Drop us a line
We are always open for new collaborations

ШААРДЫН КӨРКҮ ӨЗ КОЛУБУЗДА

Муса Жусаев, нарындык шаарман

"Биз өз Кыргызстаныбыз үчүн эмнелерди жасадык?" – чыныгы шаарман Муса Жусаев дал ушул суроону өзүнө жана айлана-тегерегиндегилерге да көп берет.
«Нарын шаарынын ардактуу адамы», «Дордой» Ассоциациясынан «Ак жүрөк» сыйлыгы – мындай сыйлыктар Нарындын өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарга тапшырылат. Муса Жусаев да ушундай сыйлыктардын ээси. Ал Нарында төрөлүп, өсүп, шаар таза, кооз жана ыңгайлуу болушу үчүн колдон келгендин баарын жасап келатат. Эмгек жолун айдоочу катары баштап, андан кийин шаардын өрт өчүрүү кызматында иштеп калган. Пенсияга чыкканда үйүндө алакан жайып отура алган жок. Анын үстүнө үй-бүлөнү да камсыздаш керек болчу жана ишкерчилик ме- нен алектене баштаган. Ал шаардыктардын эс алуу жерлерин көрктөндүрүү боюнча демилге- лер аркылуу шаарды жакшыртууга өз салымын кошо баштады. Мындай жарандык иш үчүн эмне демилге болду?
Нарын шаары.
Жукеев-Пудовкин атындагы гүл бак.
Жусаевдин эмгектеринин катарында Нарын шаарынын 64-районундагы революционер Жукеев-Пудовкин атындагы аллеяны калыбына келтирүү боюнча долбоорду да белгилей кетүүгө болот. Муса өз демилгеси менен аллеяда отургучтарды орнотуп, аймакты эс алуу үчүн көрктөндүрүп чыккан. Демилгенин бюджети он миң долларды түзгөн. Ал эми Москва районунда шаарман Муса балдар аянтчасын куруп, учурда ал жердеги тартипке, тазалыкка өзү көз салып турат. Шаардын табигый кооздугун баса белгилеп турган кызыктуу эстеликтердин бири – бул шаарды аралап аккан Нарын дарыясынын жээгиндеги бугунун эстелиги. Туристтердин жана шаар конокторунун көзү бул эстеликке сөзсүз түшөт жана атүгүл эстеликке сүрөткө түшүп кетишет. Бирок аны ким жана кандай максат менен орнотконун көптөр биле бербейт. Себеби биздин шаарманыбызды өтө кейиткен көйгөйлөрдүн бири – жаныбарларды жок кылуу, өзгөчө бугуларга аңчылык. Жусаевдин айтымында, Нарынга башка өлкөлөрдөн, же борбор калаадан "чоңдор" келип, аңчылык кылып кеткен учурлар болгон. Атүгүл жаныбарлардын этин алып кетип бараткан тикучак жүктүн оордугунан жерге кулап түшүп, кырсыкка учураган эки учур катталган. Бул аймактагы экологиялык жана экономикалык кырдаалга да өтө чоң таасирин тийгизген. Мисалы, ошол окуялардан кийин Эки-Нарындын тегерегинде токойдо өрт чыкканда тикучак жок болчу (анткени мурдагы эки тикучак авариялык абалда жаткан), өрт кызматы "тилсиз жоого" каршы тура албай, токойдун ири бөлүгүн өрт жок кылган. Бул окуя Мусанын эсинде калып, финансылык мүмкүнчүлүгү пайда болоор замат ал Бугу эненин эстелигин тургузган. Бүгүнкү күндө бул эстеликти өзү коргоп, өзү тазалыгына, тегерек-четин көрктөндүрүп турууга көз салып турат. Ал Бугу эне менен бугулардын коргоочусу Кайберенди эстеди:
Нарын шаары.
Нарын дарыясынын боюндагы бугунун эстелиги.
М.Жусаевдин демилгеси менен орнотулган.
... "Кожожаш" эсиңердеби!? Бул жөн эмес. Көрсө элибизде Кайберендин каргышы тууралуу ырым бар экен... Жаныбарларды жок кылганын өз көзүм менен көргөм. Эми азыр токтогондой эле болуп калды. Бугулар мурда тоолордон түшүп келчү. Аларга кол салына баштагандан тарта көрүнбөй калышты. Ошондуктан бугунун эстелигин тургуздум...
Муса Жусаев – чыныгы шаарман. Ал шаарды жакшыртуу тууралуу гана эмес, ошону менен бирге өсүп келаткан муунга билимин, тажрыйбасын, эң негизгиси –шаарга болгон сүйүүнү жана туура мамилени өткөрүп берүү тууралуу да көп ойлонот. Мунун баарын ал өз мисалынын негизинде жеткирип келет.
Материалдын түп нускасы «МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналында
АПРЕЛЬ 2017 | No 4 (65) санында жарык көргөн

Зарина Урманбетова, антрополог