Drop us a line
We are always open for new collaborations
ШААРГА БОЛГОН УКУК
МААЛЫМАТКА ЖЕТҮҮДӨН БАШТАЛАТ
Азыркы маал. Бишкек. "кошуна участокто бак-дарактарды кыйып жатышат.
Ал жерге эмнени куруу пландалып жатканын кайдан билсек болот?" – деп су- рашууда белгилүү "дизель" форумунда шаардыктар. Бул форумда ушул өңдүү суроолор сейрек эмес. Тажрыйбалуу форумчулар эмне кылып, кайда кайрылыш керектиги айтып, мыйзамга шилтемелерди беришет... Бирок мунун баары курулуш иштеринин башталган фактысына гана реакция болуп кала берүүдеө. Бишкектеги көп батирлүү үйдүн жашоочусу бир күнү эртең менен ойгоноор замат кечээ эле бак-дарактар тигилип турган жерде, же балдар аянтчасынын ордунда кезектеги коммерциялык объект курулуп жатканын көрбөйт деген кепилдик жок. Эмне үчүн жарандарда шаардын жана куруучулардын пландары тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүгү жок?
ҮЙ ЖАНЫНДАГЫ ЖЕР УЧАСТОГУ
Жерге болгон жеке менчик Кыргызстанда 1999-жылы киргизилген жана жеке үйлөрдүн участоктору өз чек араларын алышкан. Көп батирлүү турак үйлөрдүн чек араларын аныктоо кыйын болгон. КР көп батирлүү турак үйлөрдүн чек арала рын аныктоо боюнча жобого ылайык, жашоочулардын өздөрү үйдүн жанындагы жер участогун (ҮЖЖУ) тариздөөнүн демилгечилери боло алышат. Алар жашоочулардын жалпы чогулушунда чечим кабыл алып, чогулуштун протоколу менен жер участокторунун чек араларын аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу органга (Бишкек Башкы архитектурага) кайрылышат. Бул орган өтүнмөнү карап, чек араларды аныктап, бул планды кайра жашоочуларга жиберет. Чек аралары белгиленген план көрүнүктүү жерде 3-4 күн илинип турушу керек. Ошондон кийин жашоочулар участоктун белгиленген чек аралары менен макулбу, же жокпу – ушуну чечип, Бишкек Башкы архитектурасына кабарлашат. Жашоочулар макул болгон учурда бул чек аралар бекитилет. "Көп кабаттуу үйдө менчикке өз укукту кантип катташ керек?" деген китеп-нускама чыккан. Бирок иш жүзүндө баары бир кыйла татаал: көпчүлүк турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери (ТМШ) айлап, атүгүл жылдап соттордо ҮЖЖУну каттоого укугун коргоп келишет. Көптөгөн талаштуу учурлар мэрия үй жанындагы аймактарды бизнесмендерге ижарага бергенине байланыштуу болууда. Ошондой эле ҮЖЖУну тариздөөдө жашоочулардын укуктары бузулганы тууралуу көптөгөн даттануулар "Биздин укук" коомдук фондуна келип түшөт. Себеби Бишкек башкы архитектура өзгөчө ыңгайлуу, жол боюнда же токтотмо жайларга жакын, көп батирлүү үйгө жанаша жайгашкан жерлерди ҮЖЖУга кошпой коет. Жер участоктору көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп эсептелет жана алар аны колдонуу, же ижарага берүү тууралуу чечимди өздөрү кабыл алышат. Ал эми узак мөөнөттүү келчекте ТМШнын финансылык туруктуулугу шаар үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы ушул күнгө чейин көпчүлүк көп батирлүү үйлөр үчүн ҮЖЖУну тариздөө маселеси чечилбеген көйгөй бойдон кала берүүдө.
Базель шаарынын (Швейцария) ЖУП онлайн картасы
БАЛКИМ КЕПТИН БААРЫ ЖАШООЧУЛАРДЫН МААЛЫМАТКА ЭЭ БОЛБОГОНУНДА ЖАНА ПАССИВДҮҮЛҮГҮНДӨ БОЛУП ЖҮРБӨСҮН?
Ал арада курулуш компаниялар Бишкекте жигердүү иш жүргүзүп, өкмөттө курулуш бизнесинин кызыкчылыктарын сүрөп, ошону менен катар өз кыйынчылыктарына даттанып келишет. Курулушчулар союзунун төрагасы, «Бишкек курулуш" курулуш компаниясынын башкы директору жана парламенттин мурдагы депутаты Аскарбек МОЛДОБАЕВ буларды айтат: «Курулуш бизнеси менен бийликтин кызыкчылыктары албетте дал келбейт. Биз көбүрөөк пайда табууга умтулсак, бийлик салыкты көбүрөөк чогултууга умтулат. Экинчи маселе – уруксат берүүчү документтерди алууда жергиликтүү бийлик менен тирешүүлөр. Тилекке каршы аткаминерлер калк менен талаш-тартыштарда тараптардын бири катары катышпайт. Адатта жергиликтүү тургундар тигил же бул курулманын курулушуна каршы чыгышат жана бул болсо түрдүү жаңжалдар менен коштолуп келет. Бул жагынан алып караганда өз маселебизди өзүбүз чечүүгө туура келет: жергиликтүү бийлик да, өкмөт да бул жерден бизге жардам бербейт» ()
Маалымат каражаттарында шаардыктардын көп кабаттуу үйлөрдүн жапырт курулушуна жана алардын сапатына байланыштуу суроолоруна жана тынчсызданууларына жооп катары Бишкек Башкы архитектура буларды ырастайт: «Чарчы метр үчүн соңку баасына карабастан бардык долбоорлор аны түзүү, долбоорлоо баскычынан өтөт жана эксплуатациялоого берүү бирдиктүү системага ылайык ишке ашат. Бул система Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбалык мамлекеттик агенттик (АКТжКЧМА) тарабынан иштелип чыккан» (http://magazine.kg/2670-2/).
Имараттардын бийиктигине жана жер титирөөлөргө туруктуулугуна карата Бишкек Башкы архитектура мындай пикирин айтты: «Бийик имараттардын курулушу – бул биринчи кезекте шаардагы аймактарды үнөмдөө жана зарыл болгон инженердик коммуникацияларды өткөрүүдө компакттуулук. АКТжКЧМАнын функциясына курулуп жаткан имараттарда турмуш тиричилигин камсыздоо боюнча маселелерге мониторинг жүргүзүү кирет. Жер титирөөгө туруштук бере алган курулуш жана инженердик долбоорлоо институту долбоорлоо жана курулуш боюнча ченемдик база менен камсыздалат. Өз кезегинде долбоордук уюмдар имараттарды долбоорлоо баскычында зарыл болгон талаптарды эсепке алат. СССР маалында колдонулган Турак жай ченемдерине жана эрежелерине салыштырмалуу коопсуздук чаралары бир кыйла катаалдашканын белгилей кетүү зарыл».
КР Сейсмология институту 2016-жылы чыккан No2 (8)3 журналында Кыргыз Республикасындагы шаарлардын сейсмологиялык коопсуздук темасына карата буларды жазган: «Коопсуздук чараларын күчөтүү көйгөйүн кеңири коомчулукта талкуулоонун өзү коомдун көңүлүн төмөнкүлөргө бурат: курулуштун өз наркынан тышкары 50дөн 100 пайызга чейин төлөп, эртең эле күчөтүш керек болгон жаңы үйлөрдүн жана башка курулмалардын санын көбөйтпөш керек. Мындан тышкары бул жеке жана коомдук сейсмикалык коопсуздук көз карашынан алып караганда өтө кооптуу».
Демек Бишкек Башкы архитекутра долбоорлоонун жана курулуштун бардык нормалары сакталган шарттарда бийик курулуштарды кол доого даяр экен. Бирок берилип жаткан уруксаттар натыйжада шаарда "таш жунглилеринин" пайда болушун, алар калаадагы транспорттук жана экологиялык кырдаалды ого бетер курчутуп жатканын, кошуна маңдайдагы үйлөрдүн жашоочулары жаңы тургузулган үйлөрдүн айынан күндүн бетин көрбөй калып жатканын, бала бакчалардын жана сейил бактардын ордунда үйлөр куруп жатканына алып келгенин кантип түшүнөбүз?
Пландалган имараттардын макеттери орнотулган Цюрих шаарынын (Швейцария) макети
ӨЗ УБАГЫНДА МААЛЫМДОО: ШВЕЙЦАРИЯДА БУЛ КАНТИП ИШТЕЙТ?
Шаардыктардын кошо катышуусу, же шаардын партисипативдүү өнүгүү принциби – коомчулук курулуш долбоору тууралуу маалыматты өз убагында алууга болгон мыйзамдуу укугу. Мунун тарапкерлери да, каршылаштары да бар. Өз убагында маалымдоо – бул батирлердин планы, чарчы метрлери жана курулуш компаниясынын дайын-даректери жазылган баннерлерди курулушу башталып калган үйдүн кашаасына илип коюу эмес. Бул – тапшырыкчыдан баштап долбоорлоого катышкан инженерлерге чейин бардык катышуучулардын дайындары жазылган долбоор тууралуу толук маалымат. Ошондой эле баннерде сөзсүз түрдө курулуш аяктачу мөөнөт жазылып, бул милдеттүү түрдө сакталууга тийиш (болбосо, курулуш компаниясына айып пул салынат). Объекттин көлөмүнө жараша курулуш процессин жаңжал коштобошу үчүн уруксат алганга чейин курулуш жүрчү жерге жакын үйлөрдүн жашоочулары арасында маалымат өнөктүгүн (воркшоп) өткөрүү зарыл. Эрте баскычта мындай практика албетте курулуш жана "пайда алуу" процесстерин жайлатат. Бирок келечекте курулуш компаниялары, саясат жана коомчулук курулуш процессинин ачык-айкындуулугуна көнүп калган маалда ойдогудай диалог түзүлөт.
АЧЫК ДИАЛОГ ЖҮРГҮЗҮҮ КААЛООСУ – ЖАРАНДЫК, КУРУЛУШ ЖАНА САЯСИЙ ЖАМААТТАРГА ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ
Швейцария: секилер болочоктогу объекттин бийиктигин көрсөтүүдө
Швейцарияда 1980-жылдардан бери секундасына 1 м2 курулат. Калкынын саны 8 миллион кишиден жогору жана аянты 41 288 км2 болгон Швейцария Европадагы калкы жыш жайгашкан өлкөлөрдүн катарына кирет. Салыштыруу үчүн – бир эле Ысык-Көл облусу 43 000 км2 болот. Тоолуу аймактарды эсепке алганда, Швейцария аймагынын 30% гана жашоо үчүн ыңгайлашкан. Тоолуу райондордо 1 км2 300-400 киши жашайт, ал эми Цюрих өңдүү ири шаардык агломерацияларда, же Женева көлүнүн тегерегинде жыштык 1 км2 4000ден 10 000ге чейин жашоочуну түзөт.
Бардык пландалган курулуш объекттеринин долбоорлору тууралуу коомчулукка маалымат берилиши керек – бул талап Швейцарияда эч кынтыксыз аткарылат. Бул мындайча ишке ашат: курулушка уруксат алууга өтүнмө тийиштүү жергиликтүү органга түшкөндө, участокто ошол замат пландалган курулуш объекттеринин көлөмүн белгилөө үчүн курулуш секи орнотулат. Эгерде курулуш шаарда пландалып жатса, анда пландалган объекттин макети шаардын жалпы макетинде сөзсүз орнотулуп, кызыкдар шаардыктар иш күндөрү кенен таанышып чыга алышат. Ошентип жашоочулар жана калган кызыкдар жактар жеринде пландалып жаткан курулуштун көлөмүн элестетип, ал канчалык алардын кызыкчылыктарына каршы келээрин биле алышат. Курулуш темир жолдорго, тоонун боюна, же транспорт түйүнүнө жанаша курула турган болсо, курулуш секилери объекттердин жайгашкан жерин жана көлөмүн так көрсөтүүгө тийиш. Курулуш секилерин орнотуу менен бир эле маалда мамлекеттик же муниципалдык гезитте (мисалы, биздеги «Слово Кыргызстана» гезитиндегидей) басылмаларда долбоор тууралуу маалымат жарыяланат. Гезитти коомдук имараттардын маалымат такталарында, атүгүл айрым борбордук кафелерден табууга болот. Гезитке жарыяланган учурдан тартып отуз күндүн ичинде шаардыктар долбоор менен таанышып чыгып, эгерде алар дын укуктары же курулуш ченемдери бузулуп жатса, сотко даттана алышат.
Уруксат берүү процессине чейин, же талаштуу маселелерди жөнгө салганга чейин секилер ордунда кала берет. Администрациянын уруксаты болмоюнча, аларды бузууга болбойт. Курулушка уруксат алынгандан кийин секилер бир нече күндүн ичинде алып салынат.
МЕЙКИНДИКТИ ПЛАНДОО ТУУРАЛУУ
Биринчи кезекте мыйзамдарда параметрлер бекитилген. Ошол параметрлер боюнча коомдук жана жеке кызыкчылыктар бузулганбы, же жокпу деп текшерилет. Швейцариянын бул федералдык мыйзамына ылайык, курулушка уруксат берүү процессинде компетенттүү орган долбоордо төмөнкүлөрдү текшерет:

  • долбоордун функционалдык багытын (турак жай зонасында турак үй, өнөр жай зонасында өнөр жай, же аралаш зона ж.б.);
  • участоктун жеткиликтүүлүгү / инфраструк- турасы;
  • участоктун чек арасынан (кызыл сызык) аралык, бийиктик эрежелеринин сакталышы, жыштык коэффициентинин сакталышы (бир чарчы метрге жашоочулардын саны) ж.б.;
  • абанын тазалыгынын сакталышы жана катуу добуштарга чектөө;
  • аймактын сырткы көрүнүшүн сактоо;
  • жана башкалар.
Имаратты жана курулманы тургузууга жана модификациялоого уруксат талап кылынат. Объекттин багытын өзгөртүүгө жана кайра курууга (мисалы, батирди бий студиясына айландырууга) да уруксат сөзсүз түрдө алынышы керек. Себеби функционалдык маанисинин өзгөрүүсү кошумча инфраструктураны өткөрүүгө жана айлана чөйрөгө кошумча жүк алып келиши ыктымал.
Мамлекеттик эрежелер минималдуу талаптар болуп эсептелет. Ар бир облус аларды толуктап, күчөтө алат. Кайсы объекттердин курулушуна уруксат талап кылынат, ал эми кайсыларына керек эмес деп так бөлүнгөн эмес. Уруксат алуу жол-жоболору ар бир учурда жеке бааланат. Курулуш ченемдери бардык тапшырыкчылар үчүн бирдей – жеке жактарга, мамлекетке, шаарлардын жана райондордун администрацияларына. Улуттук мааниге ээ инфраструктураны өткөрүү үчүн атайын эрежелер иштейт (темир жол, унаа жана аба жолдору, өлкөнү коргоо үчүн имараттар жана курулмалар, ядролук объекттер). Багыты боюнча аталган зоналардын функцияларына туура келбеген курулуш пландары белгилүү бир шарттарда өзгөчө тартипте уруксат алалышат. Мисалы, тоолуу же токой жеринде киши көп жүрчү жолдо ресторан, же тоодо ресторан, мейманкана куруу.
Бишкекте өткөн Биринчи Урбан форумда курулуш секилери тууралуу докладдан кийин Эйфел мунарасынын курулуш тарыхы мисал катары келтирилип, жакшы суроо узатылды. Нааразы болгон шаардыктар, өзгөчө сүрөтчүлөр мунараны "монстр" жана Париж үчүн "уят" катары каргашкан эле. Атүгүл бул темир монстрды жок кылуу боюнча Комитет да түзүлгөн. Эми болсо Эйфел мунарасы шаардын символуна айланып, миллиондогон туристтерди өзүнө тартууда. Кайсы учурга чейин карапайым кесипкөй эмес шаардыктын пикири менен эсептешиш керек?
1-МИСАЛ. ЖЕКЕ ҮЙДҮН КУРУЛУШ.
Окуумдун биринчи жылында калкынын саны 1,5 миң киши болгон кыштакта жеке үйдү долбоорлоого катышып калдым. Ал чакан үй эле - 10х7.3м + 2 м болгон үйдүн жанындагы ку- рулуш. Участоктун чек арасынан негизги объектке чейинки аралык 4 метрден кем болбоого тийиш. Кампа жайлар үчүн бул аралык – 2 метрден кем эмес.
Баштапкы план боюнча үйдүн чатыры чоң, оң жактагы жылытылбаган кампаны кошо жабыш керек эле. Январдын башында биздин долбоор тууралуу маалымат жергиликтүү гезитке жарыяланды. Бир нече күндөн кийин тапшырыкчынын дарегине оң жакта жашаган кошуналардан доо арыз түштү. Алар чатырдын долбоору курулуш эрежелерин бузуп жатканын айтышкан. Доо арызда үйдүн жанындагы курулманын чатырын өз алдынча кылып, 80 см түшүрүү сунушталган. Бул кошуналар менен жолугушуу болду. Ага кардарыбыз бизди долбоордун автору катары чакырган. Кошуналар тараптан архитектор чакырылган. Сүйлөшүүлөр архитектор-архитектор деңгээлинде жүрдү. Кошуналардын архитектору бул облус үчүн курулуш ченемдери жазылган китепти алып, алардын чындыгын тастыктаган бөлүктөрүн окуп берди.
Биз чертёжубузда чатырды өзгөртүп, долбоорду кайра бердик. Бизден кайра жасалган долбоор түшкөндөн кийин кошуналар доосун кайтарып алып, кардарыбыз курулушка уруксат алган. Расмий уруксатка доого байланышкан бардык иш-аракеттер тууралуу деталдуу протокол тиркелген.
2-МИСАЛ. ШААРДЫН БОРБОРУНДАГЫ КУРУЛУШ.
Калкынын саны 18 миңдин тегерегинде болгон чакан шаарчанын тарыхый борборунда (салыштыруу үчүн: Тунгуч кичирайонунда 12 миң киши жашайт) биринчи кабатында кийим саткан дүкөн жайгашкан кеңсе имаратын бузуп, ошол эле дүкөнү бар көп батирлүү жаңы үй куруу пландалып жаткан. Имараттын функционалдык багытын өзгөртүү процессинен кардарлар конкурсту өткөргөнгө чейин эле өтүп коюшкан. Биздин бюро даярдаган долбоор конкурстан утуп алып, эскиз баскычынан кийин биз жумушчу (деталдуу) пландарды аткарууга кириштик. Шаардын тарыхый бөлүгүндө курулушка уруксат алуу үчүн фасадды жасалгалоо үчүн колдонулган материалдар, терезе жана каалгалардын калыңдыгы жана материалдары, алардын үстүңкү бети ж.б. тууралуу маалымат бериш керек. Башкача айтканда, уруксат алганга чейин эле биз фасаддын деталдуу чертёжун даярдай баштаганбыз.
Курулуш үч жылда жыйынтыкталат деп пландаштырыган. Бул мезгил ичинде биринчи кабаттагы кийим саткан дүкөн ошол эле жерден – шаардын тарыхый борборунан убактылуу имарат алышы керек болчу. Атүгүл ушул убактылуу объектти орнотууга уруксат алуу үчүн да биздин бюро өзүнчө долбоор бериши керек эле жана шаардыктарды милдеттүү түрдө кабардар кылышы керек болчу.
Жергиликтүү шаардык органга бул чакан убактылуу объекттин пландарын бергенден кийин жергиликтүү гезитте долбоор тууралуу маалымат жарыяланды жана ошол эле күнү адистештирилген фирма биздин чертёж боюнча курулуш секисин орнотту. Ошол күндөн тартып шаардыктарда долбоорду карап чыгып, ага макул болбосо доо берүүгө 28 күн убактысы бар болчу. Кийинки күнү эки райондук комитеттен каршы пикир түштү. Анткени план боюнча убактылуу дүкөн жарым-жартылай велосипед токтотмо жайында жайгашмак. Андыктан бир доо велотранспортту жайылтуу боюнча жергиликтүү уюмдан түштү.
"Биз ушул күнгө чейин шаардын бардык долбоорлорун колдоп келгенбиз. Бирок бул долбоор өтө эле аша чаап кетти" деп жазды райондук комитеттин президенти. "Ансыз да татаал жер алдындагы өтмө жолдо машинелер, жөө жүргүнчүлөр, велосипед тепкендер жана автобус кесилишип калууда, эми ушул убактылуу объекттин айынан бул жол да жабылчудай. Өзгөчө бул жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу. Биз балдарыбыз үчүн ого бетер тынчсызданып турабыз" деп айтылат доо арызда.
Велотранспортту жайылтуу боюнча уюмдан доо: "Курулуш маалында бул борбордук аянтка автобус менен жетүү мүмкүн болбой калаарына байланыштуу кошуна соода борборлордун сатып алуучулары велосипеддер менен келүүгө аргасыз болушат. Ошондуктан эмне үчүн 68 орундуу велосипед токтомо жайы ушул убактылуу соода объектиси үчүн 8 орунга кыскарышы керектигин түшүнө албай турабыз. Велосипед үчүн дагы 30 орун бөлүнүшү керек".
Натыйжада убактылуу объект бул киши көп жүргөн жерде жайгашпай калды. Негизги имаратты бузуп, кайра куруу иштери уруксат алууга өтүнмө алынган күндөн кийин эки жылдан соң гана башталган.
Эрежелер баарына белгилүү болуп, сакталган учурда стагнациядан оолак болуу бир кыйла жеңил.
Материалдын түп нускасы «МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналында
АПРЕЛЬ 2017 | No 4 (65) санында жарык көргөн

Сайкал Жунушова, архитектор, Швейцарияда жана Кыргызстанда
иштейт, Швейцария архитекторлор союзунун мүчөсү