Drop us a line
We are always open for new collaborations
КЫРГЫЗСТАНДЫН ШААРЛАРЫ УРБАНИСТТИК ИЗИЛДӨӨДӨ
Кыргызстандын шаарлары, алар кандай?
Жандуу, же ээнсиреген, алыс же жакын, кылмыштуу же коосуз... Ар бир шаар тууралуу өлкө жашоочусунда кандайдыр бир пикир калыптанып калган. Бирок уламыштар айтылып жургөн шаарларга барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашып, көчөлөрүн кыдырып чыккандар аз эле.
Шаарды шаар кылган эмне? Бул суроо тарыхчыларга жана антропологдорго узатылат.
Атайын биринчи улуттук урбанисттик форумга карата "Шаар демилгелери" коомдук фондунун адистери
"Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен чакан жана орто шаарлардын шаардык чөйрөсүнө биринчи дисциплинарлар аралык изилдөө жүргүзүштү. Урбанисттик изилдөөлөр буга чейин Бишкекте (бирок комплекстүү эмес) жана Ошто (Ош Ур- бан Форумдун алкагында социалдык капиталды изилдөө) гана өткөрүлгөн. Ошондой эле түрдүү долбоордук, көбүнчө эл аралык уюмдардын атайын изилдөөлөрү бар. Бирок Кыргызстандын шаардык чөйрөсү, жашоо сапаты жана шаарлардын жамааттары тууралуу маалыматтар дээрлик болгон эмес. Бул макалада беш шаарда жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин төрт айда топтолгон жыйынтыктаган корутундулары жана байкоолору келтирилет.
Команда жана методология
Комплекстүү анализ учурдагы кырдаалды баа- лап, шаарларда кандай көйгөйлөр бар болгонун, аларды түрдүү шаардык субъекттер кантип чечип жатканын жана шаарлардын өнүгүүсүндө де- милгелер кандай роль ойной турганын түшүнүш үчүн керек. Ошондой эле изилдөө Форумдун командасына шаар кандай билимге, кызмат көр- сөтүүлөргө жана чечимдерге муктаж болгонун баалоого, ошондой эле шаарды өнүктүрүүдө түрдүү субъекттер менен түз тааныша башто- ого жардам берди. Изилдөө тобунун курамы- на киргендер: изилдөөнүн куратору – урбанист Динара КАНЫБЕК кызы, изилдөөчү-аналитик Салтанат АНАРБАЕВА, шаарды пландоочу Атай САМЫЙБЕК жана антрополог Зарина УРМАНБЕТОВА. 2016-жылдын декабрынан 2017-жылдын март айына чейинки мезгил аралыгында изил- дөөчүлөр шаармандар жана ЖӨБ адистери ме- нен биргеликте шаардын комплекстүү анализи үчүн маалымат чогултушту.

Биз Кыргызстандын бардык шаарларын изил- дөөгө катышууга чакырганбыз. Бирок убакыт чектелүү болгондуктан (4 ай) эң көп дегенде беш шаарды тандай алдык. Коомдук уюмдар- дан, активисттерден жана түрдүү шаарлардын мэрияларынан 20дан ашык табыштама түштү. Алардын ичинен кызыкдарлыгын тастыктаган, мэрия жана башка жактар менен сүйлөшүүлөргө катышууга даяр болгон, ошондой эле изилдөөнү уюштуруу жана ага катышуу ниетин билдирген- дерди тандап алдык. Бул шаарлар – Токмок, Балыкчы, Нарын, Баткен жана Исфана.
Изилдөөнүн методологиясы төмөндөгүдөй үч компонентти камтыды:
Физикалык чөйрөнүн анализи
команда шаарды пландоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн, инфраструктуранын абалын жана кодонулушун, социомаданий объекттерди, коомдук мейкиндиктин сапатын жана аларды колдонуунун сценарийин изилдеди.
Шаар маалыматтары менен иштөө
Бул компонент боюнча шаарлардын мэрия- лары менен иш жүрдү. Алар суратылган көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды бе- рип турушту. Бул маалыматтарга жасалган анализ "шаар маалыматтарынын топто- мун" иштеп чыгууга жардам берет, шаар тууралуу азыркы учурдун алкагында ачык элес, реалдуу суроо-талаптарды жана тур мушта колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн берет.
Жергиликтүү шаардык активист-шаарман- дар менен таанышуу
Бул компонент жергиликтүү демилгелердин өзгөчөлүктөрүн, жигердүү шаардыктардын мотивациясын, ошондой эле бул демилгелерди колдоодо муниципалитеттин ролун түшүнүү үчүн маанилүү. Ошондой эле бул иштер өлкө боюнча шаармандардын кеңири түз тармагын уюштуруу үчүн өтө баалуу болуп турат.
Шаарлар кантип күн көрүүшүүдө?
Экономикалык жана социалдык сценарийлер шаар чөйрөсүн кантип өзгөртүүдө?
Кыргызстандын шаарлары бири биринен абдан айырмаланып турат, ар бир шаардын өз тарыхы бар – айрымдары жүздөгөн жылдар мурда түптөлсө, айрымдары жакында эле "эрезеге жеткен". Албетте ар бир шаардын өзгөчөлүгү географиясы жана түптөлүүсү, өнүгүү тарыхы менен шартталат. СССР урагандан кийин мурда пландуу экономика системасына киргизилген көптөгөн шаарлар стагнациянын оор мезгилин башынан өткөрүштү. Баары эле бул абалдан чыгып кете алышкан жок. Физикалык да, моралдык маанисинен алганда да жөндөмсүз болуп калган, изилдөөгө катышкан шаарлар өз артыкчылыктарын, күчтүү жактарын аныктап, андан ары өнүгүүгө түрткү алуу үчүн көпкө чейин күчүн топтой албай келишти. Бирок азыр шаарлар келечекке багыт алышты – мындан шаар бийликтери пландаган долбоорлор, жигердүү шаардыктардын – шаармандардын демилгелери кабар берүүдө, ошондой эле изилдөөчүлөр менен сүйлөшкөндө жашоочулар өздөрү да айтып беришти.
Постсоветтик мезгилдеги экономикалык жана социалдык-маданий кризиске жооп катары пайда болгон шаардык демилгелер шаарлардын өнүгүү багытын аныктоого жардам берүүдө. Бул процесске түрдүү шаардык субъекттер кошулууда: жергиликтүү бийлик, жигердүү шаардыктар, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, эксперттер. Шаардын келечеги жашоочулардын өз колунда экенин баамдап, "чээнге кирген" жана "уйкусураган" абалдан чыгыш керектигин түшүнүү ар кимде ар башкача пайда болот. Айрым жерлерде жаштар буга чейин болуп келген райондор аралык тирешүүлөрдү унутуп, шаардык чогулуштарга жигердүү катышып, өз алдынча маданий иш-чараларды уюштуруп, кошумча билим алуу менен бириге башташты. Ал эми башка шаарларда коомдук мейкиндикти жакшыртуу үчүн күч-аракеттерди, ресурстарды бириктирип, "кичи Мекениңдин өнүгүүсү үчүн эч нерсе жасабастан мамлекетти сындаба" деген принцип боюнча өнүгүшүүдө.

Ар бир шаарда биздин команда кызыктуу жана уникалдуу шаармандар менен тааныша алды. Дал ушулар шаарлардын кыймылдаткыч күчтөрү болуп саналышат. Ар бир шаардын өзүнүн шаарманы бар. Айталы, Токмокто алар селсаяктарга жана кары-картаңдарга жардам берип, кайрымдуулук жана ыктыярдуу иштер менен алектенишсе, балыкчылыктар райондор аралык, кошуналык мамилелерди бекемдөөнүн үстүнөн иш алып барышууда. Ал эми Нарында шаармандар коомдук мейкиндикти оңдоого билек түрүнө киришти. Баткендик шаармандар чакан бизнести, негизинен социалдык багыттагы ишкерчиликти жигердүү түрдө өнүктүрүп жатса, исфаналыктар бүтүндөй Лейлек районунун жарандык коому менен ийгиликтүү иш алып барышууда. Исфана – Википедияда толук маалымат жазылган жалгыз шаар. Эгерде түндүктөгү шаарларда биз демилгелер негизинен кайрымдуулукка, шаардык коомдук мейкиндикти оңдоого жана жакшыртууга байланышканын, бир топ көңүл искусствого жана визуалдык тышкы келбетине бурулганын көрсөк, түштүктөгү шаарларда абдан жигердүү жана иштерман жергиликтүү, эл аралык бейөкмөт уюмдар, этностор аралык жана чек аралар аралык мами- лелер боюнча, бейөкмөт уюмдардын аймактагы потенциалын бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.
«МЕН БУЛ ЖЕРДЕ ТӨРӨЛҮП, ӨСКӨМ. "ӨЗ ШААРЫҢ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ ЖАСАДЫҢ? ӨЗ ШААРЫҢДЫ ОҢДООГО КАНДАЙ САЛЫМ КОШТУҢ?" – МЫНА УШУЛ СУРООЛОРДУ ӨЗҮМӨ БЕРЧҮМҮН. ОШОНДОЙ ЭЛЕ МЫНДАЙ ИШТЕР ҮЧҮН ЭЛДИ, ӨЗГӨЧӨ ЖАШТАРДЫ, ӨСҮП КЕЛАТКАН МУУН ТАРТЫШ КЕРЕК ЭЛЕ. БИЗ ӨЗ КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ ЖАСАДЫК?»

Муса Жесаев
Нарын
КООМДУК МЕЙКИНДИКТИН АБАЛЫ ЖАНА АЛАРДЫ КОЛДОНУУ
Көпчүлүк шаарларда коомдук мейкиндик тышкы келбети боюнча да, функционалдык колдо- нулушу боюнча да окшош. Административдик имараттар орун алган кенен, бош турган аянттар жана ал жердеги Лениндин эстелиги – бардык постсоветтик шаарлардын таанымал
белгиси. Биздин шаарлардыда бул кыйгап өткөн жок. Исфана шаары гана айырмаланып турат –башкы аянтта Исхак Раззаковдун эстелиги турат. Борбордук аянттар салттуу түрдө жалпы улуттук жана шаардык расмий майрамдарды жана иш-чараларды өткөрүү үчүн колдонулуп келет. Бул жерге шаардыктар саясий иш-чаралар (шайлоо, митингдер) үчүн чогулушат. Дээрлик ар бир шаарда куну качкан отургучтары жана эстеликтери, же Улуу Ата Мекендик согушка арнап орнотулган мамылар менен сейил бактар бар. Бирок сейил бактардын абалы чеке жылытпайт, балдар ойной ала турган жакшы аянтчалар дээрлик жокко эсе, көзгө толчудай эмеректер да жок жана алар жашоочулар арасында анчалык популярдуу эмес. Адатта ачык коомдук мейкиндик форматы – бул советтик пландоонун мурасы. Ошондуктан алар шаардыктардын заманбап суроо-талаптарына жооп бербейт. Көпчүлүк сейил бактар жана гүл бакчалар кризистик 90-жылдары талкаланып отуруп жок болгонун, ал эми андан кийин аларды калыбына келтирүүгө каражат табылбаганын белгилей кетүү зарыл. Токмокто да улуу муундун өкүлдөрү ностальгия менен эстеп жүргөн шаардык гүл бакча толугу менен талкаланган. Шаарда коомдук мейкиндикти курулуштардан коргоо маселеси курч турат. Эң белгилүү мисал – Балыкчыда аянты эки гектар болгон борбордук сейил бак курулуш үчүн басып алынган. Жабык коомдук мейкиндикти колдонуунун жакшы мисалын Нарын шаарынан көрүүгө болот. Бул жерде китепканаларды оңдоо боюнча чоң иштер жасалды, алардын иштөө форматы өзгөрдү, жаңы билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү жана өзүн өзү өнүктүрүү үчүн ресурстар пайда болгон. Аны менен катар китепканалар коворкинг-борборлор катары иштей баштады. Чындап эле алар бардык жаш курактагы шаардыктар, өзгөчө окуучулар арасында популярдуу.
Жалпысынан беш шаардагы мейкиндиктин уюштурулушу менен таанышуунун натыйжасында учурда "коомдук мейкиндик" түшүнүгүн, ыктымал форматтарын, функцияларын жана аларды толуктоону кайра карап чыгуу зарылчылыгы өтө актуалдуу болуп турат.
БАРДЫК ЖОЛДОР БАЗАРГА АЛЫП БАРАТ
Базарлар – бул шаарлардын эң жандуу бөлүктөрү, шаардагы активдүүлүктүн чордону. Алар жергиликтүү калкты гана эмес, ошону менен бирге жакын жерде жайгашкан айылдардын элин да тейлөө менен шаардын экономикасынын маанилүү объекттери болуп эсептелинет. Бардык беш шаарда тең жашоочулар Советтер Союзу кулагандан кийинки кризис маалында калааны жана элди "куткаруучу" катары базарларды аташкан. Бүгүнкү күндө да базарлар экономикалык жана социомаданий мейкиндик статусун жогото элек. Көпчүлүк шаарларда балдар үчүн көңүл ачуучу инфраструктуранын жоктугу базарларды балдар менен убакытты чогуу өткөрчү жерге айландырды. Социо-маданий жагынан алганда базарлардын маанисин шаардагы транспорттук каттамдар да тастыктап турат – маршруттук каттамдардын негизги бөлүгү шаардык базарлардын аймагы аркылуу өтөт жана бул көрүнүш алардын дагы бир функциясын – расмий эмес вокзал катары милдет аткарарын да көрсөтүп турат.
Ошентип, базарлар – бул сатуу-сатып алуу жери гана эмес, бул ошондой эле коомдук мейкиндик, социалдык коммуникациялар борборлору, бейформал "вокзалдар" же башкы транспорттук түйүн. Алар шаардын көпчүлүк жашоочуларынын негизги социалдык жана маданий сценарийлери ишке ашкан, адамдар ортосунда күнүмдүк байланыш түзүлгөн, маалымат менен алмашуучу жерлерге айланды.

Базарлар өзүнө шаардагы көйгөйлөрдүн негизги бөлүгүн топтогон: жол тыгындары, унаа токтотмо жерлердин жетишсиздиги, туш келди соода жана тазалыктын сакталбаганы. Базарлардын айланасындагы башаламан курулуштар, курулуш нормаларынын сакталбаганы кооптуу кырдаалдардын пайда болушуна себепчи.
"АТҮГҮЛ БАЛДАРЫБЫЗ ДА ДЕМ АЛЫШ КҮНДӨРҮ БАЗАРГА БАРЫП КЕЛЕЛИ ДЕП СУРАНЫШАТ.
БУЛ АЛАР ҮЧҮН КӨҢҮЛ АЧУУ, МАЙРАМ СЫЯКТУУ" - Лола Б., Токмок

ЭКОНОМИКА ЖАНА ШААРЛАР АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР
СССР урап, өнөр жай өндүрүштөрүнүн жабылышы менен, шаарлар үчүн негизги жоготуу эмгекке жарамдуу, билимдүү адамдардын сыртка чыгып кетүүсү болду. Алардын үйлөрүн жакын жайгашкан айылдардын тургундары ээлеп, шаарга өзү үчүн көнүмүш жашоо образын "көчүрүп" келишкен. Жумуш орундарынын таңсыктыгы шаарлардын көпчүлүк жашоочуларын өз үйүндө мал багууга мажбур кылды. Мал багуу менен катар бул багытта соода да өнүгө баштады. Бирок базарда соода кылуу да, мал багуу да жумушсуздук көйгөйүн чече алган эмес. Көпчүлүк шаарлар үчүн башка өлкөлөргө миграцияга чыгып кетүү үй-бүлө багуунун жалгыз жолуна айланды.
Мигранттар которгон акча – бул шаарларга салынган негизги инвестиция. Мигранттар которгон акчанын жардамы менен шаарларда экономикалык турмуш жанданып, үйлөр курула баштады. Шаарлардын борборунда соода түйүндөрүнөн тышкары банктардын филиалдары жана башка финансы мекемелер да ачыла баштады. Шаарларда жеке турак жайлар курулууда. Бирок аймактын комплекстүү өнүгүүсү тууралуу айтуу азырынча эртелик кылат. Коомдук мейкиндик кеңири болгон борбордук кварталдар жана негизги көчөлөр гана бир кыйла өзгөрдү. Анткени алар экономикалык жактан көбүрөөк активдүү, бул жерде коммерциялык кыймылсыз мүлк жана дүкөндөр, эс алуу жайлары жайгашкан.
Көпчүлүк шаарлар мурдагы өнөр жай ишканалардын, коммуналдык чарбалыктын аймактарын пайдалануу жолдорун издеп, боштукту толтуруу аракетин көрүүдө. Бирок шаарларда жеке курулуштар да – бир кабаттуу үйлөр басымдуулук кылат, анда-санда гана эки кабаттуу үйлөр көзгө урунат. Бардык шаарларда коомдук транспорттун бери дегенде 2-3 каттамы бар (маршруткалар, Нарында троллейбус жүрөт). Алар шаардын бардык райондоруна жетпесе да, шаардыктар арасында көп колдонулуп келет. Шаардыктардын жана ЖӨБ өкүлдөрүнүн айтымында, коомдук транспортту өнүктүрүү, жаңы каттамдарды ачуу өзүн актабайт. Кеңири колдонулган транспорттун дагы бир түрү – жолдон тоскондорду алып кете берген такси (ар бир адамдан 15-20 сомдон алышат). Токмок, Балыкчы жана Нарын шаарларында көпчүлүк эркектер такси айдап акча табышат.
Беш шаарда жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, "шаар – айыл" байланышы өтө күчтүү. Жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары айыл чарба продукциясын шаарларда сатышат, жаштар шаарга келип окушат. Балыкчыда көчмө базарлар практикасы бар – шаардагы базардын соодагерлери жакын жайгашкан ири калктуу конуштарга – Тоң менен Кочкорго ж.б. келип, товарларын сатышат. Шаарлардын географиялык жайгашуусу да шаарлар ортосундагы экономикалык жана социалдык байланыштарга таасирин тийгизет. Токмоктун экономикасына да Бишкекке жакындыгы олуттуу таасирин тийгизүүдө – эгерде элеттиктер Токмокко келсе, токмоктуктардын көбү ишке байланыштуу Бишкекке катташат. Ошондой эле Токмок Казакстандын чек аралаш райондору менен да байланышта болсо, ал эми Исфана кошуна Хожент шаары менен тыгыз байланышта турат.
ШААРДЫК МЕДИА
Айрым бир учурларды кошпогондо, шаардык ММК – бул айына эки жолу жарык көргөн гезиттер жана анда негизинен расмий жаңылыктар жарыяланат. Гезиттердеги жаңылыктар тез эле эскирип, мындан улам алар көп популярдуу болбой калат. Бирок көпчүлүк шаардыктар аларды баары бир туруктуу сатып алып турушат. Гезиттер жаңы технологиялар, маалымат алуунун жаңы аспаптары менен атаандашууга жөндөмсүз болгону да алардын өтүмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Квалификациялуу кадрлардын чоң шаарларга же чет өлкөлөргө кетиши шаарларда ММКнын натыйжасыз ишинин бирден бир себеби болууда. Бул чөйрөдө иштегендер болсо адатта маалыматты жайылтуунун жаңы усулдарын колдонуу боюнча көндүмдөргө жана билимге ээ эмес. Башка бир көйгөй – көз карандысыз ММКнын жоктугу. Санарип технологиялардын кылымында жана жаңы медианын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болгон заманда өлкөдөгү чакан шаарлар бул артыкчылыктарды колдоно албай жатышат.
Жаңы усулдарды туура колдонуу жана шаардыктардын түрдүү аудиториясына кызыктуу боло турган материалдарга фокус жасоо бул кемчиликтин ордун толуктоого жардам бермек.
Балыкчыдагы шаардык гезит социалдык тармактарда өз баракчасын ачып, жаңы медианы колдоно баштагандан тарта аудиториясы да кеңейди. Гезитти башка шаарларда жана өлкөлөрдө жашагандар окуй баштады.
Жаңы медиа усулдарын колдонуунун ийгиликтүү мисалы катары токмоктук активист Марат АБДРАЕВдин ишин белгилесе болот. Ал социалдык тармактарда активдүү талкуулар үчүн аянтча түзө алды. Одноклассники сайтындагы "Мен Токмокту жакшы көрөм" деп аталган топто токмоктуктар шаардын көйгөйлөрүн талкуулап, аларды чечип, жардамга муктаждарга акча чогултушат. 2015-жылы Марат Токмок шаарынын мэринин кеңешчиси болуп иштеп, мэриянын соцтармактардагы расмий баракчаларын башкарчу. Ал токмоктуктарга жаңылыктарды өз убагында жеткиргенден тышкары, шаардык инфраструктуранын иштешине байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө калкка ийгиликтүү жардам берип турган. Өз кезегинде мэрия ишинин сапаты жана калаадагы маанилүү окуялар тууралуу шаардыктардын пикирин ыкчам билип турган. Социалдык тармактардагы баракчалар азыр дагы иштеп жатат, бирок форматы өзгөрдү – мэриянын расмий баракчалары катары эмес, Токмок шаарынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча аракеттерди бириктирүү максатында виртуалдык социалдык аянтча катары иштеп келатат.
ШААР жана ТУРГУНДАР
Шаардыктардын өз калаасына болгон мамилеси

Шаар – бул адам жашоосун өткөргөн чөйрө. Ошондуктан дал ушул чөйрөгө карата анын мамилеси, ички сезимдери, эмоциялары, шаар менен байланышкан ассоциациялары, кабылдоосу өтө маанилүү. Шаарлар менен таанышуунун маанилүү бөлүгү – ошол жерде жашаган адамдар менен баарлашуу. Алар аркылуу биз түрдүү шаарлардын жашоочулары өздөрүн кантип идентификациялай турганын түшүнүүгө аракет жасадык. Биз аткаминерлер, активисттер, жаштар, түрдүү көз караштагы жана кызыкчылыктары ар башка адамдар менен тааныштык. "Шаар тууралуу баарлашуулар" маалында – шаарды кыдырып жүргөн учурда ал жерде жашаган адамдардын пикирлерин уктук. Алардан өнүгүү маселесинде биринчи кезекте шаар үчүн эмнелер маанилүү, кандай демилгелерди алар колдоого даяр, кантип бул демилгелерге кошулушат деп сурадык.

Мындан тышкары ар бир шаарда социалдык сурамжылоо жүргүздүк. Беш шаар үчүн бирдей анкета болуп, жергиликтүү өнөктөштөрдө суроолор менен толукталып турду. Анкета шаардыктардын өзүн өзү идентификациялоосу, жергиликтүү жамааттарды уюштуруу өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолорго жооп алууда, жеринде жашоого болгон канааттануусун аныктоодо изилдөөчү топко жардам берди. Айталы, өзүн шаардын жашоочусу катары атагандардын үлүшү ар бир шаарда 4% болду. Исфанада мындайлар 8% түздү. Адатта адамдар өзүнүн кесибин айтат, КР жараны катары тааныштырат, же өзү тууралуу милдеттери жана укуктары бар үй-бүлө мүчөсү катары айтып берет.

Өзүн идентификациялаганы тууралуу суроолорго респонденттердин жооптору жалпы мүнөзгө ээ. Мындан тышкары шаардыктар өз калааларын негизинен географиялык жери, же белгилер/маркалар, жергиликтүү/улуттук инсандар, кесиби, ошондой эле табигый өзгөчөлүктөрү менен окшоштурушат. Мисалы, Балыкчы – шамалдын шаары, Нарын – бийик тоолуу шаар, Баткен – бул өрүк жана Айгүл гүлүнүн мекени, Токмок – өнөр жайлуу шаар, Исфана – Исхак Раззаковдун мекени.

Бардык беш шаарда тең социологиялык сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү жашоосуна ыраазы болгонун, башка жакка көчүү ниети жок экенин айтышкан. Анткен менен Нарын шаарынын (31,3%), Токмоктун (35,1%) жана Балыкчынын (40%) респонденттеринин үчтөн бири мүмкүнчүлүк болсо башка шаарда жашагысы келээрин айтышкан. Токмок, Балыкчы, Нарындын ар бир бешинчи тургуну, Баткен шаарынын ар бир алтынчы жашоочусу жана Исфана шаарынын ар бир сегизинчи тургуну бул шаарлардагы жашоого канааттанбай турганын белгилешкен.

Канааттанбаганынын себептеринин арасында көп кездешкен жооптор:
  • жумуш үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу;
  • коомдук мейкиндиктин жоктугу жана/жежагымдуу болбогону;
  • медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктүн төмөндүгү жана сапаты;
  • жолдордун жана тротуарлардын начар сапаты же жоктугу;
  • шаардын көрксүз жана жагымсыз сырткы келбети;
  • турак жайларда шарттардын жоктугу жана жеткиликтүү болбогону;
  • коомдук транспорттун ишинин начардыгы. Жакынкы беш жылда өз шаарында респонденттер төмөнкүдөй беш өзгөрүүнү каалашат (эң популярдуу жооптор):
  • Жолдордун/шаардык инфраструктуранын оңолушу.
  • Жашыл, жарык, таза шаар.
  • Көп кабаттуу үйлөр / имараттар же эски имараттардын / үйлөрдүн реконструкциясы.
  • Көбүрөөк маданий-көңүл ачуучу жайлар
  • Шаардын өнүгүүсү/өнөр жайдын өнүгүүсү/көбүрөөк жумушчу орундар.
ШААРЛАРДЫН ӨНҮГҮҮ ПОТЕНЦИАЛЫ
Аймактардын өнүгүүсүн башкаруу
Изилдөөнүн алкагында биз шаарлардын мейкиндигине жасалган анализге көбүрөөк көңүл бурдук. Биз шаарлар кантип жана кайсы багытта өнүгүп жатканын, алардын инфраструктуралык базасы кандай болгонун, аймактардын өнүгүүсүн башкаруу жана пландоо үчүн кандай механизмдер колдонуларын билүүгө аракет жасадык. Биз ЖӨБ адистери, архитектура бөлүмдөрү жана башка муниципалдык ишканалар менен тыгыз иш алып бардык. Алар менен кызматташуу бизге бир катар олуттуу көйгөйлөрдүн жүзүн ачып берди. Дээрлик бардык шаарларда шаар куруу жана пландоо боюнча адистер жокко эсе экен. Муниципалитеттерде мейкиндикти өнүктүрүүнүн так элеси жок, архитектура бөлүмдөрүнүн учур- дагы иши уруксат документтерин берүү жана чакан объекттерди долбоорлоо менен чектелип калган. Буга кошумча архитектура бөлүмдөрүндө курулуш куруунун жана жер пайдалануунун жаңыланган карталары жок. Адатта кызматкерлер эски карталарды жана башкы пландарды колдонушат. Шаар курууга байланышкан көпчүлүк чечимдер изилдөөлөрдү негиз катары алган эмес, жерлерди пайдаланууга мониторинг жүргүзүлбөйт.
Нарын шаарында инфраструктуранын абалы тууралуу маалыматты чогултуу жана сактоо иши жолго коюлган.
Aga Khan Development Network колдоосу менен мэриянын базасында ГИС-борбор түзүлгөн, ал жерде инженердик-техникалык тармактар, жер участоктору жана муниципалдык объекттер тууралуу маалыматтар чогултулуп, картага киргизилет. Бул болсо шаардын ресурстарын дагы да ачык-айкын жана эффективдүү башкаруу үчүн шаарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө.
Изилдөөгө катышкан шаарларда айрым коомдук маданий мекемелердин укуктук статусуна байланышкан жалпы көйгөй бар. Айталы, Исфана шаардык сейил багы мэриянын эмес, Маданият министрлигинин балансында турат жана шаардын мэриясы сейил бакты реконструкциялоо иштерин баштай албай жатат. Балыкчы менен Токмокто да ушундай эле маселе кинотеатрларга байланыштуу чыккан – мэрия калыбына келтирүүнү каалайт, бирок алардын менчик ээлери башкалар.
Маалыматтардын актуалдуу базасынын жоктугу, буга кошумча шаарды пландоо чөйрөсүндө жергиликтүү адистердин чабал даярдыгы шаарлардын мейкиндикти башкаруусунда негизги көйгөй болуп эсептелет.

Инфраструктура
Шаардык инфраструктураны айта турган болсок, бул жерде да бир катар көйгөйлөр бар. Булар: муниципалдык жолдордун начар аба- лы, таштанды жыйноо жана жок кылуу маселелери, суу менен жабдуу көйгөйлөрү. Совет маалында курулган инженердик-техникалык тармактар эскирди жана калыбына келтирүүнү, жаңылоону талап кылууда. Мындан тышкары шаардагы көптөгөн райондор борбордук канализация жана суу берүү системаларына кошулган эмес. Бул болсо шаардагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга да терс таасирин тийгизүүдө.
Шаарлардын финансы ресурстары бул көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүгө жол бербей келатат. Шаардык бюджеттен негизинен жолдордун ремонту жана суу менен жабдуу системасын оңдоо каржыланат.
Шаарларды изилдөө көрсөткөндөй, шаарлар коомдук мейкиндиктин абалына жана жашылдандырууга жетиштүү көңүл бурбай келет. Ирригация системалары талкаланган же такыр эле жок.
Калк менен эффективдүү иш алып баруу – бул шаар бийликтери үчүн негизги милдеттердин бири. Шаардын биринчи адамдары шаардыктарга жакын болуунун жолдорун таап, муниципалдык органдардын иши тууралуу калктын пикирин билип, шаардыктар калааны жакшыртуу иштерине катышууга канчалык даяр болгонун түшүнүү максатында изилдөөгө катышты. Нарында, Балыкчыда жана Токмокто муниципалитеттер калк менен байланышты жөнгө салып, жаштарды тартуу үчүн социалдык тармактардын жана мобилдик тиркемелердин мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга аракеттенүүдө. Бул аспаптар калкты ЖӨБ иши тууралуу маалымдоо, муниципалдык жана коммуналдык органдардын ишин баалоо, шаар көйгөйлөрү тууралуу коомдук пикирди изилдөө ж.б. үчүн колдонулат. Ошол эле маалда коомдук угууларды, чогулуштарды өткөрүү жана кварталдык комитеттердин жигердүү иши калк менен шаар мэриясынын ортосунда коммуникациянын эффективдүү каналдарынын бири бойдон кала берүүдө.
Шаарлар өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат...
Учурда ар бир шаар өзүнүн өнүгүү жолдорун издеп жаткан чак. Токмок өз өнөр жайын жана академиялык потенциалын калыбына келтирүүгө аракеттенип жатат. 2008-жылы БАЭУ ачылышы билим берүү чөйрөсүн өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири кылууга себепчи болду. Балыкчы өзүнүн географиялык абалын колдонуп, түндүк облустарын гана эмес, түштүк региондорду да бириктирген маанилүү логистикалык борбор болгусу келет. Шаар администрациясы түндүк-түштүк альтернативалык жолуна чоң үмүт артып жатат, бул жолдун курулушу 2018-жылы жыйынтыкталат.
Нарындын эл аралык уюмдар менен кызматташууда тажрыйбасы мол жана шаар инвестициялык климатты өнүктүрүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Инвестициялардын артыкчылыктарында жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, кызмат көрсөтүү жана туризм чөйрөлөрү бар.
2001-жылы шаар статусун алган Баткенде өнөр жай базасы жок жана бул жагдай шаардын азыркы абалына өтө чоң таасирин тийгизүүдө. Шаар сооданын, айыл чарбанын жана мигранттардын эсебинен күн көрүүдө. Ал жашоо үчүн ыңгайлуу, өз маданияты бар шаарга айлангысы келет. Исфананын, тескерисинче, шаар маданияты бай жана жашоочулар өздөрүн шаардык – исфаналык катары сезишет. Ошондуктан уникалдуу маданияттын, продукциялардын, атмосферанын негизинде регион масштабында да, өлкө масштабында да илгерилетүү үчүн потенциалы жакшы.
"МЕНИМЧЕ, БАТКЕН МАДАНИЯТТЫН ЖАНА ИЛИМДИН БОРБОРУ БОЛОТ. УБАКЫТ КЕЛИП, БИЗДИН ШААРДА ИЛИМИЙ БОРБОРЛОР АЧЫЛАТ. АЙЛАНА-ТЕГЕРЕГИБИЗДЕ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАР ТОЛТУРА, БУЛ ҮЧҮН БОЛГОНУ УБАКЫТ ГАНА КЕРЕК! БИЗ ЧЫДАМКАЙ БОЛУП, ҮМҮТҮБҮЗДҮ ҮЗБӨШҮБҮЗ КЕРЕК. БУЛАРДЫН БААРЫН БИЗ КӨРБӨСӨК ДА, БАЛДАРЫБЫЗ ЖАНА НЕБЕРЕЛЕРИБИЗ КӨРҮШӨТ. 50-100 ЖЫЛ МУРДА БИЗДИН АТА-БАБАЛАРЫБЫЗ ДА УШУНУ ТИЛЕШЧҮ. ӨТКӨН МААЛГА САЛЫШТЫРМАЛУУ БИЗ ЖАКШЫ ЖАШАП ЖАТПАЙБЫЗБЫ"
Хамидбек Эгембердиев, Баткен
МИГРАЦИЯЛЫК АГЫМДАР ЖАНА ШААРЛАРДЫН КАЛКЫ
Миграциялык агымдар шаарлардын какынын жалпы санынын өзгөрүүсүнө олуттуу таасирин тийгизип жатат. Статистика боюнча акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын чегинде 180 804 киши жер которгон. Алардын ичинен шаарларга 93 078 киши көчүп барса, жыл сайын жер которгондордун саны орточо 18 615 кишини түзөт. Анткен менен бул маалыматтар жашаган жери боюнча катталгандардын статистикасына таянат (каттоо институту) жана шаарларга жана шаарлардан көчкөндөрдүн так санын көрсөтө албайт. Ошондой эле шаарлардын күндүзгү калкына жүргүзүлгөн эсеп да жетишпейт.
Миграциялык агымдар өлкөнүн көбүрөөк өнүккөн аймактарына багытталган. Бул болсо аймактардын жана тармактардын өнүгүүсүндөгү диспропорциялары менен шартталган. 2016-жылдын маалыматы боюнча 47,2% Бишкек шаарында, 13% Ошто, 7,3% Жалал-Абадда жана 4,8% Токмокто жашоо тууралуу чечим кабыл алган. Ички миграциянын көз карашынан алганда Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы шаарлар азыраак жагымдуу. Облус борборлору өз аймактарынан калкты тартып жатат жана бул агым аздыр-көптүр жаңы мүмкүнчүлүктөр менен жаңы иш издеп өлкөнүн ордо калаасына көчкөндөрдүн ордун толуктоодо. Ал эми жогору талап койгон адамдар жеке өнүгүүсү, жогорку киреше табууга мүмкүнчүлүктөрдү берген, турмуш сапатынын деңгээли өйдө болгон чет өлкөлөргө кетүүдө.
Бишкек өлкө масштабында калкты тарткан борбор бойдон кала берүүдө. Өлкөнүн түштүгүндө Ош жана Жалал-Абад шаарлары бул тизмеде турат. Анткен менен Ош өз калкын жо готуп жатса, Жалал-Абаддын калкы 2012-2016-жылдары ички республикалык миграциянын эсебинен өскөн. КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, облустук маанидеги калган шаарлардын арасында Токмок, Кызыл-Кыя, Талас жана Майлуу-Суу шаарларында, ошондой эле райондук маанидеги Кара-Балта, Шопоков жана Кайыңды шаарларында бир аз миграциялык өсүш байкалган. Калган шаарлар калктын башка жакка кеткен агымынын ордун толуктай алган эмес. Ош шаарын кошпогондо, Ош облусунун калкы миграцияга баарынан азыраак катышууда.
Облустун ичинде да, облустар аралык да миграциянын убактылуу перспективасы акыркы беш жыл ичинде бирдей тенденцияны көрсөтүүдө. Шаар жашоочуларынын мобилдүүлүгүнүн динамикасы республика боюнча жалпысынан жылдык дезурбанизацияны (шаар калкынын санын азайышы) жана Бишкек шаарынын гиперурбанизациясын (калктын көбөйүүсү) жана анын агломерациясын көрсөтүүдө. Мындай тенденция башка облустардагы шаарлардын өнүгүү перспективасын тереңдетип, калктын саны көбөйгөн ордо калаада жана анын четинде чыңалууну күчөтүп жатат. Өлкөнүн шаардык калкынын 52,6% жашаган Бишкек шаарына жана Чүй облустарына 2016-жылы келгендер 58,5%, кеткендер 49,4% түзгөн. Мындай кырдаалдын түзүлгөнүнө аймактарды башкарууда жана өнүктүрүүдө саясаттын натыйжасыз болуп жатканы, анын ичинде региондордогу шаар аймактарынын өнүгүү максаттарына багытталбаганы негизги себеп болууда.
ӨЗ ШААРЫҢДЫ ТҮШҮНҮҮ – МААНИЛҮҮ,
БИРОК БУЛ БАШТАЛЫШЫ ГАНА
Сөз соңунда эки маанилүү принцип тууралуу айткыбыз келет. Ар бир изилдөөдө эң негизгиси – бул тапшырыкчы (даректелүүчү) же ким жана кантип анын жыйынтыктарын колдонот. Биздин учурда – бул мэриялар жана шаарлардын жигердүү тургундары. Мэрия өзүнчө жана активисттер өзүнчө эмес, алар биргеликте – бул изилдөөнүн даректелүүчүлөрү. Изилдөө аздык кылат, теңме-тең тартипте диалог түзүү, анын жыйынтыктарын биргелешип талкуулоо жана иш-ара- кеттерди биргелешип пландоо маанилүү. Экинчиси – биздин изилдөөдө жыйынтык гана эмес, процесс да маанилүү болчу. Бул процесс аяктай элек. Биз Шаарлар форумунда темаларды талкуулоо үчүн суроолорду узатып, аларга жооп издеп, маалыматтар менен бөлүшүп, ушундай жол менен замандаштардын пикирин өзгөртүү үчүн шаармандарга идеяларды жана күч беребиз деп ишенебиз.
Беш шаар боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу кеңири маалыматты, шаардыктар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоону, карталарды форумдун сайтынан таба аласыз: http://forum. urban.kg/ ("Изилдөөлөр" бөлүмү).
Материалдын өзөгү «МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналында
АПРЕЛЬ 2017 | No 4 (65) санында жарык көргөн

ДИНАРА КАНЫБЕК КЫЗЫ, САЛТАНАТ АНАРБАЕВА, АТАЙ САМЫЙБЕК, ЗАРИНА УРМАНБЕТОВА