Drop us a line
We are always open for new collaborations

Команда Түзүп, Өз Жолун Табууга Шаар Жардам Берет

Бекболот Мадымаров, Баткендин Шаармандары
Бекболот Мадымаров – баткендик жигердүү ишкер, Баткен маалымат борборунун менеджери, Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) Баткендеги өкүлчүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын ишинин баары шаар тургундарына кызмат көрсөтүүгө багытталган: базардагы радио түйүн, коомдук мончо жана өрүк ширесин чыгаруу. Билими боюнча башкаруучу Бекболот анын ишмердүүлүгү толугу менен социалдык багыттагы мүнөздө болгонун белгилеп, аймакты өнүктүрүү үчүн көпчүлүк чөйрөлөрдө туура менеджмент жетишпей жатат деп эсептейт.
Баткендеги бизнестин өзгөчөлүгү эмнеде?

Баткен – бул чакан шаар. Ал такыр шаар катары эсептелчү эмес, 1999-жылдагы окуялардан кийин эле шаар макамын берип коюшкан. Баткен чоң өрөөндүн чок ортосунда жайгашкан. Административдик башкаруунун көз карашынан алганда бул артыкчылык. Балким дал ошондон улам аны облус борбору катары тандап алышса керек. Бул жерде көпчүлүк адамдар айыл чарбасы, тагыраак айтканда өрүк менен жан багат; баарында өрүк участоктору, чарбалары бар. Көпчүлүк ишкерлер башка шаарларга алып сатышат. Кайра иштетүү менен алектенгендер өтө аз. Бирок балким дал ушул багытта чоң потенциал жатпасын...

Баткенде ЖИА (Жаш ишкерлер ассоциациясы) уюмунун өкүлчүлүгүн ачууга муктаждык бар беле? Шаардын бизнеси ушундай түзүмгө зар беле?

Мен Баткен маалымат борборунун менеджери болуп иштейм жана мага команда жетишпей жаткан эле. "Жалгыздын иши да жылбайт" деп коюшат эмеспи. ЖИА Ассоциациясы мага өтө эффективдүү түзүмдөй көрүндү. Мага алардын жүргүзгөн саясаты, иши жакты. Мага окшогондор аз эмес эле. Ошентип санаалаштарды таап, биргелешип ЖИАнын Баткен ассоциациясын ачтык. Юридикалык жактан алып караганда ал негизги ассоциациядан көз карандысыз, бирок багыттары бирдей жана бир бренддин алдында иш алып барабыз. Биздин ассоциациянын мүчөлөрү – бул түрдүү жаш курактагы билимдүү, ак ниет адамдар. Алардын арасында аялдары да, эркектери да бар. Ассоциацияга мүчө болуу оңой эмес – кимдир бирөө сага сунуштама бериши керек. Облуста 50гө жакын киши Баткендеги ЖИАга мүчө болушту. Баткенден Ассоциацияга дүң сооданын, мейманкана жана курулуш бизнесинин, ошондой эле тамак-аш кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн өкүлдөрү мүчө болушту. ЖИА семинарларды көп өткөрөт, биз башка аймактарды кыдырып, бири-бирибиз менен таанышып, тажрыйба алмашып турабыз. Мындай сапарлардын чыгымын өзүбүз көтөрөбүз. Көпчүлүк уюмдар ушул өңдүү иш-чараларды уюштуруп, бирок ошол эле маалда катышуучуларга күнүмдүк чыгашасын төлөп берип, кофе-брейкетер ж.б. менен камсыздап, дем берип тураарын билем.

Эмне үчүн биз ЖИАны уюштурдук? Биз муну бизнести бириктирүү үчүн жасадык. Себеби бириккен бизнес көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мисалы, айыл чарба тармагын алалы. Биз Таластагы ЖИА менен биргеликте "Агрофрукт" компаниясынан Европадан алып келинген карлик алма дарактардын көчөттөрүн Баткен облусунда жайылтып жатабыз. Учурда адамдар алманын ушул сортун тааный башташы үчүн ассоциациябыздын мүчөлөрү менен бирге көчөттөрдү отургузуп жатабыз. Келечекте мамлекет бизге бак үчүн жер бөлүп берип, каалаган адамдар ошол участокто алма өстүрө башташы үчүн долбоор сунуштаганы жатабыз. Болгону системалуу мамиле жасаш керек жана тажрыйба үйрөнүш үчүн сөзсүз эле Европага барып келүү шарт эмес – мындай тажрыйба Кыргызстанда да бар. Бирок, чынында, азырынча бир гана айыл өкмөтүндө – Үч-Коргондо гана бар. Башкача айтканда, максатка жетүү үчүн биригип, чогуу иштеш керек. ЖИА бизге ушундай мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм.

Айтканыңызга караганда, сиз шаардын өнүгүүсүнө жана Баткендеги бизнестин түрлөрүнүн пайдасына басым жасайт экенсиз. Ал эми өз шаарыңыздын имиджи тууралуу ойлонгон учурлар болду беле?

Албетте, мен бул тууралуу абдан көп ойлоном. Бирок мен кыялкеч эмесмин, мен аракетти, кыймылды тандайм. Азыр менин максатым – жергиликтүү шаардык бюджетке киреше алып келе турган нукта иш алып баруу. Мына ошондо калкты жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү да пайда болот. Мен гана эмес, ЖИАнын бардык мүчөлөрү да ушуга багыт алганбыз; биз ишкерлер көп болушун, көптөгөн чөйрөлөр өздөштүрүлүп, жергиликтүү бюджетке салык түшүп туруусун каалайбыз.
... мен кыялкеч эмесмин, мен аракетти, кыймылды тандайм.
Баткен шаары.
Бекболот Мадымаров жарманкеде өзүнүн ишкердик идеясын сунуштоо учурунда.
Сүрөт Бекболттун жеке коомдук баракчасынан алынды.
Баткен шаарында бизнес үчүн кандай инфраструктуралык тоскоолдуктар бар?

Инфраструктура жагынан алганда, башка жерлердегидей эле бизде да канализация маселеси курч турат. Бул болсо цехтерди, мончолорду жана башка объекттерди курууга бут тосуп жатат. Жеке өзүм тууралуу айта турган болсом, электрге байланыштуу көйгөйлөр бар. Адатта башка шаарларда өндүрүштүк имараттар бар, ал эми бизде өндүрүштүк аймактар, өнөр жайлуу зоналар такыр жок.

Сиздин баамыңызда, Баткен шаары кантип өнүгүүдө?

Мэрия эффективдүү иштегенге аракет жасап жатат. Жыл сайын өзгөрүүлөргө күбөбүз. Миcалга алсак, жолдор оңдолууда. Бирок шаардын өнүгүүсү үчүн бул жетишсиз деп эсептейм. Мындай маселелерге келгенде ишкерлер менен кызматташыш керек. Мисалы, эгерде кайсы бир участокту бизнес үчүн бөлүп берсе, анда кандайдыр бир жеңилдиктер да каралышы керек. Бирок ошол эле маалда жоопкерчилик да каралууга тийиш. Ошондо ишкерлер шаарды абаттоого өз салымын кошо алышмак. Дүйнөдө мындай кызматташтыктын мисалдары көп эле. Ошол эле кошуна Хожент шаарын (Тажикстан) алсак, ал жакта көптөгөн жолдор, тротуарлар, ошондой эле шаарды жарыктандыруу муниципалдык органдар менен бизнес тармагынын кызматташтыгынын натыйжасында жасалган. Бул үчүн мэрия тараптан жакшы уюштуруучу болушу керек. Бизнесмен деле мындай долбоордун демилгечиси боло алат деңизчи. Бирок ал үчүн баары бир кандайдыр бир тоскоолдуктар боло берет.

Сиз өзүңүз кантип өнүгүп жатасыз? Дегеле сиз үчүн жеке өнүгүү деген эмне?

Мен кыйынчылыктарга баш ийбейм. Эгерде зарылчылык болсо, сүйгөн ишим үчүн жаңы кесипти өздөштүрүүгө да даярмын. Ошону менен бирге сөзсүз эле беш жыл билим алыш керек деп эсептебейм. Жаңы көндүмдөрдү ийгиликтүү өздөштүрүп, жаңы билимге ээ болуунун башка да жолдору бар. Мындай учурларда жардамга интернет келет эмеспи. Ушундай жол менен мен бир нече кесиптин ээси болдум: менеджер, инженер-технолог, маркетолог, аналитик. Ишмердүүлүктүн бул түрлөрүнүн баары өз ара байланышта. Маркетолог катары мен көптөгөн өлкөлөрдө жана шаарларда болдум. Бул тажрыйба жергиликтүү базарга жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жаңы көз караш менен кароого жардам берди.

Бул анализ мага жаңы бизнес – өрүктөрдү кайра иштетип, компот өндүрүшүн жолго салуу үчүн түрткү болду. Ушул жылы кайра иштетүү менен алектенгени жатам. "Үч Данек" соода маркасынан компот чыгарабыз. Эки айдан кийин баштайын деген пландарыбыз бар. Учурда Түркиядан жабдуулардын соңку партиясын күтүп жатабыз. Компотту азырынча Кыргызстанда сатабыз. Себеби элибизге химикаттарсыз таза азыкты сунуштагыбыз келип турат. Анын үстүнө тамак өнөр жайын өндүрүү өз өлкөңө багытталат эмеспи, ар бир компания биринчи кезекте ички базарда өз ордун табышы керек деп ойлойм. Экспортко иштеш татаал. Атүгүл бир нече жүк ташуучу машинени жиберүү үчүн чоң көлөмдөгү өндүрүш талап кылынат. Бул үчүн ири суммадагы акча каражаты зарыл. Ошондуктан мен жергиликтүү соода түйүндөрү, дүкөндөр, кафе-ресторандар менен иштей баштайм. Алардан продукция тууралуу пикирлерин жана баасын алгандан кийин гана өндүрүштү кеңейтүү пландарым бар.

Ошондой эле бизде каркас технология боюнча курулган коомдук мончо, базарда жайгашкан радио түйүн да бар. Анын кызмат көрсөтүүлөрүнөн ай сайын 400-500 киши колдонуп келет. Биз калкка абдан пайдалуу болгонубузду сезип турам. Анткени түрдүү себептер менен кайрылышат: малын жоготуп алса, же имаратты ижарага бергиси келсе, өрүк сатса ж.б. учурларда ушул кызмат көрсөтүүнү колдонушат. Биздин кызмат көрсөтүүлөрүбүздүн баасы да төмөн. Мисалы, эртеден кечкиге чейин жарыя болжол менен 35 жолу кайталанат жана болгону 50 сом турат. Мындай бааны эч жерден таппайсыз. Атүгүл эгерде биз бара-бара жарыя үчүн бааны көтөрө турган болсок, миалы, 100 сомго чейин, бул баары бир салыштырмалуу арзан чыгат. Биз жөн гана жарыялар менен иштебейбиз. Мындан тышкары документтерди, архивди жүргүзүп, кардарларыбыздын пикирлерине кызыгып, өз ишибиздин натыйжалуулугуна көз салып турабыз. Мен өзүм маалыматка өтө олуттуу мамиле жасайм. Жаңы маалымат келип түшөөр замат аларды иштеп чыгып, анализдеп, бул маалымат жашоочуларга да, шаарга да кандай пайда алып келет деп ойлоном. "Ким маалыматка ээ болсо, ошол дүйнөнү башкарат" демекчи, мен да адамдарга пайда алып келүүнү каалайм. Ошондуктан бизнестин бул түрүн колдоп келатам. Эки жыл бою биз дотацияда болдук. Тагыраак айтканда имараттын ижара акысын жана маянаны өз чөнтөгүмөн төлөп жүрдүм. Анткени ошол учурда эл маалымат үчүн акы төлөөгө даяр эмес болчу. Эми болсо, көрүп турганыңыздай эле, өздөрү эле келип жатышат. Бир жолу мындай окуя болгон: бир адамдын кою кошунасынын багын аралап кеткен экен. Бирок кожоюну кошуналарынан сураштырбастан эле биздин түйүнгө келди. Көп өтпөй кошунасы бул тууралуу радио түйүндөн угуп калып, койду ээсине кайтарып берген.

Сизде Бишкекте жашап, ошол жактан өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк болгон экен. Эмне үчүн борбор шаардагы мүмкүнчүлүктөрдүн ордуна кичи Мекениңизге кайтып келүүнү чечтиңиз?

Мен Бишкекте тогуз жыл жашадым. Баткенге убактылуу келип калып, мемиреген тынч турмушту көрдүм. Бул жерде баары көзгө жылуу учурайт. Ошентип бул жактагы жашоо мага абдан жагып калды. Балким эгерде мен Бишкекте төрөлүп, өссөм ал жакта досторум да, баарлашуу да көбүрөөк болмок, алардын системасын түшүнмөкмүн. Бирок эмнегедир мен өзүмдү жалгыз сезе берчүмүн. Менимче, чоң шаарга караганда чакан шаар жакшы. Баткенде өзүмө команда чогулта алдым. Бул жерде мен коом үчүн пайдалуу боло алам, бул жерде өз жолумду таба алам.
Мен кыйынчылыктарга баш ийбейм. Эгерде зарылчылык болсо,
сүйгөн ишим үчүн жаңы кесипти өздөштүрүүгө да даярмын.

Бекболот Мадымаров, ишкердик саякатынан көз ирмемдер.
Сүрөт Бекболоттун жеке баракчасынан алынды.
Материалдын түп нускасы «МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналында
АПРЕЛЬ 2017 | No 4 (65) санында жарык көргөн

Зарина Урманбетова, антрополог