Drop us a line
We are always open for new collaborations
МЕЙКИНДИК КУРУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Мейкиндик куруу – бул коомдук мейкиндиктерди өзгөртүп түзүүнүн философиясы да, тажрыйбалык жараяны дагы болуп эсептелет. Мейкиндик куруу ошол мейкиндиктен өзү жана жалпы эле өз коомдоштугу үчүн алардын керектөөлөрүн жана күтүүлөрүн түшүнүү үчүн белгилүү бир мейкиндикте жашаган, иштеген жана ойногон адамдарга байкоо жүргүзүүгө, угууга жана суроолорду берүүгө көңүл топтоштурган.
Мейкиндик куруу жараяны же колдо бар мейкиндикти кайра жабдууда, же жаңы мейкиндикти пландоодо колдонула алат. Бардык кырдаалдар айырмаланышкандыктан, кадамдар дайыма эле бирдей болбойт жана дайыма эле бир эле иретте өтө бербейт. Бирок «Коомдук мейкиндик үчүн долбоор» мейкиндикке байкоо жүргүзүүгө, пландоодо жана калыптандырууга көп адамдарды тартуу үчүн беш баскычтуу жараянды колдонот.
Биринчиден, коомдоштук менен жолугушуу жана кызыкдар тараптарды аныктоо маанилүү. Андан кийин мейкиндикти, ошондой эле анын дараметин жана көйгөйлөрүн баалап, жеринде убакыт өткөргөн өтө маанилүү. Бул мейкиндиктин көрүмүн түзүүгө жардам берет. Андан кийин, ишке ашыруу кыска мөөнөттүү эксперименттерден башталат да, эмне жасалганын, эмне мейкиндикти узак мөөнөттүү жакшыртууларга алып келээрин туруктуу баалоо менен уланат. Керек десе ушундан кийин да, мейкиндиктин ийгилиги туруктуу башкаруудан, байкоо жүргүзүүдөн жана талдоодон көз каранды болот.
1. МЕЙКИНДИКТИ ЖАНА КЫЗЫКДАР ТАРАПТАРДЫ АНЫКТОО
Туура мейкиндикти жана кызыкдар тараптарды тандоо мейкиндикти өзгөртүүгө карата биринчи чечүүчү кадам болуп саналат. Мейкиндикти куруу жараяны ар кыл топтор туш болгон негизги көйгөйлөрдү аныктоо жана конкреттүү мейкиндикти же мейкиндикти куруу боюнча алардын күч-аракеттерин топтоштуруу үчүн жайды аныктоодо мамлекеттик, жеке менчик жана жарандык коомчулук өкүлдөрүнүн жолугушуусунан башталат. Бул өз ара аракеттешүү көбүнчө өз ичине колдо бар дараметти The Power of 10+ негизинде салыштыруу боюнча жумушту камтыйт да, андан ары маалыматтарын чогултуу керек болгон көйгөйлөр жөнүндө божомолдорду жана ошондой эле жумуштардын планын иштеп чыгууга алып келет.
Стандарттуу эреже: кызыкдар тараптарды тандоодо мейкиндикке кандайдыр бир түз байланыш, ошондой эле кызыгуу болууга тийиш. Алар мейкиндикке жакын жайгашкан аймактын тургундарды, ишканаларды, ошондой эле маданий, диний жана билим берүүчү уюмдарды камтый алышат. Өкмөттүк кызматкерлер коомдоштуктун көрүмүн ишке ашырууда ортомчулар жана өнөктөштөр болуп саналат. Түпкү натыйжа мейкиндиктеги анын ийгилигине чын жүрөктөн кызыкдар болгон кишилер бул жараянда активдүү добушка гана ээ болушпастан, бүткүл долбоор ичинде күчтүү өнөктөштөргө айланышканы болуп саналат.
Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттешүүдө эске алуу керек болгон түйүндүү маселелер төмөнкүнү камтышат:
Баары өзгөргөнүнө ким кызыкдар?
Алар өз таланттарын же каражаттарын колдонуп, кандайдыр бир түрдө катышууга даярбы?
Мейкиндикти курууну жакшыртуу же программалоо үчүн колдонууга болчу кандайдыр бир каражаттар барбы?
Мейкиндикти узак мөөнөттүү башкарууну камсыздай алуучу уюмдар барбы?
Рамелдеги, Израилдеги бул топ алардын шаарынын борборундагы мыкты жана начар багыттарды аныктап жатат.
2. МЕЙКИНДИКТИ БААЛОО ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨРДҮ АНЫКТОО
Бул этапта катышуучулар мейкиндик кандай колдонулаарын жана аны кантип жакшыртууга болорун баалашат. Метамаалыматтарды даярдоо боюнча семинар – кызыкдар тараптардын билимдерин, туюмдарын, эстүүлүгүн жана салымын колдонуунун көбүрөөк майнаптуу шаймандарынын бири. Бул семинардын негизи «Мейкиндиктин майнаптуулугун баалоо» Мейкиндикти куруу боюнча семинарды баштоо үчүн, жергиликтүү топ үчүн адатта логистиканы ыкташтыруу көбүрөөк майнаптуу. Бул иш-чара мамлекеттик органдар же сырткы кеңешчилер менен гана уюштурулганга караганда коомдоштуктун чоң санда катышуусун камсыздайт. Антсе дагы, жергиликтүү кызмат адамдарынын семинарга катышуусу да абдан чоң мааниге ээ болот.
Ийгиликтүү семинарлар адатта экиден үч саатка чейин созулат да, долбоордун максаттарына сереп жасоодон башталат. Андан кийин катышуучулар топторго бөлүнүшөт да, мейкиндикке жөнөшөт, ал жерде «Мейкиндик» оюнун ойношот да, жай менен кошумча таанышышат. Акырында, ар бир топ калган кызыкдар тараптардын алдында отчет берет, бул мейкиндикти алдын-ала көрүүнү талкуулоого жана дараметтүү өнөктөштөр жөнүндө акыл чабуулуна (brainstorming) алып келет.
Ушул жараяндын жүрүшүндө конкреттүү темаларды кыйла терең үйрөнүү үчүн фокус-топтор да пайда боло алат, ошол эле маалда жеке өзү катыша албагандар үчүн калкыма катышуу же онлайн чыгармачыл катышуу өңдүү кайтарым байланыштын (feedback) альтернативалуу мүмкүнчүлүктөрү да берилген болууга тийиш.
Байкоочу Нью-Йоркто Асор Плейсте «Мейкиндиктин майнаптуулугун баалоо» оюнун жүргүзүүдө.
3. МЕЙКИНДИКТИН КӨРҮМҮ(vision/видение)
Бул этапта негизги кызыкдар тараптар мейкиндикти куруу боюнча семинардан келип чыккан тыянактардын негизинде мейкиндиктин көрүмүн иштеп чыгышат. Бул документ бир нече бөлүктөрдөн турат:
  • Мүдөө же максаттарды коюу. Кызыкдар тараптардын жалпы максаттары Мейкиндиктин көрүмү үчүн негиз болуп саналат.
  • Мейкиндик кантип жана ким тарабынан колдонула турганын аныктоо. Мейкиндиктин табияты катышкандардын максаттарын багыттайт.
  • Мейкиндиктин болжолдонгон мүнөзүн сыпаттоо. Мейкиндик кандай болоору жөнүндө так элестетүү - көрүмдү топтоштурулган түрдө сактайт.
  • Мейкиндик кандай долбоорлоно аларынын концепциялык планы. Баштапкы концепциялык мерчем түзүлгөндөн кийин, мерчемдин аткарылуучулугу бааланат да, ишке ашыруу үчүн тоскоолдуктар аныкталат.
  • Ушул өңдүү мейкиндиктердин же мейкиндиктердин бөлүктөрүнүн ийгиликтүү мисалдары.
  • Кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү жакшыртуулар үчүн иш-аракеттердин планы. Мейкиндиктин көрүмү документинен башкаруунун мерчеми аз эмес маанилүү болуп саналат. Башкарууну уюштуруу мейкиндикти жакшы абалда кармап туруу үчүн зарыл. Бул жерде «эгерде» суроосу гана эмес, мындай уюштуруу «канча» калыптанган суроосу да турат. Анын жоктугу курчап турган чөйрөнү уюштуруу боюнча иш-аракеттерди артка калтыруу үчүн себеп болуп саналбайт.
Перт маданий борбору үчүн көрүмдүн бул орду мейкиндикти куруу боюнча семинардын натыйжаларын чыгармачыл жуурулуштурган.
4. КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ЭКСПЕРИМЕНТТЕР
Мейкиндикти куруу жараянындагы эң маанилүү кадам концепцияны ишке ашыруу болуп саналат. Жакшы коомдук жайлар бир саатта пайда болушпайт да, жакшыртууну баштоо үчүн адамдарга эң башында эле бардык жоопторго ээ болуу керек эмес. Маңызы «Оңой, ылдам, арзан» (ОЫА) долбоорлорун киргизип жана баалап, мейкиндикке акырындык менен өсүүгө жардам кылууда жатат.
Оңой, ылдам, арзан жасоонун миң бир ыгы бар! Биздин комплекстүү колдонмобуздан жана долбоорлордун бүткүл дүйнөлүк маалыматтар базасынан көбүрөөк билиңиз.
ОЫА долбоорлору кыска мөөнөттөрдү жана чакан бюджетти талап кылган, жана оңой ажыратууга мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү жакшыртуулар менен программалардан турушат. Бирок алар түп максат болуп саналбайт. ОЫА долбоорлору – бул өздөрүнүн коомдук жайлары үчүн коомдоштуктардын Мейкиндиктин көрүмүн киргизүүгө жардам кылуучу идеяларды текшерүү мүмкүнчүлүгү.
ОЫА долбоорлору түрдүү даражадагы убакытты, акчаны жана күч-аракетти талап кылып, ар кыл калыптарды кабыл ала алышат, төмөнкү өңдүү:

  • Ыңгайлуулуктар. Ийкемдүү отургучтардан китеп жана оюн киоскторуна, петуниялары бар клумбаларга жана коомдук көркөм өнөрлөрдүн айланма стенддерине чейин – мунун баары мейкиндикке активдүүлүк жана ыңгай кошо алуучу арзан каражаттар.
  • Программалоо. Үзгүлтүксүз иш-чаралар жергликтүү таланттарга түрткү берет, алар көрсөтө жана жаңы өнөктөштүктөрдү кура алышат. Бир жолку иш-чаралар улануучу программалоону алмаштыра албаса да, алар жаңы идеяларды текшерүүгө жана коомдоштуктун көрүмүн ыңгайлаштырууга жардам кыла алышат.
  • Жарык ылдамдыгында өнүгүү. Убактылуу курулмалар капиталды талап кылган курулушка альернатива боло алышат. Колдо бар имараттарга косметикалык оңдоо жасоого болот, ошол эле маалда бастырмалар, соода арабачалары, унаа контейнерлери жана керме курулмалар жаңы колдонууну камсыздай, жекечелик түзө жана кошумча инвестицияларды тарта алышат.
Оӊой, ылдам, арзан жасоонун миӊ бир ыгы бар! Биздин комплекстүү колдонмобуздан жана долбоорлордун бүткүл дүйнөлүк маалыматтар базасынан көбүрөөк билиӊиз.
5. УЧУРДАГЫ КАЙРА БААЛОО ЖАНА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ ЖАКШЫРТУУЛАР
Мейкиндикти куруу боюнча долбоор эч качан бүтпөй турганын унутуу оңой! «Оңой, ылдам, арзан» эксперименттери мейкиндикти куруу жараянына түрткү бере аларына карабай, алар жумушту эч качан чындап өз алдынча бүтүрүшпөйт.
Мыкты мейкиндикти түзүү – бул дайыма өнүгүүчү жараян: күндүн жана жылдын түрдүү мезгилинде мейкиндикти баалоону аткарып, мурдагы долбоорлорду текшерүү маанилүү. Мыкты парктарда техникалык тейлөө жана программалоо боюнча кызматчылар алардын узак мөөнөттүү планынын алкагында үзгүлтүксүз, ал эми кээде ар күн сайын баалоо жүргүзүшөт. «Сынган» буюмдарды издөөдөн тышкары, мейкиндиктин бөлүктөрү мезгил өткөн сайын кандай колдонуларына негизги көңүл бурулат.
Бул маалыматка ээ болуп, менеджерлер мейкиндикти жаңыдан ойлоп табууну уланта алышат жана физикалык тоскоолдорду жоюу, имараттардын туюк дубалдарына биринчи кабаттарга жабыштыра куруулар же программалоо же сактоо үчүн кошумча түзүмдөрдүн курулушу өңдүү кыйла узак мөөнөттүү жакшыртууларды жүргүзө алышат. Зарылдыгы болсо кошумча эксперттер, кеңешчилер жана өнөктөштөр калган конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүдө жардам кыла алышат.
Кызыкдар тараптарды тартуу да долбоордун узак мөөнөттүү өмүрүн түзө же буза алат. Мейкиндиктин көрүмү дайыма коомдоштуктун максаттарын чагылтуусун камсыздоо, балким, жараяндын көбүрөөк маанилүү бөлүгү болуп саналат. Башкаруу планын өзгөрүп жаткан жагдайларга ылайык ыңгайлаштыруу да мейкиндик адамдар тарабынан сүйүктүү жай болоорун жана мезгилдин өтүүсү менен майнаптуу колдонулаарын кепилдейт.
Бул макала «Мейкиндикти кантип өзгөртүү керек» китебинин, 2-басылышынын ред., коомдук жайдын мейкиндигин түзүү боюнча толук колдонмонун үзүндүсү болуп саналат. Китеп өзүнө жараяндын ар бир этабында эмне жасоо керектигинин, ишке ашыруунун тиешелүү шаймандарынын жана усулдарынын текшерүүчү тизмелерин жана башка көп нерсени камтыйт.
Брайант Парктын бул кызматчысы күнүнө эки жолу аймак боюнча сейилдейт жана эркектердин, аялдардын жана балдардын санын кол менен эсептөө үчүн эки кликерди колдонот.
Материалдын түп нускасы: «Мейкиндикти куруу деген эмне?» Коомдук жайлар үчүн долбоор, 2007