Drop us a line
We are always open for new collaborations
Ысымсыз парктар: коомдоштуктар менен иштөө
Сиз шаарда жашыл аймактар аз калды деп эсептейсизби? Биз андай деп эсептебейбиз.
Бишкекте аталышы да, аларды карап-күткөн «кожоюндары» да жок жашыл жайлар, токойчолор, гүлзарлар көп. Биз шаардыктардын көӊүлүн ушундай мейкиндиктерге буруу, аларды кызыктуу жана «жандуу» парктарга кантип айлантууга болорун көрсөтүү үчүн «Ысымсыз парктар» долбоорун ойлоштурдук. Анткени көбүнчө дал ушундай «керексиз» жашыл аймактар жеке менчик же коммерциялык курулушка берилип кетет.

Изилдөө, ошондой эле эң башкысы – коомдук мейкиндиктерди оӊ жакка өзгөртүп түзүү, жергиликтүү коомдоштуктар менен иштөөсүз мүмкүн эмес болуп көрүнөт. Дегеле, биз дал ошол жергиликтүү коомдоштуктар – шаардык чөйрөнүн өнүгүүсүнүн башкы булагы деп тереӊ ишенебиз. Дал ошол киши – кадимки тургун, ага шаарда ыӊгайлуу жана бактылуу жашоо үчүн эмне керектигин чечүүгө тийиш жана чече алат. Дал ошол бирдиктүү аймакта жашоо жана жалпы кызыкчылыктар принциби боюнча коомдоштуктарга бириккен тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы өнөктөшү болуусу кажет.

Биз эки бири бирине окшош эмес, өз коӊшуларынын сүйүүсү менен камкордугуна бирдей муктаж болгонб жашыл аймакты тандап алдык. Биринчиси – Пригородное айылындагы токойчо – бак-дарактар башаламан отургузулган, күчтүү дарамети бар жана жеке менчик курулуш коркунучуна кептелген зор аймак. Экинчиси – Айни жана Душанбе көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаныбарлардын кызыктуу бетон сөлөкөттөрү бар парк. Аларга реставрация жана жөн гана тургундардын көӊүл буруусу талап кылынган.

Биз ушул эки парк менен иштөө боюнча өз тажрыйбабызды бөлүшүүнү каалайбыз. Биз башка жашыл чөлкөмдөр жана коомдоштуктарды уюштуруунун принциптери жөнүндө пайдалуу маалыматты да коштук.
ЭМНЕ ҮЧҮН КООМДОШТУКТАР УШУНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ? АЛАРДЫН КҮЧҮ ЭМНЕДЕ?

Жергиликтүү коомдоштуктардын мааниси жөнүндө айтып баштоодон мурун, азыркы түшүнүүдө коомдоштуктар деген эмне экенин айкындайлы. Түрдүү адистер түрдүү аныктамаларды беришет. Россиялык урбанист – жергиликтүү коомдоштуктар менен иштөө боюнча эксперт, Святослав Мурунов, өз эмгектеринде жергиликтүү коомдоштуктарды жашаган жери боюнча коомдоштуктар, б.а. бир аймакта жашаган, өз коӊшуларын билген жана өз ара аракеттешүүнүн бейформал регламенттерине – мисалы, майрамдарды чогуу белгилөө, өзгөчө кырдаалдарда коӊшуларга жардамдашуу үчүн акча чогултуу адаттарына ээ болгон адамдар катары аныктайт. Анын изилдөөлөрүнүн натыйжалары коомдоштуктар адамдар узак жашашкан жерлерде калыптанышары жөнүндө кызыктуу божомолду далилдешет: эреже катары, коомдоштуктар үйлөрүнүн бийиктиги чакан, аларда тарыхый борборлор сакталып калган шаарлардан байкалышкан.

Ушул мерчемде дагы биздин шаарыбызда туруктуу жергиликтүү коомдоштуктар болуусу болжонот, бирок чынында иштин жөнү андай эмес. Кийинки жылдардагы активдүү ички миграциядан улам, андай коомдоштуктар жок болуп кетишкен. Ошондуктан шаардын тигил же бул райондорунда коомдоштуктарды уюмдаштырууну ишке салуучу факторлорду аныктоо абдан маанилүү.

Жергиликтүү коомдоштуктардын пайда болуусунун жана өнүгүүсүнүн маанилүү себеби, мейкиндиктик гана эмес, кырдаалдык дагы шарттар болуп саналат. Балким сиздер тургундар курулушчулар же башка терс тышкы коркунуч менен күрөштө кантип биригишкенин окуган же жаӊылыктардан көргөн чыгарсыздар. Шаардыктар оӊ себептерге караганда, кандайдыр бир тышкы коркунучтун алдында кыйла көп биригишет. Бирок мындай «биригүү» «күрөш» учурунда гана болуп өтөт, биз болсо чогуу өз көйгөйлөрүн гана чечүүгө эмес, өздөрү жашаган районду өнүктүрүүгө да жөндөмдүү туруктуу жаматтарды түптөө жөнүндө айтып жатабыз.
Изилдөөбүздүн жүрүшүндө биз айрым райондорду өнүктүрүү маселеси жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрүнүн активдүүлүк деӊгээлинен, алардын жоопкерчиликтүүлүгүнөн жана өз жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн мобилдешүүгө жөндөмдүүлүгүнөн толук көз каранды экенине дагы көбүрөөк ынандык.

Жакшы уюмдашкан, туруктуу коомдоштук райондук администрациянын деӊгээлинде чечимдерди кабыл алуу жараянынын толук укуктуу катышуучусу боло алат. Мисалы, жергиликтүү тургундардын балдар аянтчаларын, коомдук мейкиндиктерди долбоорлоого катышуусу, мындай жайларды кыйла «адамга багытталган» - ар бири жана баары үчүн ыӊгайлуу кыла алат.

Мындан тышкары, коомдоштук практикалык максаттар үчүн гана эмес, жакшы кошуналык салттарды калыптандыруу үчүн да маанилүү. Мына, мисалы, ар кандай мейкиндикти «жандандыра» жана жакшы кошуналык мамилелерди чыӊдай алуучу «активдүүлүктөрдүн» кичинекей гана тизмеси:

  • Салттуу ишембиликтер. Тамтыгы чыккан, анан да мындай иш-чаралардын «бедели» анчалык жагымсыз деп айтарсыз, бирок ишениӊиз, эгер ишембиликтерди концерттер, кинокөрсөтүүлөр жана пикниктер өӊдүү жагымдуу «сюрприздер» менен толуктаса, алар жакшы салт болуп калат.
  • Ачык асман алдындагы концерттер, кинокөрсөтүүлөр. Ар кандай райондон ачык коомдук мейкиндик, жергиликтүү таланттар жана киноышкыбоздор табылат.
  • Райондук чоӊ «курсак майрамдары» - бул аларда баары өздөрүнүн үй-бүлөлүк кулинариялык салттарын бөлүшкөн жөн гана пикниктер да, тамак-аштын чоӊ фестивалдары, жайма базарлары да боло алат. Мисалы, күзүндө – кайнатмалар менен туздамалардын фестивалы.

Мындай иш-чаралардын калыбы тургундардын өздөрүнүн фантазиясы менен гана чектелет, ошондуктан аларды ишке ашыруу үчүн ынтымактуу коомдоштук жана өз коӊшулары менен достошууну чын жүрөктөн каалоо гана керек.
КООМДОШТУКТУ КАНТИП УЮШТУРУУ КЕРЕК?
КООМДОШТУКТУ УЮШТУРУУДАГЫ БАШКЫ ЭРЕЖЕ – БУЛ ТУРГУНДАРДЫН ТОЛУК КАТЫШУУСУ.


Жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн өздөрүнүн катышуусу жок эле, алардын керектөөлөрү менен каалоолорун эске алуусуз демилгеленгенде, камсыздалганда, башкарылганда жана жүзөгө ашырылганда, адатта демилгелердин натыйжалары чекиттүү, убактылуу мүнөз күтөт, өзү уюмдашуу жараяндарын кулптап, тургундардын арасындагы жанбактылык мамилелерди күчөтө алат. Мында тургундар көбүнчө «сырткары байкоочу» турумун ээлешет. Биз болсо жакшыртуулар жергиликтүү калктын өзүнүн күчү менен жүрүүсүн каалайбыз. Жергиликтүү коомдоштук жөн гана өзгөрүүлөргө жооп кылбастан, өзү өзгөртүп түзүүлөрдун демилгечиси болуп чыгат. Коомдоштукту уюштуруу жергиликтүү коомдоштук менен бийлик органдарынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерге карата «бий-кардар» өз ара аракеттешүүсүнөн кетүүнү болжойт; калктын коомдук жараяндарга, анын ичинде башкарууга кеӊири катышуусуна басым жасалат. Бул коомдоштуктун мүчөлөрүнө өз чыгармачыл активдүүлүгүн көрсөтүү мүмкүндүгүн берет, аларды ишке ашыруунун шарты болуп саналат, социалдык жана адамдык капиталдын өсүүсүн шарттайт.


ТУРГУНДАРДЫН, МААЛЫМАТТЫ ЖАЙЫЛТУУ КАНАЛДАРЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТАРДЫ ЖОЛГО КОЮУ.


Бул максатка ар кыл формалдуу жана бейформал бирикмелер түрткү болушат: тургундардын ортосундагы байланыштарды чыӊдап, аларды бүткүл жергиликтүү коомдоштуктун турмушуна жуурууну жана кошууну камсыздашат. Коомдоштукту уюштуруу – бул жалпы максаттарды алга коюучу социалдык байланыштарды уюштуруу жана күчөтүү же жалпы баалуулуктарды түзүү боюнча максатка багытталган күч-аракеттер. Мында маанилүү ролду комьюнити-борборлор ойношот – бул тургундардын бейформалдуу чогулуу жайы, анда жаӊылыктарды алмашуу болуп өтөт, коомдоштуктун катышуучуларынын ортосундагы ички мамилелер түзүлөт. Баарлашуу аркылуу ынтымак-ырашкерлик сезими түптөлөт да, мындай борборлор, коомдоштуктун мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн топтоштуруу жайлары болуп чыгып, өзү уюмдашуу жараяндарын активдештиришет. Сөз арасында, мындай борборлор ар бир райондо бар китепканалар боло алышат. Комьюнити-борборлор жөн гана парктагы, башкы дүкөндүн жанындагы орун, балдар аянтчалары боло алышат.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМДОШТУКТУ УЮШТУРУУ ТӨМӨНКҮНҮ БОЛЖОЙТ:

1. Тургундарда жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсү катары жалпылык сезимдерин күчөтүү.

2. Мейкиндиктик өзүн бирдейлентүүнү – белгилүү бир аймакка «таандыктык» сезимдерин түптөө.

3. Тургундардын ар кыл формалдуу жана бейформал бирикмелерин уюштуруу жолу менен социалдык байланыштарды жолго коюу.

4. Маданий-эс алуу мүнөзүндөгү ар кыл иш-чараларды өткөрүү аркылуу коомдоштуктун мүчөлөрүнүн бири-бирине ишенүү деӊгээлин арттыруу, ынтымакты жана жалпылык үчүн спецификалуу жүрүм-турум ченемдери менен эрежелерин калыптандыруу.

5. Тургундарды жергиликтүү бийликин органдарынын чечимдерди кабыл алуу жана алардын аткарылышына көзөмөл кылуу жараяндарына тартуу.

6. Жергиликтүү коомдоштуктун активисттери чогула, иштей жана баарлаша турган комьюнити-борборлорду уюштуруу.

7. Коомдоштуктун ички ресурстарын – анын бардык мүчөлөрүнүн жөндөмдөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн жана билгичтиктерин максималдуу ишке ашыруу.

8. Тургундардын өзү уюмдашуу дараметин ишке ашыруу, өз кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо көндүмдөрүн калыптандыруу.
Райондун тургундары бири бири менен кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн гана эмес, коомдоштуктун ар бир мүчөсү, анын маданияты жана тарыхы менен жакшылап таанышуу үчүн да мүмкүн болушунча көп жолугушууга түрткү болуучу шарттарды түзүү абдан маанилүү.
Биринчи май районнундагы жашыл аймактар
• «Жаштар» паркы,

• Эмен паркы,

• «Өкмөттүк» сквери,

• «Эмгек даӊкы» сквери,

• «Достук» сквери,

• «Совмин» сквери,

• «Планетарий» сквери,

• «Т. Молдо» сквери,

• «Чатыр-Көл» кинотеатры,

• «Cейтек» сквери,

• К. Баялинов ат. китепкана,

• Айни көчөсүндөгү сквер,

• Исанов көчөсүндөгү сквер,

• Республика көчөсүндөгү сквер,

• Боталиев көчөсүндөгү сквер,

• Осиленко көчөсүндөгү сквер, Жаш Гвардия бульвары менен кесилишет
Свердлов районундагы жашыл аймактар
• «Аламүдүн» паркы,

• №1 Булгаары заводу,

• Кыргызстандын 40 жылдыгы,

• Кара-Жыгач токойчосу,

• Булгаары заводдун көлмөсү,

• «Жеӊиш» аянты,

• «Театральный» сквери,

• «Токтогулдун» эстелиги,

• Цирк,

• Свердлов райадминистрациясынын сквери,

• ЧЧКнын алабы,

• Аламүдүн дарыясынын алабы,

• Баку көчөсүндөгү сквер.

• Карпинский көчөсүндөгү сквер
Ленин районундагы жашыл аймактар
• Дыйканчылык институту,

• Жумушчулар шаарчасы,

• Фучик паркы,

• Лущихин көчөсүндөгү ПКК,

• №4 шаардык оорукана,

• Ленин заводунун алабы,

• «Манас» кинотеатры,

• Шлагбаум,

• Краснознаменный көчөсүндөгү АЗС,

• «Манас» аянты,

• Жаш Гвардия бульвары,

• Арбитраждык сот (Юстиция министплиги),

• №31 ОМ,

• «Октябрь» кинотеатры,

• Мэрия аянты,

• КУУнин лабораториялык корпусу,

• Ала-Арча дайрасынын алабындагы жол өткөргүч,

• «Үч бурчтук» сквери,

• КУУнин багы,

• Ремесленная көчөсүндөгү спортмектеп,

• Чапаев көчөсүндөгү ПКК,

• Чапаев көчөсүндөгү сквер,

• Гагарин көчөсүндөгү сквер,

• Ленин райондук администрациясы,

• Жаштар аллеясы.
Октябрь районундагы жашыл аймактар
• КМДТИнун паркы,

• Жеӊиш паркы,

• 7-мкр. паркы,

• Ата-Түрк паркы,

• Сухе Батор көчөсүндөгү сквер.

• Октябрь райадминистрациясынын сквери,

• Малдыбаев көчөсүндөгү сквер,

• 8-мкр. сквери,

• 6-мкр. сквери,

• 10-мкр. сквери,

• Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү сквер,

• Аалы Токомбаев көчөсүндөгү токойчо чөлкөмү,

• 6-мкр. кайыӊ токойчосу.
Кеӊештер
Бул жерде биз өз тажрыйбабыздын негизинде жаӊы баштаган коомдоштуктарды уюштуруучуларга пайдалуу боло алчу кеӊештердин тизмесин түздүк.

Пригородное айылындагы иштин натыйжалары боюнча кеӊештер

1. Жергиликтүү административдик ресурс. Командалык талкуулоодон кийин долбоорду ишке ашыруунун кийинки кадамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү иштөө болуусу абзел – алар минимум долбоорду билишкени, ал эми идеалында тилектеш болушканы жана өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардам кылышканы абдан маанилүү.

2. Чоӊ алдын-ала маалыматтык иш. Сиз канчалык көп адамдарды «агартсаӊыз», сизде өнөктөштөр, сиздин баалуулуктарды, идеяларды колдошкон жана анын баарын чогуу реалдуулукка айлантууга даяр адамдар ошончолук көп болот.

3. Баары жергиликтүү тургундар үчүн жана баары жергиликтүү тургундар менен чогуу. Андан ары жоопкерчиликти өткөрүп берүү үчүн эӊ башынан тартып мейкиндикти өзгөртүү/өнүктүрүү жараянына жергиликтүү коомдоштукту тартуу.

4. Чөйрөгө максималдуу сүӊгүү. Жеринде мүмкүн болушунча көп убакыт өткөрүү – мейкиндиктин колдонуучуларына байкоо жүргүзүү, мындан чыгып ал жерге кандай кошумча кызматтар менен өзгөрүүлөр керектиги жөнүндө элес баарынан туура түзүлөт.

5. Тургундар бири бири менен баарлашууга тийиш. Коомдоштук – эӊ башкысы. Өз ара баарлашкан, бир мейкиндикке байланууну бөлүшкөн, өз «жашоо чөйрөсүн» чогуу жакшыртууну каалаган жергиликтүү коомдоштукту уюштуруу маанилүү.

6. Жупунулукка орун жок. Иштөө жараяны кеӊири чагылтылууга – прецедент түзүүгө, шаардыктардын коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүү жараяндарына теӊ катышуу мүмкүнчүлүгү менен зарылдыгынын жандуу мисалы болууга тийиш.
Биз «Пилчелер» паркында эмнени үйрөндүк

1. Ойлонуп турбай баштагыла. Биз концепцияны талдадык жана ойлоштурдук. Биз долбоорго катышуу үчүн активдүү тургундарды табууга аракеттендик. Бирок ар жума өткөн сайын айкын боло баштады – бизде ишти баштоо үчүн идеалдуу шарттар: активдүү тургундар, муниципалитеттин колдоосу, иштелип чыккан долбоор эч качан болбойт. Тургундар биз менен жолугушууларга келүүнү каалашпады, бирөө бош эместикке шылтады, ал эми бирөө биздин оюбуздан эч бир маани көрбөгөнүн түз эле жарыялады. Анан биз дароо аймакты жыйнап-тазалоодон жана ишембиликтен баштоодон бөлөк мыкты нерсе ойлоп таба албадык. Натыйжалар бардык тургундарга дароо көрүндү да, бардык алдын-ала талкуулар менен изденүүлөргө караганда, бизге улантуу үчүн көп күч-кубат берди.

2. Силер кимсиӊер, эмнени каалайсыӊар, түшүндүргүлө. Биз асмандагы айды убада кылбоого (биз бүткүл паркты өзгөртөбүз!-деген сыяктуу сөз берүүлөр), долбоордогу өз ролубузду (коммерциялык кызыкчылык жок, аянтчаны өзгөртүп түзүүнү каалайбыз, тургундарга андан ары жакшыртууга жардам кыла алабыз), жана башка катышуучулардын ролун (мисалы – Жергиликтүү Аймактык Башкаруу тазалыкчыларды бөлө алат, бирок аларга тургундар өздөрү кайрылууга тийиш) так түшүндүрүүгө аракеттендик. Жогору күтүүлөр болбошу үчүн өзгөрүүлөрдүн чегин так аныктоо да маанилүү – биз азыр айкелдерди гана реставрациялайбыз, кум салгычты жана орундуктарды жасайбыз деген сыяктуу белгилүү тапшырмалар мисалы.

3. Катышуу майнабы тургундар менен ишеничтүү мамилелерди түзүүдө чоӊ роль ойноду. Биз паркка ишке келгендей – ар күнү таӊ эрте келип, жана караӊгы киргенде кетип жаттык. Башында биз айкелдерди реставрациялоо жана боё канча убакыт аларын билген эмеспиз – бир-эки күн эмес, бүтүндөй жума кетти. Биз аянтчада иштеп жатканда, бизге балдар жардамдашты (ошол күндөр биздин иш алар үчүн чыныгы кызыкка айланды), биз ар күн сайын өткөн адамдар менен таанышып жана аларга долбоор тууралуу айтып берип жаттык. Жыйынтыгында реставрацияга чоӊдор дагы кошулушту.

4. Чыдамдуу болгула жана жергиликтүү тургундардын катышуусунун каалаган формасын колдогула. Чоӊдорго адегенде жөнөкөй бир нерсени жасоо – жыйноого жардам кылуу, курулуш үчүн балка бере туруу оӊой. Балдар курулушту оюн катары кабыл алышты, бирок реставрация бүтүп калганда биз дайымкы жардамчыларыбыздын ысымдарын билип калдык да, алар эч качан «чоӊдордун» кайсы бир жумушун жасоодон – бадалдарды тегиздөөдөн же арыктарды тазалоодон, таштандыны чыгаруудан баш тартышкан жок. Баары дароо боло койбойт, ошондуктан силер да дароо эле адамдардан көӊүлүӊөрдү калтырбагыла.

5. Тургундардын баарлашуусу жана чогуу аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзгүлө. Бул бир жагынан биздин катабыз болду. Реставрация бүткөндө гана биз өзүбүз көптөгөн тургундар менен таанышсак дагы, аз гана тургундар бири-бири менен таанышканын түшүндүк. Албетте, кичинекей балдардын энелери, бир үйдөгү кошуналар баарынан жакшы баарлашышат, баары өздөрү жашаган үйлөрдүн домкомдорун билишет. Бирок биздин долбоор аяктап калганда тургундар парк жөнүндө чогуу кам көрүүчү тургундардын коомдоштугун өздөрү уюштурууга али даяр эмес болчу. Адегенде энелердин, спортсмендердин, улуулардын ж.б.у.с. байланыштарын жана кичи-коомдоштуктарын жолго коюу маанилүү.

6. Мындан ары эмне болору жана башталганды ким улантаары жөнүндө келишип алгыла. Бул долбоордогу эӊ татаал учур. Ким паркка үзгүлтүксүз кам көрөт? Эгерде бир ирет аймакты толук менчиктештиришсе жана курулуш башташса, парк эмне болот? Таштандыны жыйноого, паркты сугарууга ким көз салат? Эгерде тургундар өздөрү ошентип эле топко же комитетке уюмдаша алышпаса, ушул багытта дагы бир-эки кадам жасай турган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышта боло турган адамды табууга аракеттенгиле.
Кеӊештер
«Пилчелер» менен иштөөнүн натыйжалары боюнча кеӊештер

1. Тургундар менен үзгүлтүксүз алакада болгула. Биздин иште биздин долбоорго катышуубуз майнаптуу иштеди. Тургундар бизди ар күн сайын парктан көрүштү, прогрессти күбө болушту. Анан бул ишенимге жана аларды чогуу иштөөгө тартуу үчүн эӊ мыкты жол болуп чыкты.

2. Муниципалдык кызматтар менен кызматташкыла. Шаардык аймактарды өнүктүрүү жана көрктөндүрүү – мэриянын кызматтарынын милдети. Ошондуктан күн мурун каттарды жазгыла, өз долбооруӊар жөнүндө билдиргиле жана жардам сурагыла.

3. Балдар – колдонуучулардын эӊ маанилүү тобу. Балдар менен баарлашкыла, аларды уккула, чоӊдорду кандай ишке тартсаңар, балдарды дагы ошондой эле ишке тарткыла! Балдардын артынан ата-энелер келет, ал эми балдар өздөрү катышкан иштин натыйжаларына этияттап мамиле кыла турган болушат.

4. Эгер тургундар алгачкы жолугушууга келбесе, экинчи жана үчүнчү ирет чогулушпаса дагы кол шилтеп калбагыла. Ишти келгендер жана үн кошкон тургундар менен баштагыла. Ал эми иш жараянында күмөн саноочуларга жана ишенбегендерге маалымдагыла, сынчылар менен да баарлашкыла – өз мамилесин өзгөртүү үчүн тургундарга убакыт талап кылынат.

5. Конкреттүү болгула. Адамдарга абстракттуу «паркка кам көрүүгө» кошулууга караганда, кичине, бирок түшүнүктүү жардам кылуу – мисалы, балканы бере туруу же тазалоого катышууну чогу кылууга чакыруу оӊой. Ошондуктан жөнөкөй тил менен сүйлөгүлө, ишти аткарылуучу милдеттерге бөлгүлө жана ошол конкреттүү, кичине иштерди аткарууда жардам сурагыла.

6. Бул кимге керек? Долбоордун аягында силер тургундардын кимиси башталган ишти уланта аларын аныктаганыӊар абдан маанилүү. Эгерде тургундар бул максатта өзү уюмдашууну чечишсе – куттуктайбыз, бул мындай долбоор үчүн эӊ мыкты натыйжа! Муниципалитет тараптан жооптуулар жөнүндө унутпагыла.
Материалдын өзөгү төмөнкү шилтемеде орус тилинде жарык көргөн: