Drop us a line
We are always open for new collaborations
ШААРДАГЫ КАШААЛАР – ОБОЧОДОГУ КЫЙРАТУУЧУ ПРАКТИКА
Либериянын ордо калаасы Монровияда Мамба Поинт деп аталган бакубат район бар. Бул районго деңиз жактан жакындаганда америкалык элчиликтин ак дубалдары көзгө урунат. Шаардын бул бөлүгү салттуу түрдө коопсуз болуп эсептелчү жана өзгөчө анын жээгине чет өлкөлүктөр менен бай либериялыктар көп келчү. Бирок атүгүл ушундай бардар аймакта да жакырлар жашаган райондор, машине жуучу жайлар бар жана алар кумжээке барчу жолду кооптуу кылат. Кумжээктин жанындагы бардык имараттар бийик дубалдар жана тикенектүү зымдар менен тосулган. Ар кимиси өз дүйнөсүндө жашайт: байлар бардык шарттары түзүлгөн беш жылдыздуу виллаларда, ал эми жакырлар өпчап турмушта күн өткөрүшөт, бирок кумжээкке каалаган учурунда бара алышат.

Коом инклюзивдүү өнүгүү аркылуу коопсуздук маселесин чече албай муну тикенектүү зым өткөрүп, бийик дубалдарды тургузуу менен чечкен мисалдар дүйнөнүн булуң-бурчунан көрүүгө болот. Трамптын тышкы чек араларга карата мамилеси да мунун бир мисалы. Латын Америкасында мындай социалдык эксперименттердин андан да узак траекториясы бар. Мисалы, Колумбияда 20-кылымдын 60-90-жылдары мамлекеттик институттар иштебей калганынан улам айрым топтор бийликтин компетенциясында болгон маселелерди чечүүнү өз колдоруна алышкан. Бул өзгөчө шаарлар менен поселоктор деңгээлинде өтө билинген. Бул планда Богота шаарынын контрасттары таң калтырат. Бардар райондордо турак жай комплекстери бийик дубалдар жана тикенектүү сымдар менен тосмолонгон. Адатта мындай комплекстер өтө жакшы коргоого алынып, анда бардык коммуникациялар, көп учурда атүгүл автономдуу энергия булактары да бар. Бул – тышкы көзгө жагымсыз реалдуулукка аралашпастан, өзүнүн чакан дүйнөсүнөн чыкпагандардын мейкиндиги. Мына ушунун натыйжасында коомдо өтө чоң ажырым пайда болду. Бөлүнүп, өздөрү үчүн коопсуз чөйрө түзүүгө аракеттенген шаардыктар обочодо калышты. Бул болсо коомдун андан ары маргиналдашуусуна жана катмар-катмар болуп бөлүнүшүнө алып келди. Бул процесстин кесепеттеринин бири – жарым кылымга созулган, миңдеген адамдар- дын өмүрүн алып кеткен жарандык согуш.
Богота шаарынын мисалы башкаруучулук мүнөздөгү ийгиликтүү тажрыйбаны көрсөткөнү менен дагы кызыктуу болуп турат. Мэрлер Антанас Мокус (Antanas Mockus (1995-1997; 2001-2003) жана Энрике Пеньялостун (Enrique Peñalosa (1998-2000) жетекчилиги алдында алты миллион киши жашаган шаар машинелер үчүн эмес, адамдар үчүн ыңгайлуу мейкиндикке айланган. Урбанистиканын көз карашынан алганда шаар кандай начар абалдан азыркы абалына келгенин "Богота керемети" деп атап койсо болчудай. Эффективдүү мэр келгенге чейин Боготада коом толугу менен деморализацияланып, мамлекеттик институттардын легитимдүүлүгү жоголуп, ички мигранттардын чоң агымы пайда болуп, ресурстары чектелүү жана инфраструктурасы өнүкпөгөн шаарга катары саналчу. Бирок мындай терс көрүнүштөргө карабастан шаар кайра жаралды десек болчудай.
Бир нече сериядан турган бул макала Антанас Мокус жана анын санаалаштары менен жеке баарлашуунун негизинде жазылды. Ошондой эле Мокус башында турган жана андан кийинки администрациялар тууралуу жазылган материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгы болуп саналат. Бул макалада биз Бишкектин тургундарына жана Кыргызстандын башка шаарларына (балким, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге да) үч бурчтуктун башында коом жана чөйрө менен гармонияда жашаган адам турса, шаарды өнүктүрүүнүн жалпы траекториясын оң жагына өзгөртүү мүмкүн экенин көрсөткүбүз келди. Бул мисал пайдалуу болот. Анткени Бишкекте шаарды ийгиликтүү трансформациялоо үчүн айрым өбөлгөлөр бар. Сейил бак зоналарын коргоп калуу жана "Сорос-Кыргызстан" фонду жигердүү колдогон шаардагы тазалыкты сактоо боюнча шаардыктардын демилгелери буга мисал болуп берет. Коомдо жакшы жашоого суроо-талап бышып жетилди. Адамдарга жолдор, тротуарлар, жарыктандыруу жана дүкөндөр түрүндө жөн гана инфраструктура аздык кылып калды. Коом түрдүү социалдык топтордун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эсепке алган толук кандуу жашоо үчүн ыңгайлуу жана коопсуз башка чөйрөнү талап кылууда.
Ал эми бул суроо-талаптар канчалык деңгээлде аткарылып жатканы бул башка маселе. Бул өзгөчө турак жай комплекстеринин алкагынан көрүнүүдө. Алар көбүнчө үйдүн тегерегин айып пулдар менен коркуткан жазуулар илинген кашаалар менен курчашууда. Айрым бир учурларда шлагбаумдар коюлуп жатат. Бул биринчи кезекте машинелердин өтө көп саны жана токтотмо жайлардын жетишсиздигине байланышкан көйгөйдү чечүүнүн табигый жолу. Экинчиден, бул өз короосун коомдогу айрым элементтерден коргоо аракети. Бул өзгөчө балдар жүргөн жерлер үчүн актуалдуу маселе. Маңызынан алып караганда мындай чечимдер өзүн актачудай. Бирок алар ушул чакан жамааттардын калктын негизги камарынан обочолонуп калуусуна өбөлгө болууда. Ушундай чакан дүйнөдө жашаган шаардыктар үчүн коопсуздук маселеси экономикалык бакубатчылык менен байланыштуу болуп турат. Канчалык бакубат болсо, ошончолук өзүн коопсуздукта сезишет. Тышкы дүйнө менен кантип айкалышат? Мындай адамдардын жеке машинеси бар, алар коомдук транспортту чанда гана колдонушат, анткени ал жакта өздөрүн коопсуз жана ыңгайлуу сезишпейт, 1 км аралыкка бир саатта жетсе да буга кайыл. Экинчи жагынан алып караганда, мындай адамдар бир нерсени мамлекеттик институттар жолу менен жасаса болооруна ишенишпейт. Жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде мамлекеттик институттар бери дегенде паралеллдүү дүйнөдө деп жашашат, айрым учурда легитимдүү катары эсептешпейт. Мындай көз караштагыларды жаңжалдарга тукуруу жеңил. Башка шаардыктар менен жалпы байланыш жоголот. Натыйжада – короолордо, көчөлөрдө, дүкөндөрдө, атүгүл театрларда локалдуу жана жергиликтүү жаңжалдар орун алат. Адамдардын өз күчүнө болгон ишеними азаят. Чакан жетишкендиктер масштабдуу терс процесстердин фонунда көрүнбөй калат. Өкүнүчтүүсү – жүрүм-турумдун жалпы ченемдерин бузуу нормага айланат, себеби бул эрежелерди эч ким сактабай калат.
Богота шаарында 20-кылымдын 80-жылдарынын башында жана 90-жылдардын этегинде Антанас Мокус мэр катары келгенге чейин болжол менен ушундай кырдаал түзүлгөн. Жалпы пессимисттик маанай коомдун буту-колун тушагандай болгон. Бул өз кезегинде антисоциалдык жүрүм-турумга таасирин тийгизген. Ар бир адам жалпы эрежелерди жана жүрүм-турум нормаларын өз кызыкчылыгы үчүн бузуудан чоң пайда көргөн. Мунун баары адамдардын басымдуу бөлүгү ушундай жүрүм-турумду кабыл алган фондо болгон. Натыйжада эрежелерди баары бузуп, ал эми бузбагандары азчылыкта кала берген.
Сынган терезелер теориясына ылайык, таштандыны туш келди ыргытуу, вандализм, коомдук жайларда арак ичүү, метродо турникеттерден секирүү өңдүү майда тартип бузууларга коомдун көз жумду мамилеси адамдарды ушул өндүү, же олуттуу тартип бузушуна түртөт. Күнүмдүк турмушта мындай чагымчылдыктын психологиялык механизми "Башкаларга уруксат болсо, эмне үчүн мага да болбосун?" деген суроо менен коштолуп калат – мында адам башкалар эрежелерди бузганда эч ким аны токтотпогонун көрүп, бул эрежелер ага да тиешелүү болбогондой кабыл алып калат (болгондо да өзү көргөн гана эмес, башка дагы тартип бузуулар). Ошону менен бирге коомдогу "көз жумуп коюуга мүмкүн" тартип бузуулардын орточо чеги улам түшүп отуруп, эртеби-кечпи, акыры олуттуу кылмыштардын санынын көбөйүшүнө алып келет.
Тескерисинче, майда тартип бузууларды алдын алуу жана өтө маанилүү болбогон эрежелерди бузгандарды жазалоо боюнча жигердүү иштер (мындайча айтканда нөл сабырдуулук) жалпысынан тартип бузууларга бөгөт койгон маанайды жаратып, ал эми майда тартип бузууларды болтурбоо боюнча иштердин өзү алардын кайра кайталанышына жол бербейт.
Европадагы шаарчалардын биринде «сынган терезе» теориясы боюнча жүргүзүлгөн эксперименттин жакшы мисал боло алат. Эксперимент дүкөндөр жыш жайгашкан көчөлөрдүн биринде жүргүзүлгөн. Бул дүкөндөргө келген шаардыктар үйдүн бооруна өз велосипеддерин калтырышчу. Ошол үйдүн дубалында сүрөт тартууга тыюу салган жарык түстөгү, көзгө дароо илинген белги бар болчу. Адегенде дубал таза эле. Эксперимент жүргүзгөндөр ар бир велосипеддин рулуна (ал эми жалпысынан 77 велосипед бар эле) «Баарына көңүлдүү майрамдарды каалайбыз!» деген жазуусу бар кагаздарды жана спорттук товар саткан ойдон чыгарылган дүкөндүн логотибин илип чыгышкан. Көрүнбөгөн жерге жашынып алып, изилдөөчүлөр велосипед айдоочулардын реакциясына байкоо салып турушту. Көчөдө таштанды челектер болбогондуктан адам же кагазды жерге таштамак, же башка велосипедге илип кете бермек, же болбосо башка жерде ыргытып салыш үчүн чөнтөгүнө салмак. Биринчи эки вариант жалпы кабыл алган ченемдерди бузуу катары кабыл алынса, үчүнчүсү аларды сактоо катары каралган.
77 велосипед айдоочунун ичинен болгон 25и (32%) өзүн маданиятсыз катары көрсөткөн. Андан кийин экспериментти ошондой эле аба ырайында, күндүн ошол эле маалында кайталашты. Бирок бул жолу алдын ала дубалга ар кандай сүрөттөрдү тартып салышты. Бул жолу 77 кишинин ичинен 53ү (69%) кагазды жерге ыргытып кете беришкен. Бул айырмачылык жогорку деңгээлдеги статистикалык мааниге ээ. Ошентип, дубалга сүрөт тартууга салынган тыюунун бузулушу адамдарды көчөдө таштанды ыргытпоо өңдүү жалпы коом тарабынан кабыл алынган эрежени бузууга түрткөн олуттуу стимул болуп калды.
Ошентип, көчөгө таштанды ыргытпаш керек, түкүрбөш керек, жол эрежелерин сакташ керек ж.б. ушул өңдүү чогуу жашоо эрежелерин бузууга түрткөн шаар тургундарынын өзүн өзү изоляциялоо практикасы андан да олуттуу эрежелерди жана мыйзамдарды бузуу менен түз байланышта болот деп ишенимдүү ырастай алабыз. Муниципалитеттердин негизги иш-аракеттеринин бири – майда тартип бузууларга көз жумбаш керек. Бул өз кезегинде адамдарды деструктивдүү жүрүм-турумдан кармап турган чөйрөнү түзөт.
Материалдын өзөгү «МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналында
АПРЕЛЬ 2017 | No 4 (65) санында жарык көргөн

Умар Шавуров ЖАНА Шамиль Ибрагимов