууга даяр экенимди айтууга туура келди».
Ошентип эки жылдан бери Майрам эже коомдук башталышта иштеп келатат. Ал эгерде адам элге жардам берсе, анда Жараткан да сөзсүз түрдө бул адамга жардам берет деп ишенет. Анын кварталында ар кандай окуялар болгон – сейил бактын аймагына кайдыгер мамиле болгон, социалдык маселелер курч турган, атүгүл өз жанына кол салган окуялар да катталган. Мына ушул көйгөйлөрдүн баарын ал кошуналар, мэрия жана активисттер менен чогуу чечүүгө жардам берип келген.
Соңку жарым жылдан бери Майрам эже тилектештер менен чогуу шаардык сейил бакты калыбына келтирүүнүн үстүнөн жигердүү иш алып барууда. Балыкчынын жашоочуларында эс алуу жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын бир жер болушун каалайт. Долбоор бир нече этаптан өтүп отуруп, эми шаардык кеңештин сессияларында талкууланууда. Хельветас уюму шаар бийлиги жана шаардыктар да бул долбоорго катышат деген шарт менен колдоо көрсөтүүгө даяр. Майрам МАМБЕТАЛИЕВА жана башка кварталчылар, активисттер архитектура жана дизайн жаатындагы жаш адистерди кызматташууга чакырышты: «Негизи биз (кварталчылар) өз районубуздун бардык көйгөйлөрү менен алектенүүгө тийишпиз. Менин милдетиме маалым кат берүүгө гана кирбейт. Милиция, статистика бөлүмү, паспорттук стол, шайлоо комиссиясы менен биргеликте биз көптөгөн маселелерди чечим келатабыз». Ушул иштин баары намыс үчүн гана жасалып жатабы деген суроону берүүгө аргасыз болот экенсиң. Майрам МАМБЕТАЛИЕВА түпкү моти- вациясын ачып берди: «Биздин эл жол таап, аракет жасагандын ордуна канткенде бо- лот, ал эми кайсы учурда болбой деп тол- гонуп отура бергенине ыза болдум. Элибиз өзүн коргоо үчүн эч нерсе жасагысы кел- бейт экен, алар өздөрүнөн башка аларды эч ким коргобой турганын баамдабайт. Эгерде мен муну жасай алсам, анда эмне үчүн чет- ке чыгып, байкоо салып отура беришим ке- рек? Мына ушундай ой-тогоолордон кийин иштей баштадым».
Майрам Мамбеталиева бийликтин бардык органдарында өз аймагында жашаган тургундардын кызыкчылыгын көздөп келет. Бул үчүн жашоочулар нотариалдык жактан ишеним кат жазып беришкен жана юрист болбогон Майрам эже алардын кызыкчылыктарын коргоп жүрөт. Ал элдин кызыкчылыгын көздөп, алардын атынан чыгыш үчүн сөзсүз эле юристтин билими болбош керектигин, өз алдынча да зарыл мыйзамдарды окуп чыгып, актылар жана документтер менен таанышса болоорун айтат.
Майрам эженин иши квартал менен гана чектелбейт. Ал башка адамдар менен кызматташтыкка ачык жана жардам берүүгө даяр. Көпчүлүк кварталчылар Майрам эже менен чогуу иштешкенге аракет кылышат. Анткени андан иш жүргүзгөндү үйрөнүп, анын турмуштук жана кесиптик бай тажрыйбасын өздөштүргөнгө умтулушат.
Балыкчы шаары.
Балыкчы жаштар ынтымактарынын социалдык жардам акциясынан бир элес
Балыкчы шаарында мына ушундай түрдүү шаармандар бар. Алар аз эмес жана көп иштерди бүтүрүп жатышат. Кимдир бирөө муктаждарга акысыз нан таратса, башкалары таймаштарды уюштурат, айрымдары сейил бакты жана шаардын аймактарын көрктөндүрсө, дагы бири коомдук транспорттун жаңы маршруттук каттамдарын ачууга жан үрөп келүүдө. Бирок буларды баары чогулуп, келечектин шаары деп сыймык менен айтып жүргөн Балыкчынын өсүп-өнүгүүсү үчүн иштеп жатышат. Ал эми алардын кыялы сөзсүз орундалат.
Материалдын өзөгү «МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналында
АПРЕЛЬ 2017 | No 4 (65) санында жарык көргөн

Зарина Урманбетова, антрополог