Drop us a line
We are always open for new collaborations
ШААРДАГЫ ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫ: МАЛСЫЗ ООКАТ БОЛБОЙТ?
Совет маалында Кыргызстандын көпчүлүк шаарларында заводдор шаар түзүүчү ишканалар болуп саналчу. Шаардык инфраструктура, инженердик-транспорттук коммуникациялар жана турак жай курулушу өнөр жай объекттеринин суро- о-талаптарына жараша түзүлчү. СССРдин урашы жана өндүрүштүк байланыштардын талкаланышы шаар турмушунун сапатына терс таасирин тийгизди. Көпчүлүк заводдор жана ишканалар менчиктештирилип, талкаланды. Миңдеген шаардыктар жумуш орундарынан ажырады.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана экономиканын башка тармактары ишке болгон таңсыктыктын ордун толуктай алган жок жана натыйжада миңдеген адамдар чоң шаарларга же башка өлкөлөргө иш издеп кетишти.
Тиричилигин жүргүзүү үчүн көпчүлүк шаардыктар айыл чарбасы менен алектене баштады. Үйдө мал багуу, шаардагы жемиш багы жана бакча көпчүлүк шаардыктар үчүн кирешенин жана тиричилик жүргүзүүнүн негизги булагына айланып калды. Чейрек кылым мурда түзүлгөн кырдаал ушул күнгө чейин заманбап шаарлардын азыркы абалына олуттуу таасирин тийгизип келатат.
Шаарлар форумуна даярдык көрүүнүн алкагында беш шаарда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, мал багуу Кыргызстандын чакан шаарларында жашаган калктын экономикалык ишмердүүлүгүнүн негизги түрлөрүнүн бири болуп эсептелет.
2002-жылы жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, Токмок шаарында жеке курулушу бар жашоочулардын 45% бодо мал же үй жаныбарларын кармайт. Натыйжада малды үйдө багуу шаардын курулуш куруу жана жер пайдалануунун эрежелеринде жазылган жана бекитилген жер участокторун пайдалануунун регламентинде орун алды.
Совет маалында Токмок ондогон заводдору бар ири өнөр жай борбору катары белгилүү болчу. Азыр шаар өзүнүн мал базары менен белгилүү. Бул Кыргызстандагы эң чоң мал базар болуп эсептелет.
Нарында малды дээрлик бардык жерден көрүгө болот – борбордо да, шаардын четинде да. Нарында өнөр жай ишканалары жок. Ошондуктан калктын басымдуу бөлүгү үйдүн жанындагы аймактарда мал багуунун эсебинен жан багат.
Кыргызстандын шаарларында мал – бул шаардык турмуштун кадыресе элементи, күнүмдүк шаардык социалдык сценарий деп койсо да болот.
Кыргыз Республикасы эгемендигин алган алгачкы оор кризистик жылдары көпчүлүк шаардыктар малдын арты менен жашап кетишти. Атүгүл азыр да шаарда мал баккан жашоочулардын үлүшү олуттуу жана шаарлардын социалдык-экономикалык абалына таасирин тийгизип келет. Шаарларды изилдөө көрсөткөндөй, мал багуу – бул учурдагы шаардык контексттин ажырагыс бир бөлүгү жана шаар мейкиндиктерин долбоорлоштурганда мына ушул факторду эсепке алуу зарыл.
Шаарда мал багуунун өзүнүн тобокелдиктери жана көйгөйлөрү бар. Шаардыктардын баарына эле тротуардан баратып, кыкты тебелеп алган жага бербейт. Мал жаюу да шаарды жашылдандырууга жана коомдук жайларды колдонууга терс таасирин тийгизип жатат. Түзүлгөн кырдаалда малды шаардын чегинде багууга жана жаюуга уруксат берген регламенттерди кайра карап чыгып, тактоо зарылчылыгы бар. Ушуну менен бирге санитардык жана ветеринардык ченемдерди гана эмес, маселенин эстетикалык жагын, шаарды көрктөндүрүү принциптерин да эсепке алуу өтө маанилүү.
Оор жылдары мал багуу көптөргө оокатын өткөрүүгө жардам бергени талашсыз. Бирок шаарлардын келечеги муниципалитеттер кантип жана кандай багытта өнүгөөрүнө көз каранды болот.
Материалдын түп нускасы «МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналында
АПРЕЛЬ 2017 | No 4 (65) санында жарык көргөн

Атай Самыйбек уулу, шаарды пландоочу